– Эже, карасаңыз, тиги Абил байке го...
– Жүрөгүм шуу дей түштү. Селт деп сиңдим көрсөткөн тарапты карадым.
– Жүрү бол, кеттик, тез-тез бас!
– Эже, токтоңузчу, каякка, биз эми эле келдик го?..
– Жок, кеттик, бол-бол!
Сиңдим экөөбүз базардан буюм уурдап качкандай эле чуркап жөнөдүк. Сиңдим эч нерсени түшүнгөн жок. Чоң жолго чыгарыбыз менен туш келген маршруттук таксиге отурдук да, жылып кеттик. Көпкө чуркаганымдан энтигип сүйлөй албай калыптырмын.
– Эже, эмне анча чуркадыңыз? Абил байке кошуна айылдан го, эмнеге анча корктуңуз?
– Азыр эмес, шашпай айтып берем. Үйгө келгенде көпкө өзүмө келе албай дендароо болуп отурдум. Сиңдим жообун алган жок, аны бөлмөдөн чыгарып жиберип жаздыкты кучактап көпкө ыйлап жаттым. Көз алдыма Абил менен өткөргөн коркунучтуу күндөрүм тартылды. Экөөбүз 3 ай гана сүйлөшкөнбүз. Бирок ошол үч айда ал мени аны көргөндө буттарым калтырай турган абалга жеткириптир. Алгачкы бир айда мамилебиз сонун болду, гүл, белек, түштөнүү, кечеге чогуу баруу... Айтор, бардыгы ойдогудай болуп жаткан. Анын маньяктыкындай сүйүүсү бир айдан кийин ойгонду. Өпсө да тиштеп өбөт, досторуна сылык сүйлөп койсом элге көрсөтпөй билегимди кайрып алат. Бир жолу түштөнүүдө отурганбыз, столубузда лазы жок экен деп аркы столдо отурган мырзалардан лазы сурап келсем, ажатканага алып кирип алып муунткан.
– Экинчи тааныбаган эркектер менен сүйлөшпө, уктуңбу, менин намысымды тебелегендерди жек көрөм. Сен менин сүйлөшкөн кызымсың, мага татыктуу жүргүн!
Чогуу жүргөндө андан озунуп биринчи жооп бербешим керек, достору менен тамашалашып күлбөшүм керек, ачык кийинген кыздар менен дос болбошум керек... Айтор, тыюулары көп эле. “Баш кошсок ата-энем менен айылда каласың, мен Орусияга барып иштеп келем” дечү. Бир жолу “Абил, экөөбүз чогуу боло албайт окшойбуз” деп СМС жазып жибердим. Жазып алып калтырап коркконумду сураба. Мен жашаган жатаканага келип, “эшикке чык” деди. Чыксам “эмне, бүгүн түшкү дарыңды ичпей калдыңбы?” деп ийинимден түрттү эле, тайгаланып барып карга кулап калдым. Үстүмө жата калып жакамдан тартып “кааласам ушул жерден зордуктап салам, айылдаштардын вотсап тайпасына менден калган кыз экениңди жарыялайм, көрөм ошондо ата-энеңдин абалын” деп туруп кетти. Мен да туруп, күбүнүп “кереги жок, кереги жок мага мындай мамиленин!” деп бакырып жибердим. Күрмөмдүн капюшонунан мени оолак жерге сүйрөп барып сабап кирди. Күйөөсү аялын токмоктогондой эле токмоктоду, соо жерим калган жок. Жолдо өтүп бараткан эже көрүп калып ажыратпаса мени өлтүрүп коёт беле, ким билсин?.. Эже милиция чакырыптыр, бөлмөмдөгү кыздар чуркап чыгып бети-башымды жууп жатышканын билем, калганы эсимде жок.
Ошол күнү Абилди милиция кызматкерлери кармап кетип, 2 күндөн кийин коё беришиптир. Үстүнөн арыз деле жазган эмесмин. Бетимдин көк аласы кетери менен айылга кетип калган элем. Окуя тууралуу ата-энеме айткан жокмун. Бир күнү Абил башка бирөөнүн номеринен “сенин ажалың менин колумда!” деп жазып жибериптир. Ошондон бери жаным тынч албай, жүрөгүм оозума кептелип жашап жүрөм. Бүгүн сиңдим экөөбүз базарда кийим карап кыдырып жүрсөк ал да жүрүптүр, алыстан көрүп качканымдын себеби ушунда эле. Аны менен таанышканыма, кыз-жигит болуп жүргөнүмө өкүнөм. Жакында Орусияга кетип калсамбы деп жатам. Алыска кетип калсам жан дүйнөм тынч алып, коркунуч сезими болбос беле деген ой.
Айсана