“АУТИСТ БАЛАНЫ ӨЗ АЛДЫНЧА БОЛУУГА ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ”

Аутизм - мээнин өсүшү бузулганда келип чыкчу оору. Тагыраагы, мээнин айрым бөлүктөрүндө өзгөрүү болуп кетет. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, баланын көрүүсү, угуусу, жыт жана даам билүүсү аркылуу алган маалыматы мээсине бузулган абалда жетет же туура эмес иштелип чыгат. Ошондуктан бала чоңдордун сөзүн түз эмес, баш аламан, түшүнүксүз түрдө кабылдайт. Адистер бул дарт менен эрте күрөшүү керек деп кеңеш беришет.

ООРУ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЖАРАЛАТ?

Тубаса түрү:

  • Гендик мутация. Бала курсакта кезинде эненин кызамык дарты менен оорушу, өз алдынча туура келбеген дарыларды ичиши, курсагынан жаракат алышы себеп болот.

Кийин жаралган түрү:

  • Баланын стресске көп кабылышы. Мисалы, үйдөгү чыр-чатактар, башынан жаракат алышы
  • Мээрим, камкордуктун жетишсиздиги
  • Зомбулукка кабылышы, токмок жеши
  • Мээге, физиологиясына көп күч келиши. Мисалы, баланы жаш курагынан эрте тил үйрөнүүгө мажбурлоо

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

Оорунун белгилери 3 жашка чейин билинет. Эгер балада төмөнкү белгилер байкалса невропатологго, балдар психиатрына кечиктирбей кайрылуу керек:

  • 1,5 жашында да сүйлөбөсө же бир эле сөздү кайталай берсе
  • Башка балдар менен же оюнчук ойнобосо
  • Апасын этибарга албаса, атынан чакырганда үн берип жооп кайтарбаса
  • Өзү менен өзү болуп, айланага кош көңүл караса
  • Кол шилтөө, жаңсоону колдонбосо
  • Бутунун учу менен басса, катуу чыккан үндөрдөн корксо
  • Туталануу, агрессия, көзгө тике карабоо адаты пайда болсо
  • Колдору менен бир эле кыймылды кайталап же бир жерди эле айланып чуркай берсе
  • Сүйлөшү, жүрүм-туруму калыптагыдай болуп келе жатып эле акыл-эсинин өсүшү начарлап, сөз байлыгы азайып, билген сөздөрүн кошуп айта албай калса.

Мындай учурларда ата-энесинин эркелетүүсү жат көрүнүшкө айланат. Аларды жакындатпай чырдайт, ыйлайт. Кийингенди, жуунганды каалабайт. Коркууну унутат, мисалы, ысык сууга колун салат, бийиктен секирет. Эл көп жерлерден качат, унаага түшкөндөн коркот, көчөгө, сейил бакка, ооруканага алып баруу кыйындайт.

“КАНЧАЛЫК ЭРТЕ АРАКЕТ КЫЛСА ЖЫЙЫНТЫК ЖАКШЫ БОЛОТ”

Бишкекте аутист балдар үчүн атайын коомдук фонддор иштейт. Алардын биринин жетекчиси Анара Даниярова аутист балдары бар ата-энелерди кайдыгер болбоого, баланы өз алдынча болууга үйрөтүүгө чакырат.

– Биздин борбордо учурда 150 бала терапия түрлөрүнөн өтүп жатат. Аутизм – өкүм эмес. Баланы кандай болсо ошондой кабыл алып, ага сүйүү, мээрим берүү зарыл. Баласынын диагнозун уккан айрым ата-энелер шок болуп, эмне кыларын билбей калышат. Айрым эркектер ушундан улам үй-бүлөсүн таштап да кетишет. Бул – жоопкерчиликтен качуу. Ата-эне чындыкка тике карап, баланы кадимки жашоого жөндөмдүү кылып калыптандырып, өзүн-өзү тейлеп кетүүсүнө жетишүү үчүн аракет кылышы кажет. Канчалык эрте аракет кылса, аутизмдин тигил же бул синдромунан арылтуу жеңилирээк жүрөт. Бул үчүн күн сайын талыкпай иштөө керек. Мисалы, оорукчан бала итти тааныгыча анын сүрөтүн көрсөтүп «бул ит» деп жүз же миң ирет кайталоого туура келет. Андыктан ата-энеге чыдамкайлык, ишеним, анан логопед-дефектолог, психиатр менен тыгыз иштешүү, аутист балдар үчүн ачылган борборлорго алып барып терапиядан өткөрүп туруу керек.

Атайын борборлордо логопед-дефектолог, психиатрлар иштешет, андан тышкары арт-терапия, оюн терапиясы жана башкалар бар.

Ата-энелер өз алдынча интернет булактарынан аутист балдарды карап багуу, тарбиялоо, акыл-эсин өстүрүү жаатында маалымат алып же атайын китептерди сатып алып колдонушса да болот.

Аутизмдин жеңил, орто жана оор түрү бар. Мисалы, биринин колу жакшы иштебейт, бири тамак иче албайт, дааратканага өз алдынча бара албайт. Аутизмдин жеңил түрү менен ооруп, акыл-эси азыраак жабыркагандарды реабилитациядан өткөрүп, атайын класста окутуп туруп, анан мектептеги кадимки класска кошууга болот.

Акыл-эси көп жабыркагандарды дарылоо кыйын. Алар окубай калышат. Психиатр баланын нервин тынчтандырып, эс алдыруучу жана мээнин иштөөсүн калыпка келтирүүчү дарыларды жазып берет. Бирок дарынын өзү жетишсиз, андыктан жогоруда аталган терапиялар керек.

Биздин борбордо атайын адистер иштешет, ар бир бала үчүн программа түзүлүп, ошол боюнча иш алып барышат. ABA-терапия, арт-терапия, оюн терапиясы, сенсомотордук коррекция, сенсордук интеграция, тамак-аш терапиясы, бий, массаж, логомассаж, Fohow аппараты менен биоэнергетикалык массаж дегендер бар. Мисалы логопед-дефектолог – физикалык кыймыл, көңүл коюу, эске тутуу, ойлонууну үйрөтөт. АВА-терапиясы баланын сүйлөөсүн, эс-тутум жана көңүл буруусун жакшыртуу, өзүнө кам көрө билүүсүн, балдарга аралаша билүүсүн камсыздоого багытталат. Сенсомотордук интеграция көнүгүү, кыймылдуу оюндардын арты менен мээнин көрүү, угуу боюнча алынган маалыматтарды иштеп чыгуусун жакшыртууну көздөйт. Бизге баласын алып келгендер биз колдонуп жаткан ыкмаларды, көнүгүү жана башкаларды үйрөнүп, аны үйдөн балдарына жасатышат.

Баласын реабилитациядан өткөрүүгө акчасы жоктор да бар. Айрыкча баласынын жөлөк пулу менен гана жашаган жалгыз бой энелерге кыйын. Алар интернеттен дарылоо-коррекция багытында маалымат алып, ошол боюнча иштешсе болот. Башкысы аракет кыла берүү зарыл.

Көп ата-энелер аутист баласын үйгө камап коюшат, бул туура эмес. Ансыз да коомго аралаша албаган бала ого бетер коомдон четтеп калат. Кээ бир ата-энелер баласын атайын мектепке беришет, же Казакстан, Орусиядагы реабилитациялык борборлорго 1-2 ай алып барышат да, ошо менен өз милдеттеринен кутулгандай сезишет. Бул таптакыр туура эмес. Баласынын буту-колу жакшы иштеши үчүн булчуңдарына массаж жасап, тең салмактуулукту сактоону билиши үчүн жөнөкөй бий кыймылдарын үйрөтүп, чуркатып, сүйлөшүп, айтор, аракетти токтотпоо зарыл.

Ата-энесинен мээрим көргөн аутист бала оңолуу жолуна башкалардан 50 пайыз батыраак түшөт. Андыктан аутист балдарды бөлбөй, жерибей, кандай болсо ошондой кабыл алуу зарыл.

“ТЕРАПИЯДАН КИЙИН КӨЧӨГӨ ЧУРКАП КЕТМЕЙИ ТОКТОДУ”

Жылдыз Кубанычбекова, аутист баланын энеси:

– Балам азыр 11 жашта. 1,5 жашында сүйлөп баштап, кийин сүйлөбөй калган. 6-7 жашына чейин невропатолог, балдар психиатрларына дарылатып жүрдүк. Бирок сезилерлик жылыш болгон жок. Акыркы убакта жүрүм-туруму абдан өзгөрүлүп, дарбаза ачылса эле көчөгө чуркап чыгып кетчү адат таап алган эле. Аутист балдарда коркуу деген болбойт экен, 2 ирет автоунаа сүзүп кете жаздады.

Кичинесинде тамакты өзү жегенди билчү, кийинип-чечингенди 7-8 жашында үйрөндү. Өз алдынча сүйлөй албайт. Учурда терапиядан өткөрүп жатабыз. Чуркап кеткен адаты калды, агрессиясы азайды, логопед-дефектолог сөздөрдү муундап айттырса айтып жатат. Аз-аздан жылыш болууда.

Ата-энелерге айтарым, натыйжа болушу үчүн тынбай аракеттенгиле. Кийин ата-энесинин көзү өткөндө бала башкаларга кор болбой, жок дегенде өз жанын бага алгыдай болушу керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан