(Башы өткөн санда)
Тургун бир топко ойлонуп турду. Муну бошотуп жибергени оңбу же жокпу? Азыр алып барып каматып койсо деле болот. Артынан шайкасын чогуу камап салса деле эч ким эч нерсе дебейт. Бирок...
– Ата-энең барбы?- деп сурады байланып турган Белектен анын оозундагы скотчту сыйрып.
– Бар...
– Жаштары канчада? Каякта турушат?
– Айылда, 60тан ашып калышты.
– Соттолуп кетсең энең менен атаң эле азап тартат турбайбы...
–...
– Силер тентектик кылардан мурун түрмөгө кирип кетсем карыган ата-энем эмне болот деп ойлой жүрсөңөр,- деди да, Тургун Белектин колу-бутун бошотту.
ххх
Үтүрөйүп кирип келген Белек эч кимге үндөбөстөн өз бөлмөсүнө кирмекчи болду.
– Эй... Эмне болду?- телевизор тиктеп, ошол эле учурда оор гантелди көтөрүп ойноп жаткан Козубек кабак бүркөй сурады.
– Эч нерсе...
– Чыгабыз дештиби? Батирди бошот деп айттыңбы?
– Жок... Ал батир тиги эки баласы бар келиндики экен. Ошонун акчасын уурдап келип анан сатып алыптыр Каныбек.
– Анан сен бооруң ооруп эч нерсе айта албай баса бердиңби?
– А сен эмне кылат элең? Миң жолу бандит болсоң деле жаш балдары бар келиндин оокатын тартып алган “западло” го...
– Ошондо эмне деген турасың?
– Каныбектин өзүн табабыз. Кылганына ошол өзү жооп берсин!
– Эгер батир да Каныбектики болбосо... Анда аны тапкандан эмне пайда? Ал кантип төлөйт, бечара турбайбы?
– Маракенттин малын карап берип болсо да кутулаттыр. "Сарайга мал каратканга киши таппай жүрөм, 15 миң айлык берем" деп жаткан. 5 жыл иштеп берсе кутулат экен.
Козубек унчуккан жок. Чынында Белектин айтканында деле жан бар сыяктуу.
ххх
– Кемпир... Бас кетели!- Тургун чайын ичип бүтүп, өзүнчө ойго батып турган Айшага карады.
– Каякка?
– Эмне үйүң жокпу? Үйгө барабыз да...
– А бул үйчү?
– Эмне бул үй?
– Биз азыр кетип калсак... Болду анда бул үй тиги катынга калат,- Айша Дария тарапка ээк какты.
– Ошонун маңдай терине алынган үй болсо, калат да.
– А балким, ал алдап жаткан болсочу? Балким, күйөөсү келип бул жактан аял алып алганына өчөшүп эле айтып жаткан болсочу?
– Ошондо сен муну бала-чакасы менен эшикке чыгарып койгонго деле макулсуңбу?
– Сен башкадан мурун өз кызыңды ойло! Ал дагы жесир калды...
– Кайдагы жесир? Күйөө балаңды тирилтип алып жашырып жүрүпсүң го?! И вообще, аны күйөө бала дегенге да болбойт экен. Бул жакта бала-чакасы бар экенин жашырып, кызыбыздын башын айлантып алыптыр!
– Жок, бирок...
– Ай кемпир, токтотчу!- Тургун жактырбагансып ордунан турду да, кийимдерин кие баштады.
– Биз баарыбыз чогулуп аны жек көрүп жатабыз... Бирок аны түшүнүүгө бирибиз да аракет кылган жокпуз,- Нурия эмнегедир Каныбекке болушчудай сүйлөдү.
– Кимди, Каныбекти түшүнүүгөбү? Каныбекти түшүндүм мен. Ал көк мээ экен!- Тургундун үнү бул жолу бийигирээк чыкты.
– Жок... Биз ал басып өткөн жолду баскан жокпуз да. Балдар үйүндө чоңойсо, жакшы-жаман тууралуу ата-энеден тарбия албаса, өмүр бою сезимдерге өксүк болуп жашаса, анан жашоодон ал эмоция издебегенде, ким издейт? Ал көксөөсү толбой калган эле бала. Анын жашоосу сезимдерге жарды болгон. Аны эч ким эркелеткен эмес, эч ким жакшы көргөн эмес, эч ким сагынган эмес, аны эч ким шыктантып ага ишенген эмес. Ошол көкүрөктөгү өксүктөрүн толтуруу үчүн эле жаңы эмоция издеп кетет экен. Түшүнүктүү эле болуп турбайбы... А биз сындаганга эле машпыз. Урушканга машпыз.
– Жок, сен ток этерин айтчы! Батир сеники да, туурабы?- Айша кызы батир тууралуу бир ооз ачпаганына чыйпылыктап жиберди.
– Батирди алсак эле бактылуу болуп калган турасызбы?
– Кинодогудай сүйлөбөчү!
– Жок... Эгер Дария эже чын айткан болсо, батир аныкы...
– Анын сөзү чын экенине кантип ишенебиз?
– Мен Каныбекти табам. Өзүнөн сурайм.
– Сен бул кебетең менен кайра эле ага тийип алчудай экенсиң. Билип кой! Баласы бар экен деп ар кайсы аялды, жетим тура деп ар кайсы эркекти аяп жүрө берсең сага ар ким бутун аарчып кетет. Өзүңө тың бол! Жашоо деген сага кино эмес. Хеппи-энд жок бул жакта!- кызына бир кыйкырып алды да, күрмөсүн чала-була кийип Айша абышкасын түрткүлөп чыгып кетти.
ххх
– Сен чын эле издеген жатасыңбы?- Дария сурады.
– Ооба...
– Себеп?
– Аны ансыз деле издеп жатпадык беле!
– Жок, сен андан башка нерселерди сурачудай болуп жатасың го.
– Кам санабагыла. Мен андан батир чындап Дарияныкыбы деп сурайм. Эгер ооба деген жооп уксам дароо силерге каттап берем. Бирок мен баарынан мурун аны түшүнгүм келип жатат. Ал ушунча нерсени жөндөн-жөн жасаган жок да. Ага, балким, сиз дагы, мен дагы жылуулук бере алган жокпуз. Балким, ошон үчүн качты бизден...
– Ал экөөбүздү тең алдап жүргөнүн унутпа!
– Биз ага ишенип алганыбызга ал күнөөлүү эмес да...
– Нурия ушул жерден токто. Сен “типичная” кыргыз аялдай эле ой жүгүртүп баштадың. Эмне кылса деле күйөөсүн актай берген кадимки кыргыз аял болуп кеттиң. Ал балдарына деген акчаны уурдагандан кийин андан түңүлүш гана керек!
– Мен аны түшүнгүм келет...
– Сен бул кейпиң менен аны сүйүп каласың...
– Мен аны ансыз да сүйгөм.
– Кайра тийип алба, ээ?
– Тийип алсам эмне жер огунан чыгып кетеби? Акыр заман келеби? Эмнеге кечирүүгө болбосун?! Кудай адамдардын толтура жиндилигине көз жумуп, дүйнөнү аңтарып жибербей кечирип жүрөт го. А эмнеге мен кечирбешим керек?
– Биягы даана өлдү!- Дария маңдайындагы Нурияны тиктеп таң калган калыбында сүйлөнүп койду.
ххх
Айткандай эле Дария апасынан Каныбек менен кайсы жактардан жолукканын сурап алып, чындап эле аны издей баштады. Асанбайдагы ар бир үйгө кирип чыкмакчы болду.
Тургун кызы эмне кылып жатканын билди. Токтотуп койгусу келди. Бирок чындап эле жооп албаса кызынын да көңүлү өксүктө каларын түшүндү. Тапсын. Жоопту өзү алсын... Калганы чечилеттир...
(Уландысы кийинки санда)