АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн санда)

Аялзатынын сулуулугу эркектер үчүн чоң кумар эмеспи. Болгондо да эркек баралына келип, бийлик менен байлыкка эрдемсип турса, өзүн дүйнөнүн кожоюну сезип турса анда эки эсе кооптуу.

– Саламатсызбы?- деди кыз көздөрүн албай турган бейтааныш адамга. Бир жерден көргөндөй, бирок эсине эч эле чүргөлбөй койду.

– Салам, балерина, ийгиликтерди багындырып жатасыңбы?- дей салды Аскар көптөн бери тааныш адамдай.

– Ии, рахмат!- мөлтүрөй тиктеген сулуу көздөр дагы деле эч нерсе түшүнбөй бирде апасын, бирде Аскарды карайт.

– Айсулуу, Аскар Жусупович мени менен чогуу иштейт. Биз...

– Аа, жакшы.

– Биз тамагыбызды ичип бүтүп эми туралы деп жатканбыз, сен машинага бара бер, кызым, мен азыр барып калам...

– Макул, жакшы калыңыз.

Кыз рюкзагын алды да ордунан жеңил туруп басып кетти. Бутунун учу менен баскан кыз баспай эле учуп бара жаткандай сезилди Аскарга. “Кудай бул кыздан эч нерсени аябаган экен, бою узун, дене мүчөсү келишимдүү, жүзүнүн сулуулугун айт. Көздөрү...” Оозун ачкан боюнча Айсулуунун аркасынан тиктеп калганын сезгенде ыңгайсыз боло түштү. Альфия аны ушунчалык жини келе тиктеп турганын көргөндө оозунан сөзү түшүп калды.

– Жусупович, ал сендейлерге булгана турган кыз эмес, эч ойлонбо.

– Альфия, эмнени айтып жатасың?

– Кызыма кантип тиктедиң көрбөй калды дейсиңби? Кудайдан корксоң боло!

– Эй, сен жинди эле катынсың, кантип сенин кызыңа жаман ойлоюн? Сен өтө эле ашыкча кызганчаак болуп кеттиң, менимче...

– Кызганычты токтотуунун бир эле ыкмасы бар...

– Кайсы ыкма экен?

– Мен жакында ажырашам, Анвар кызынын экзамендерин гана күтүп жатат, анан тынч ажырашабыз деди. Документтерди да даярдап койду.

– Анан?

– Кандайча анан?

– Анын мага эмне тиешеси бар? Адамдар үйлөнүшөт, кайра ажырашышат, ар бир ажырашкан жуптарга тиешем болсо...

– Акмаксың, ээ?

– Ээй, по легче, детка...

– Сопсоонун билип турасың, биздин ажырашуубузга себепчи сенсиң! Менин башымды айланттың, сүйдүрүп алдың, эми үй-бүлөмдү талкалап туруп апакай болуп чыга келдиң. Бул акмакчылык эмеспи?

– Альфия, сен экөөбүз чоң адамдарбыз, ээ? Приоритеттерди туура койгонду билишибиз керек. Мен сага бир нерсе убада кылдым беле? Мен аялым менен ажырашып, эч качан сага үйлөнбөшүмдү билгенсиң. Ооба, мен аны сүйбөйм, бирок эч качан ажырашпайм. Муну билчүсүң, буга макул болчусуң. Анан да мен сени зордоп эркиңден тышкары бир нерсе жасаттымбы? Акылдуу жансың, ойлончу. Мен сенин ажырашканыңды каалабайм. Анвар мыкты жигит, таланттуу хирург, сен аны менен ажырашпа. Акылың болсо...

– Сен мага үйлөнбөйсүң, билем. Күткөн жокмун. Меники бол, мага жетет ошол. Көзүм мындай болгондо сенин көзүң башканы карабасын, жаш кыздарды ээрчий караган көздөрүң мени өлтүрмөй болду...

– Тысс, антпечи...

Аскардын бир сапаты бар эле, аялдар дайым анын алдында алсыз болчу. Альфия ушунчалык жек көрүп жатканына карабай анын мурункудай жумшак караган көздөрүнө, эркелеткен үнүнө алдана түштү. Ыйлагысы келип кетти. Эмнеге ушул адам ал үчүн баарынан кечип кеткенге даяр экенин түшүнбөйт? Бул сүйүүбү же кумарбы, химиябы же физикабы, акылы жетпейт, бирок Аскардын алдында дайым алсыз.

– Мен сенсиз жашай албайм!- деди бардык күчүн жыйнап. – Анвар экөөбүз кайра чогуу болушубуз мүмкүн эмес. Мен сени менен бардык нерсеге чыдайм. Экинчи аял болгонго да даярмын, ойнош эле болгонго да даярмын! Болгону...

Альфия Аскардын колуна кармай калып жалооруп жиберди.

– Альфия, акылдуум, сен антпечи. Мени туңгуюкка кептебе. Сен эс ал, жумушка бир ай келбей койсоң деле болот, маянаң чыгып турат. Чет өлкөгө чыгасыңбы, же бул жактан эле эс аласыңбы, эс ал. Мени кыйнаба. Кой турайын, менин жыйналышым бар эле. Шашып жатам.

Альфия эми гана эсине келе түштү. Бул адам аны кубалап жатат! Жумушунан, жашоосунан жөн эле түртүп чыгарып жатат. Жумшак айтымыш болгону менен, кептин түпкүрү ошол! Башына чагылган тийгендей отуруп калды. Ушундай болмок! Ишенимдүү басып өзүнөн узап бара жаткан Аскарды тиктеп турду. Жүрөгү үзүлүп бараткандай ооруп жатканын байкады.

ххх

Аскар үйүнө келди. Адатынча байбичеси анын үйдө болгонун майрамдай кабыл алып столдун үстүн жайнатып тосуп алды. “Кургурум ай, эркекти таттуу тамак менен гана кызыктырам деген акылыңа баракелде. Анан калса мен сыяктуу эркекти... Эх, Аскар, Аскар” деп алды чарк айланган аялына да, бул мамилеге эмне кыларын билбей турган өзүнө да жини келип. Кечки тамакты ичип отуруп үңүрөйүп отурган балдарына көңүлү түштү. Эркини тымпыят, берки эки кызы столдо бейтааныш адам менен отургандай комсоо. Эмнеге элге жылдыздуу сезилген бул адам өз үй-бүлөсүнө бейтааныш? Качан бул башталды? Деги эле бул балдар өзүнүн балдарыбы? Эч биринде өзүнүкүндөй энергия, жашоого болгон кумар, акыл, болгондо да амалкөй акыл жок. Эмнеге, ия? Дайым ушул ойлорду ойлой бере турган. “Баары апасын тартып калганбы үй күчүк болуп?” деп таң калды.

– Силер күндө эле ушундай тымтырс болуп тамак ичесиңерби?- деди чыдабай. Өзү жуманын эки-үч күнү гана үйдө болот, анда да көп убакта кеч келип, кечки тамакка отурбай калчу. Балдары бир тиктеп алышты, бирок жооп жок. Адам ордуна коюп жооп берип коёлу дешпейт го булар. Ого бетер жини келди.

– Ой атаңдын оозун урайындар, мен бир нерсе сурап жатам го силерден?

– Папа, о чём тебе рассказать? Что тебе интересно?- деди улуу кызы орусчалап.

– Мисалы, кызым, сен кайдагы орусту ээрчитип жүрөсүң? Күчүктү ээрчитип алгансып, кайда жүрсөң ошону менен жүрөт экенсиң. Мени билбейт дейсиңби? Аның жок дегенде чачын түзүгүрөөк тегиздетип албайбы?..

Кызы тиктеп алганы болбосо, үн каткан жок. Кыязы, атасы анын орусунан кызыктуураак тема тапса өтүп кетет деп күткөн таризде. Аскар чын эле бул темадан тез өтүп кетти.

– Ии, сен эмнени кыйратып жүрөсүң?- деди уулу Эркинге бурк эте.

– Баары жакшы, ата. Баары жайында,- деди ал. Ушуну менен “калп эле биздин жашообузга кызыккан түр көрсөтпөчү” деген маанини билдиргендей кесе айтты. Кичүү кызы мектеп окуучусу эле, ага эч нерсе дей албады. Өзүнөн-өзү кыжыры келди. Үй-бүлөсүнө нааразы болду, аялы, балдары анын купулуна эч толчу эмес. Оозу менен куш кармап келген күндө да алар эч бир иш кылбай жаткандай, баары моюнуна отуруп алгандай сезиле берчү. Ичинен көтөрүлүп келе жаткан кыжырын күч менен басып тамагын жеп бүттү да, өз бөлмөсүнө кирип кетти. “Атаңдын оозун урайындар, башың баш, багалчагың кара таш. Эмне болсоңор ошо болгулачы” деп күбүрөп алды. Бирок ошол кайдыгерлигине өзүнүн жүрөгү ооруп чыкты. Тез арада башка бир көңүлүн ээлеп ала турган адам табышы керек. Ичиндеги боштукту башкача толтуруу мүмкүн эмес. Альфия окуясы бүттү. Эсине Айсулуу түштү. Ушул кир дүйнөдөн анын таза каректери куткарчудай сезилди. Социалдык баракчадан Альфиянын баракчасына кирип, анын досторунун арасынан кызын оңой эле таап алды. Бийлеп жатканда түшкөн сүрөттөрү... Кыска видеолору... Суктанып жатты. Кайра-кайра карагандан көзү талбайт. Бул кызда бир тааныш сезим бар. Таптаза, ысык, сонун сезим! Тиктеп жатып уктап калыптыр.

Аскардын аялы Самара күйөөсүнүн жанына келди. Уктап калган экен күйөөсү. Колундагы телефонду алып коёюн деп колуна алды. Экрандан жарк эте Айсулуунун сүрөтү көрүндү. Оозунан кеби түшө кечке тиктеп туруп калды. “Демек, үйдөн безип ушул жаш селкинин аркасынан жүргөн экенсиң да, эй, бул сенин кызыңдан да кичине экен го, балерина имиш. Тфу, уяты жоктор! Мен силерге көргөзбөсөм Самара деген атым өчсүн” деди аял кекене. Акылы тумандап кетти. Башкасы башка эле, эми күйөөсүнүн кызы менен тең кыздар менен ойноп-күлүп жүргөнүнө жаны кашайды. Аскардын түркүн кылыктарына чыдап келген ал эмнеге ушул жерден жарылды? Анткени аялдын жан дүйнөсү ызага толуп калган. Бүтүндөй өмүрүн ушул адамга арнап, андан чеке жылыта турган жакшы сөз укпай көлөкөсүндө жашоонун ызасы болчу. Ачуусу, ызасы, ич күптүсү тарс жарылып кетти. Жарылганда коркунучтуу жарылды. Жаңылыш түшүнүп жапжаш кыздын тагдырына балта чапканы жатканын ошол кезде байкаган жок. Байкаса эмне?..

ххх

Таң эртең менен Эркин үйүнө кирди. Апасы Самара ашканада халатын кийген боюнча отурган экен. Көздөрү кыпкызыл, ыйлаган окшойт. Түнү менен уктабай чыкканбы, чарчаңкы.

– Апа, эмне болду сизге?

– Эч нерсе.

– Бирөө капа кылдыбы?

Апасы жүзүн жашыра туруп кетти. Тескери карап көз жашын көрсөтпөгөнгө аракет кылды.

– Апа дейм!

– Эркин, сен мени кой, эмне кылып жүрөсүң таң атканча?

– Атам кылдыбы? Дагы атам капа кылдыбы сизди?..

Апасы үн каткан жок.Ийиндери дирилдеп ыйлап жатты. Эркиндин жүрөгү мыкчылып чыкты. "бечара апамды жакында өлтүрүп алабы, болду да эми" деди кыжырлана...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-12-27 16:20:35
Жапжаш кыздын канатын кайрып, тагдырын талкалайт турбайбы эми(((
+1
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан