КИРДИ КАНТИП ТУУРА ЖУУЙБУЗ?

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн кир жуучу машинага кирлерди топтоп толтуруп туруп салган жакшы. Бирок булганып калган кийимдерди кир жууган машиненин ичине салып коюу туура эмес. Анткени аба кирбегенден кийим көк же башка жагымсыз жыттанып калышы мүмкүн. Жакшысы, кургак кир кийимдерди атайын аба кирип турган идишке салып чогултуңуз.

Иреттөө

1. Алгач кийимдерди кездеменин түрүнө жараша: жүндөн, жибектен, пахтадан, жынсыдан, синтетикалык кездемелерден турганына карап өз-өзүнчө кылып бөлүп алыңыз.

2. Андан кийин бөлүнгөн кийимдерди түсүнө карап бөлүңүз. Ачык түстөгү жана күңүрт түстөгү кийимдерди өз-өзүнчө жууш керек.

3. Гардеробдо дайым өзүнчө жууш керек болгон нерселер бар. Алар – ич кийимдер, колготки жана байпактар, ванна сүлгүлөрү, ашкана сүлгүлөрү, плед, одеяло жана жаздыктар, балдардын кийимдери. Аларды өзүнчө жууш үчүн алып коюңуз.

Даярдоо

Кир жуугуч машиненин барабанына кир салууда аларды туура пайдалануу – кийимдердин көрүнүшүн узакка сактаарынын жана кир жуугуч машинанын узак убакытка кызмат кыла тургандыгынын кепилдиги.

• Чөнтөктөрүн аңтарып тазалайбыз. Тыйындар жана майда калдык-таштандыларды алуу керек.

• Керектүүсүн сыдырып, ашыкчасын алып салабыз. Кийимде тагылган медаль, төш белгилерди, төөнөгүчтөрдү, курларды алып салабыз. Боолорду байлайбыз, топчуларды чечебиз, калганын бекитебиз (кнопка, липучка, сыдырмалар).

• Тескери оодарабыз. Татаал саймасы же темир-тезеги бар кийимдерди тескери оодарып койгон жакшы. Шым, юбка, сырт кийим, жынсы, күрмө жана жемперлерди жуурдун алдында ар дайым тескери оодарып коюш керек, бул кийимдин көрүнүшүн, түсүн узакка сактоого өбөлгө түзөт.

• Оор тактарды кетирип алабыз. Так бар болсо, булганган жерин так кетиргич менен алдын ала сүртүп тазалаңыз.

Кир салуу

Кир жуугуч машиненин колдонуу нускамаларына көңүл буруңуз. Көрсөтүлгөн салмактан ашык салбаңыз. Ошондой эле айнанын сапаттуусун жана өлчөмүн туура колдонуңуз. Кир жууган машиненин функцияларын туура колдонуу үчүн китепчесин жакшылап окуп чыгыңыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан