8 жыл сойку болуп иштеген Айдай: “СУТЕНЁРУМ ЭКӨӨБҮЗ ЖИГИТТЕРДИ ЗОРДУКТАДЫ ДЕП “ПОДСТАВА” КЫЛЧУБУЗ”

23 жаштагы Айдай 14 жашынан бери сойку болуп иштеп, Гүлзар аттуу сутенёру бейкүнөө жигиттерге “зордуктады” деп доо коюп, акча өндүрүп жүргөнүн айтып чыкты. Зордуктады деген жигиттердин бири күнөөсүз эле 1 жылдан ашык абакта отуруп чыкканын айтты. Ал бир нече жигитти тузагына түшүрүп, сутенёру “кыздын таежеси болом” деп, айыпталган жигиттердин ата-энесинен акча өндүрүп иштегенин да жашырган эмес. Окуянын чоо-жайын төмөнкү макаладан окуңуз.

Айдай: “СУТЕНЁРУМ ТАЕЖЕСИМИН ДЕП БАЛДАРДЫН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗЧУ”

– Үйдө 5 бир тууганбыз. Атам каза болуп калган, апам оорукчан. Турмуш шартыбыз начар болчу. 2014-жылы Ысык-Көлдөн Кант шаарына окуганы келдим. Бирок окубай эле, бир кыз менен таанышып, Бишкекке иштейм деп келе бердим. Бишкектен Г.Ш. деген аял менен таанышып калдык. Бир жолу тааныш кызым мени кафеге алып барды, ал жактан жашы 30дардагы киши менен таанышып спирт ичимдигин ичкен элек, мас болуп калыпмын. Тиги киши мени бир жерге алып барып зордуктап салды. Эртеси ыйлап кыздыгымдан ажыраганымды айтып Г.Шга бардым. Ал 3-4 күндөн кийин “сага акча керек, ден соолугуңду калыбына келтир” деп бир эркек менен тааныштырды. Ал менен 5 мүнөттөй жолуктук. Бирок ал мага тийбесе деле “зордуктады” деп арыз жаздык. Ал 1 жылга соттолуп кетти. Андан кийин дагы 2 кишини тузакка түшүрдүк. Ал экөө соттолгон жок, бирок акча төлөп чыгышты. Ал акчага Г.Ш. мага бир сыйра кийим алып берди. Калган акчаны көргөн жокмун.

Сутенёрум менин таежем болуп балдардын үстүнөн арыз жазчу. Мени шаарга чакырган кыз экөөбүз кийинчерээк Москва-Правда көчөсүндө Г.Ш. эженин сунушу менен денебизди сатып 2-3 күн иштедик. Анан чакыруу менен иштеп баштадык. Тапкан акчабызды ошол эжеге берчүбүз. Бир күндө 4-5 миң сом берчүбүз. Болбосо үбөлүк менен сабачу. Мени калп жерден карыздар кылып койду. Качып кетпесин деп айылдагы апамды чакыртып, “күрөө” ордуна кармап алган. Азыр да апам ошонун колунда. Ал мени коркутуп оорукчан бир тууганымдын органдарын сатам деп жатат. Апам сойку болуп иштегенимди билбейт. Билимим жок, паспортум жок. 8 жылдан бери Г.Шнын айткандарын жасап келдим. Тажаганда үйдөн качып кеттим. Бир таанышым аркылуу адвокат таап, ал эженин үстүнөн арыз жаздым.

Айыпталып жаткан Г.Ш.: “АЙДАЙ БАНКТАН АЛДЫРГАН АКЧАСЫН ТӨЛӨГҮСҮ КЕЛБЕЙ МАГА ЖАЛАА ЖААП ЖАТАТ”

– Бул кыз мага 2014-жылы март айында “жашай турган жерим жок, атам жок” деп келген. Апасы бага албай, беш баласын беш жакка таратып жибериптир. Менин колума бала багуучу болуп келген. Суранбай эле эки жакка чыгып кетет экен, кээде айлап жок болуп кетет. Апасына чалсам “анын ошондой адаты бар” деди. Бир күнү кыздар менен клубга барып эс алышыптыр. Мен билген эмесмин. Мага РИИБден чалышып, зордуктоо окуясы болгонун айтышты. Кыздын апасына чалсам “бара албайм, шартым жок” деп койду. Анан кыздын ишенген өкүлү катары балдардын үстүнөн арыз жазгам. Ал бала 1 жылдан ашык абакта отурду. Андан башка зордуктоого шектелген балдарды билбейм. Колумда жүрүп эле бир күнү Айдай Таласка күйөөгө тийип кетти. Эки ай өтпөй “жолдошум сабап жатат” деп жаза баштады. Мен турмушка чыккандан кийин жашашың керек дедим. Ал “акылыма келдим, эми мындай нерселерди кайталабайм” деп мага кайра келди. Ошентип жүрүп 2018-жылы “апама насыя алып бериңизчи” деп суранды. Ага чейин менден азыраак акча карызга алып, бере албай жүргөн. Банктагы тааныштарым аркылуу насыя алып бердим. Аны төлөөгө келгенде Айдай качып кетти. Менден кутулуп, карызды төлөбөй калам деген ой менен ушу нерселерди жасап жатат. Күрөө катары кармап отурат деген апасы 2 жылдан бери кызы менен чогуу жашайт. Мен анын сойку болуп иштээрин билген эмесмин. Ал мага эч кандай акча алып келип берчү эмес. Мен да бул кыздын үстүнөн арыз менен кайрылдым. Мени жаманатты кылып жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө бардык нерсе ачыкка чыгат деп ишенем.

Нургүл Асаналиева, зордуктады деп айыпталган баланын апасы: “БАЛАМДЫН СОТТОЛДУ ДЕГЕН АЙЫБЫ АЛЫНСЫН”

– Балам Г.Ш. менен Айдайдын айынан жалган жалаа менен 1 жыл 4 ай абакта отуруп чыкты. 7 жыл мурун болгон иштин баары азыр ачыкка чыгып жатат. Ошол убакта деле жакшылап чуркасак чыкмак, бирок менде каражат жок болчу. Өзүм да Орусияда элем. Бирок кийин үйүбүздү сатып, балабызды чыгардык. Бул иште кыз да, анын таежеси болом деген Г.Шда күнөөлүү. Ал айым мага “менин шартымды аткара аласыңбы?” деди, “балам үчүн жасайм” дедим. Баламдын тагдыры ошол аялдын колунда болуп жатса кантип макул болбойм? Баламдын үстүнөн арызды ошол кыздын мыйзамдуу өкүлү болом деп Г.Ш. жазган. Эки адвокатка алдандым, үчүнчүсү баламды чыгарып берди, сотко 500 доллар бердим. Менин талабым – иш кайра каралсын, адилеттүүлүктү талап кылам. Баламдын ак экенин эл билсин, “соттолгон” деген айыбы алынсын.

Шердор Абдыкапаров, Айдайдын жактоочусу: “Г.ШНЫН АЛДАМЧЫЛЫК БОЮНЧА ДА КЫЛМЫШ ИШТЕРИ БАР ЭКЕН”

– Мени бул кыз тааныштары аркылуу тапты. Ал 6-классында Бишкекке келе берген экен. Анан Г.Ш. жаш кызды жаман жолдорго салып, жигиттер менен тааныштырып, аларды “подстава” кылуу менен алектендирген. Зордуктады делген балдардын үстүнөн таежеси болом деп Г.Ш. арыз жазып жүргөн. Анткени кыз ал кезде 14-15 жашта болгон. Жашы жете элегине байланыштуу Г.Ш. анын мыйзамдуу өкүлүмүн деп кызды өз максатына пайдаланып келген. Зордуктоого айыпталган балдардын ата-энесин шантаж кылып, акчаларды ушул айым алыптыр. Г.Шнын алдамчылык иштери боюнча да кылмыш иштери бар экен. Андыктан бул айымдан жабыркагандар биргеликте мыйзамдуу жазасын алышына аракет кылабыз.

Есения Рамазанова, Г.Шнын жактоочусу: “АЙДАЙ МЕНЕН АПАСЫНЫН КАРДАРЫМА МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК КАРЫЗЫ БАР”

– Мага Г.Ш. аттуу айым ар-намысымды жалаа жапкандардан коргоп бериңиз деп кайрылды. 2014-жылы өзү кош бойлуу болуп, аны менен катар соода тармагында иштегендиктен бала багуучу издеп жүрүптүр. Ысык-Көлдөн келген Айдайды тың экен деп кошунасы сунуштаптыр. Г.Ш. 2015-жылы апрель айынан тарта Айдайды бала багуучу катары колуна алат. Ал 2021-жылдын 5-декабрына чейин иштеген. 2018-жылы Айдайдын апасы Г.Шга байланышып, “карыздарым бар эле, 200 миң насыя алып берип тур” деп сурангандыктан кардарым алып берген. Бирок ал насыяны төлөй албай коюшат. 2019-жылы “дагы насыя алып берип тур, биринчисин жаап, калганына дүкөн иштетебиз” дешет. Г.Ш. “мейли, биринчи карызы жабылып калсын” деген ой менен банктан 400 миң сом насыя алып берет. Айдай менен апасы биринчи насыяны да жабышкан эмес. Учурда алардын карыздары үстөгү менен миллион сомго жетип калган. Акчаны бер дегенде Г.Шга каршы ушундай жалаалар жабылып жатат.

Лунара Бекиева

 Кыстарылган видео 
Сойкулуктун кылтагына илинген кыздын чыры
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Haanykeim
2021-12-27 09:34:29
Кимге ишенээриңди билбейсин!
+4
Datka7777
2021-12-27 21:08:48
Haanykeim,ишенип не кыласын эки арам акча учун бироолордун тагдырын талкалап салды
0
bela77
2021-12-27 16:01:03
Кыз деле, сутенеру деле два сапога пара окшойт деп койдум.Кимисиники чын эми?
+5
Jolin
2021-12-28 01:26:21
Кайсы жинди биринчи карызды толобосо, экинчисин алып берет, жомокту айтпасан,Г.Шнын жактоочусу менен озу жомок окшошпой калыптыр! Жаш кыздын тагдырын талкаладын, сен да энесин унутпа!
Бул кайтар дуйно, так что ойлон, эртен озундун балдарын кор болбосун!!!
+3
Sezimim...
2021-12-28 12:42:28
Кыздын озу да чокусун жеген кыз го. 13-14 жашында шаарга качып балээ барбы? Кызга дале ошол жашоо жагып жашап жургон, эми бул аялдан кутулуш учун тытышып атышат да. Катын да куноолуу, кыз да куноолуу... Бешиктен бели чыкпай, кафеде эркектер менен арак ичкен кыз да таза эмес. Экоонун "максаттары" бир болуп чогуу иштеп келишкен да буга чейин.
+2
adilbars
2021-12-29 04:18:42
500 доллар алган сот айтылабы эми?
0
Infokur01
2021-12-31 21:14:31
Ошол эже кичинекей кызды алдабай посудамойка кылып деле иш таап берип жардам берсе балким бул кыздын тагдыры башкача болот беле бул канчалаган ушундай акылы ойдо томон ак караны билбеген жаш кыздарды бузду экен балдарка жалко намаз окууп туз журсонор мындай шайтандардан Аллахым озу сактайт
0
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан