ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2021-жылдын 27-декабрынан 2022-жылдын 2-январына чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада аракет кылсаңыз, алдыга койгон максаттарыңызды ишке ашырасыз. Жумушта өз кызыкчылыгыңыз үчүн күрөшүп жетекчиликке көз карашыңызды туура жеткире алсаңыз карьералык тепкичтен жогорулай аласыз. Карьералык өсүүңүз кайсы бир таасирдүү адамдардын колдоосу же пикиринен да көз каранды болуп калышы мүмкүн. Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуу кыялыңыз болсо аракет кылыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жашооңузда сизге жол көрсөтүп, туура нукка багыттаган даанышман адамды кезиктиришиңиз ыктымал. Үй-бүлөдө талаш-тартыштар болот, бирок кайра эле тил табышасыздар. Аптада ден соолугуңуз начарлаганын сезсеңиз дароо дарыгерге барыңыз, болбосо ооруну өтүштүрүп аласыз. Тиричилик буюмдарын, электр шаймандарын туура колдонуңуз, жаракат алып калбаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Түгөйүңүз менен балдар үчүн араздашып, мамилеңиздер солгундашы ыктымал. Сүйүктүүңүз менен тил табышуу оор болуп жатса, андан убактылуу оолагыраак болуп олуттуу маселелерди көтөрбөй турганыңыз жакшы. Өзүңүздү көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн балдар менен ойноңуз, эртең менен чуркаңыз, жөө басыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумушуңуздагы чыңалган абал ден соолугуңузга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан айрым интрига, ашыкча сөздөргө көңүл бурбай, өз жумушуңузду кыла бергениңиз туура. Жарыңыз же сүйүктүүңүз болсо аптада анын ою менен болуп, кечеге, шеринеге чогуу барыңыз. Досторуңуздун, туугандарыңыздын үйүнө конокто болуп, энергия жана чоң эргүү аласыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Баары ордунда болушун каалап, үйдү тазалап, иреттеп баштайсыз. Үйүңүздү иреттеп, керексиз буюмдарды таштандыга ыргытыңыз. Айрымдар үй жаныбарын сатып алуулары мүмкүн. Сүйүү мамиледе келишпестиктердин болушу күтүлөт, сүйүктүүңүзгө кемчилигин айтпай карманып турганыңыз оң. Балдардын эркелиги бир топ түйшүктөрдү жаратат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Чыгармачылык жөндөмүңүздү ишке ашырууга ыңгайлуу апта. Эркиңизди колго алып, ишти эч нерседен коркпой баштаганыңыз жакшы. Жалгыз бой бийкечтерди романтикалык жолугушуу күтөт. Көңүл ачуу үчүн театрга, киного, барсаңыз эргип, ишиңиздин жыйынтыгы жакшы болот. Кийинүү стилиңизди, чач жасалгаңызды өзгөртүүгө ыңгайлуу убакыт, андыктан аракетти баштаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Убактылуу көңүл ачуу максатындагы таанышуулардан, жолугушуулардан майнап чыкпайт. Сизге бул нерсе жагымсыз окуяларды алып келиши мүмкүн. Кыскасы, сизге зыянын тийгизген адамдар менен таанышуудан оолак болуңуз. Аптада тиричилик иштери менен алек болуп, жаңы буюм сатып алышыңыз күтүлүүдө. Майрамга карата ар бир үй-бүлө мүчөсүнө белек камдап жакындарыңызды кубантыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптаны майрамдагыдай шаан-шөкөт менен өткөрүңүз. Майда-чүйдө буюмдарды көп сатып ала бербеңиз, болбосо чөнтөгүңүздөгү чоң суммадагы акча кантип короп кеткенин билбей каласыз. Аптада ууруларга акча же баалуу буюмуңузду уурдатып алуудан сак болуңуз. Эс алуу күндөрү шаардын ызы-чуусунан оолак болууну каалаган чаяндар жакындары менен шаар четине чыгып эс алышса болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чөнтөгүңүз калыңдап, каржы маселесине тиешелүү көйгөйлөрүңүз оңой чечилет. Жаачы айымдар алыстан келген конокторду тосуп, дасторконун дүйүм тамактарга толтурушат. Өзүңүзгө белек кылып кымбат баалуу кийим сатып алууңуз ыктымал. Ал эми жумушта жетекчилик, кесиптештер менен келишпестиктер күтүлөт. Бирөөгө сын айтуудан оолак болгонуңуз туура.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өзүңүзгө болгон баа көтөрүлүп, мен мындан да жакшы мамилеге, жогору маянага татыктуумун деген ой-толгоолорго чулганасыз. Аптада эрктүү, ишенимдүү болсоңуз жеңиш сиз тарапта болот. Кагаз иштеринде этият болбосоңуз шылуундардын кылтагына илинип, ири көлөмдөгү каражатка зыян тартып калышыңыз ыктымал. Унаа айдоодо эрежени сактабасаңыз кырсыктап калышыңыз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жан дүйнөңүз тынчтыкта болгондо гана жашооңуздагы эң сонун ачылыштарды жасашыңыз мүмкүн. Андыктан буга чейинки чечилбеген көйгөйлөрдү чечип, айрым таарынган адамдар менен мамилени түзөп алганга ыңгайлуу апта. Майрам алдында көп суммада акча карыз албай эле койгонуңуз жакшы, убагында төлөй албай калышыңыз мүмкүн. Жалгыз бой суу куярларды жагымдуу таанышуу күтөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Досторуңуз, кесиптештериңиз, туугандарыңыз майрамдык маанайыңыздын ойдогудай болушуна себепкер болушат. Карьералык тепкичте, үй-бүлөлүк мамиледе өзгөрүүлөр болбойт. Түгөйүңүзгө сын айтып, майда маселе үчүн талашып-тартышпай эле койгонуңуз туура. Аптада урушуу, тил табыша албоо ыктымалдуулугу жогору болгондуктан, үй-бүлөлүүлөр бири-бирине аяр мамиле кылганы туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан