Түрк сулуусу ЭЛЬЧИН САНГУ

“Кичинемде көчөдөгү балдардын кызгылт сары чачымды сөөмөй кезеп көрсөтүп таң калганына кыжырдана берер элем. Азыр деле бирөө тик караса уялып кетем, ашыкча көңүл бурууну жактырбайм”,- дейт өзгөчө келбеттин ээси Эльчин Сангу. Табиятынан кызгылт сары чачка, апакай өңгө ээ актрисанын түрк кино дүйнөсүндө сыйлуу орду бар. Оттун өңүндөгү чачтын ээсинин атасы черкес улутунан экенин билчү белеңиз?

Туулган жери: Түркия, Измир шаары

Туулган күнү: 1985-жыл, 13-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 169 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Баасы жок убакыт”, “Курт Сеит жана Александра”, “Ижарага алынган сүйүү”, “Бакыттын убагы”, “Кагылышуу”, “Кайгыда да, кубанычта да...” жана башка.

Англис, итальян тилдеринде эркин сүйлөйт.

Келечекте ханыша Диананын образын жараткысы келет.

2016-жылы Түркиянын эң сулуу айымдарынын ТОП-10дугуна кирген.

Кийимдер коллекциясын чыгарган бренддин кожойкеси.

Жакшы...

- сүрөт тартат

- ырдайт

- бийлейт

- тамак жасайт

- жазат, келечекте тасмага сценарий жазуу ою бар.

“АПАМ БҮТ ӨМҮРҮН МАГА АРНАДЫ”

– Черкес элдик ырларын ырдаганды жакшы көрөм. Черкес улутундагы атам экөөбүздү бириктирген ушул ырлар эле болсо керек, баса, келбетим да атам тараптыкы. Апам экөө мен кичинемде эле ажырашып, атам менден толугу менен баш тарткан экен. Жалаң аялдар жашаган үйдө чоңойдум, апамдын 4 кыз бир тууганы бар. Дал ушул адамдар менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду ойготушту десем болот. Таенем театр, андагы сыйкырдуу дүйнө тууралуу көп кызыктарды айтып берчү. Апам өзү жакшы ырдайт, менин опера ырчысы болуумду каалады. Таежемдер болсо түрдүү бий кыймылдарын үйрөтүп, үйдө дайыма каткырык-күлкү, музыка жаңырып турар эле. Менин кичине кезимде кыйшайып-мыйшайып күлкүлүү түшкөн сүрөттөрүмдү карап “кийин сен атактуу болгондо ушул сүрөттөрдү журналисттерге беребиз” деп тамашалап күлүп калышчу.

Апам бүт өмүрүн мага арнап жашады, болбосо мени 18 жашында төрөгөн экен. Жапжаш курак да, башка болсо кызына кол шилтеп күйөөгө тийип кетет беле... Апам болсо мага карап экинчи ирет турмушка чыккан жок, экөөбүз азыр курбулардай эле көрүнөбүз. Апамдын кыялын орундатам деп Мерсиндеги консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырдым. Бирок бул кесиптен өзүмдү таппаганымды сезер элем. Жакшы окуп, стипендиядан куру калчу эмесмин. Бир күнү Стамбулдагы Едитепе университетинен чакыруу алдым. Көп ойлонбостон чемоданымды жыйнап алып көчүп кеттим...- деп эскерет Эльчин актрисалыкка чейинки жашоосу тууралуу.


ЭҢ ПОПУЛЯРДУУ РОЛУНАН 2 ИРЕТ БАШ ТАРТКАН

Эльчиндин алгачкы киного таштаган кадамы ийгиликсиз аяктаган. Бир сериалдын кастингине барган кыз администратор менен айтыша кетет, анан албетте, жок деген жооп алган. Бирок дал ушул кастингде продюсердин көзүнө илинген Сангу атактуу “Баасы жок убакыт” сериалына чакыруу алат. Эсиңиздеби, моряк Али Акарсу (актёр Эркан Петеккая ойногон) жана анын үй-бүлөсү жөнүндөгү сериал? 2010-2013-жылдар аралыгында көрсөтүлгөн тасма Кыргыз өлкөсүндө да популярдуу болгон. Эльчин Сангу экинчи пландагы роль алса да, күйөрмандардын колдоосуна ээ болду. Ачык кызгылт-сары чачтуу, итальян тилинде түш жоруган, музыкалык билими бар актриса сериалдагы терс каарман Жаленин ролуна куп эле жарашып калган.

Эльчиндин эң ийгиликтүү эмгеги катары 2015-2016-жылдары көрсөтүлгөн “Ижарага алынган сүйүү” сериалын айтсак болот. Дефненин ролу үчүн алгачкы “Эң мыкты актриса” сыйлыгынан сырткары сериалдагы өнөктөшү актёр Барыш Ардуч экөө “Сериалдагы мыкты түгөйлөр” номинациясында абройлуу “Алтын көпөлөк” сыйлыгына ээ болушкан. Ондогон өлкөлөргө сатылып, баш каармандарга дүйнөлүк атактуулук алып келген сериалга Эльчин Сангу тартылбай калмак. “Алгач “Ижарага алынган сүйүүнүн” сценарийин окуганда буга чейин драмалык ролдорду аткарып жүргөн үчүнбү, айтор, романтиканы жеткиликтүү ача албайм го деп баш тарттым. Экинчи жолу чакырып келишти, дагы баш тарттым. Анан сериалдын режиссёру кабинетине чакырып алып, баарын майдалап түшүндүрүп, колумдан келерин айтып макул кылдырып койгон. Жыйынтыгында элге жаккан эмгек болду”,- деп күлөт Эльчин.

“ТҮРКИЯНЫН ЭҢ ЖАРАШЫКТУУ ТҮГӨЙЛӨРҮ”

“Ижарага алынган сүйүүдөгү” Дефне менен Омердин сүйүүсүн ушунчалык чындыкка жакын ойногон Эльчин менен Барышты жашоодо да түгөй кылгысы келгендер көп болгон. Болбосо экөөнүн тең сүйүктүү адамдары бар эле. Негизи түрк киносунда бир сериалга тартылган түгөйлөрдү кайра башка тасмага чогуу тартуу чанда кездешет жана ал тасма ийгиликсиз болот деп эсептелинет. Бул жазылбаган эрежени бузуп түрктөр Барыш Ардуч менен Эльчин Сангуну кайрадан түгөйлөрдүн образында “Бакыттын убагы” көркөм тасмасына тартышты. Интернетте азыркыга чейин “Түркиянын эң жарашыктуу түгөйлөрү” деген көрөрмандардын тандоосуна ээ болгон актёр-актрисанын экинчи эмгеги да прокатта жогорку көрсөткүчкө жетип, кино жаратуучуларды кубанткан. Бирок экөөнүн сүйүүсү тасмада гана калды... Барыш Ардуч көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн актриса, сценарист Гүпсе Озайга 2021-жылы баш кошкон. Ал эми Эльчин Сангу чыгармачылыктан алыс Юнус Өздикен аттуу адам менен 10 жылдан бери кол кармашып келет.

“АР БИР КАДАМЫҢ КЕЛЕЧЕККЕ ТАЖРЫЙБА”

“Мага мистика, фантастика жагат” деген актрисанын карьерасында кан ичкич вампирдин да ролу бар. “Жансыздар” сериалында 164 жаштагы вампир Миянын ролундагы Эльчин менен бирге актёр Керем Бүрсинди да мыкаачы кан ичкичтин образында көрө аласыз. Сангу ондон ашык тасмага тартылды, тартылып да келет. Бир тасма ийгилик жаратса, көрөрман топтой албай орто жолдон жабылып калганы да бар. Өзүнүн аты аралашкан эмгек популярдуу болбой калганына актриса көп кейибейт. Шайыр, энергияга бай ал “ар бир кадамың келечекке тажрыйба” дейт. Бош убактысында сейилдегенди, китеп окуганды, музыка укканды жактырат. Канчалык жумуштан кеч келбесин, 1 саат убактысын спортко арнайт, кымча бел сулуу келбетинин бирден-бир сыры – спорт. Андан сырткары туура тамактанат, “жумушта ар кайсыны жеп ашказаным ооруйт” деп дайыма жанына өзү жасаган тамагын алып жүрөт. Эльчин Сангу деген мына ушундай тың адам.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
1211
2022-01-29 19:25:11
эльчин
0
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан