ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ-2022

2022-жылдын ээси Кара суу жолборсу – активдүүлүктүн, күчтүүлүктүн, эрктүүлүктүн символу. Сизден да эрктүү, күчтүү кадамдарды талап кылат. Анын башкаруусундагы жыл – окуялардын жана адамдардын өзү менен өзүнүн күрөшүүсүнүн жылы болот. Суу жолборсу өз көз карашын коргогонду билет жана стандарттын чегинен чыгуудан коркпойт. Эч ким Суу жолборсунун жетекчилиги астындагы жылдан кайдыгерликти, жайбаракат жашоону күтпөшү керек. Өзгөрүү сөзсүз болот, оң же терс жагына. Жолборс жылы сиздин жылдыз белгиңизге эмнелерди убадалайт? Келерки жылга карата астротөлгөнү сунуштайбыз.

КОЙ

Январь айында балалуу болууну пландагандардын тилеги ишке ашат. Кош бойлуулук кыйынчылыксыз өтүп, бала дени сак төрөлөт. Жаз мезгилинде тынчсызданууга жеткирчү себептер чыгат. Жашооңузда жакшы да, жаман да кескин өзгөрүүлөрдү күтүңүз. Жумушунан көтөрүлүүнү же башка ишке өтүүнү каалагандардын максаты орундалат. Сизден жолборс ачыктыкты талап кылат, андыктан түгөйүңүзгө же ишенген адамыңызга сырларыңызды төгүңүз, кеңеш жана колдоо алыңыз. Бул жыл сизге кирешенин туруктуу болушун убада кылбайт. Тапкан кирешеңиз жумушка жөндөмдүүлүгүңүздөн, ишти канчалык так аткарганыңыздан көз каранды. Кыш айлары жай турмушта, бир калыпта максаттуу өтүп, жемиштүү болот. Көптөн бери популярдуулукка умтулуп жаткандар максатына жетет. Өздөрүнүн жаңы жөндөм, сапаттарын ача алышат.

БУКАЧАР

Жыл ээси сизди күтүүсүз окуялар менен сынайт. Бирок дүрбөлөңгө түшпөй, баарын сабырдуулук менен көтөрүп, акыл менен чечкениңиз туура. Мүмкүн болушунча тажрыйбалуу, акылгөй адамдар, лидерлер, ишкерлер менен таанышып, алардан кеңеш алып, байланыштарды түзүүгө аракет кылышы керек. Бул таанышуулардан сиздин карьерадагы өсүшүңүз, бакубат жашооңуз гана эмес, жеке жашооңуз да көз каранды болот. Жаздын башталышы сизге жагымдуу романтикалык маанай тартуулайт, бирок ал мамиледен олуттуулукту күтпөңүз. Жылдын экинчи жарымында күтүлбөгөн окуялар сизди түйшөлтөт. Эгерде сиздин план, тандооңуз жакындарыңыздын каалоолоруна карама-каршы келсе, ойлонуп көрүшүңүз керек. Букачарлардын ден соолугуна тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Каржы жана карьерадагы туруктуу кырдаалдан улам тынч жашоо өткөрүшөт. Курч эмоционалдуу абал да нерв системиңизге зыян келтирбейт. Кеңеш: Бул жылы бизнес же башка үчүн банктан же тааныштардан чоң суммадагы насыя алуу сунушталбайт. Маселелерди сылык-сыпаа дипломатиялык мамиле менен чечип, тапканыңызга карата акча коротуңуз.

ЭГИЗДЕР

Окуяларга арбын жыл болот. Алгачкы алты айдын ичинде көптөгөн турмуштук тажрыйбага ээ болосуз, бирок анын баасын кийинчерээк түшүнөсүз. Башка жакка көчүүнү каалаган эгиздер үчүн ийгиликтүү жыл болот, көптөн бери максат кылып жүргөн кыймылсыз мүлккө ээ болосуз. Эгиздер дүйнөнү башкача көз менен карашат, андыктан сизде бир нерсени ар тараптан карап чыгууга мүмкүндүк берген жөндөм бар. Ушул жөндөм 2022-жылы чыгармачыл адамдарга, өзгөчө жазуучу, актёр жана музыканттарга ийгилик алып келет. Айрым үй-бүлөлүү эгиз айымдар жары менен жалпы кызыкчылыктардын жоктугунан улам ажырашуу жөнүндө ойлонушу мүмкүн.

Негизи эле бул жылы эгиздерде сүйүү жаатында токтоосуз чечимдерди кабыл алган учурлар болот. Андыктан жүрөгүңүзгө эмес, акылыңызга таяныңыз. Сиз үчүн эң чоң коркунуч – бул нерв системине ашыкча жүк артпоо. Эгерде сиз стресстен чыгуунун жолун билбесеңиз депрессияга түшүп каласыз.

Каржы жаатына келсек, ишиңиз оңунан чыгат. Карыз, насыя дегендерден кутуласыз. Үнөмдүү эгиздер акча табуунун жаңы булагын табышат.

АРСТАН

Буга чейин жашоосу тоңгон музга айланган айрым арстандардын жашоо жолу бакыттын, гүлдөп өнүгүүнүн жолуна айланат. Башка бирөөнүн пикири менен жашагандар Жолборс жылында кыйынчылыкка туш болушат. Жылдыздар коомчулуктун пикирине ишенбей, каалаган суроого жоопту өзүңүздөн издөөнү сунушташат. Жумушун же жашаган жерин өзгөртүүнү каалагандар үчүн күз мезгили ылайыктуу. Көп жылдан бери чогуу жашаган үй-бүлөлүү арстандардын алдына өнөктөшү татаал тандоону коёт, тандоодон келечегиңиз көз каранды. Жалгыз бой арстандарда романтикага убакыт болбойт. Арстандар 2022-жылы ашыкча иштөөгө, стресске жана уйкунун бузулушуна жол бербеши керек. Болбосо оору жаратып, дарыгердин жардамына муктаж болуп калышат. Чакан бизнес ээлери бизнесин илгерилетип кубанышат. Кызматкерлер жана жумушчулар жетекчиликтин, кесиптештеринин алдында терс эмоцияларын ооздуктабаса жумушунан кол жууп калуулары ыктымал.

БӨЙӨН

Келе жаткан жылы окуялар чагылгандын ылдамдыгындай тез өнүгөт жана өзгөрүүлөр жашооңуздун дээрлик бардык тармактарына таасирин тийгизет. Үй-бүлөлүү бөйөндөр никесинен гармония табат. Кызматка көтөрүлүүнү максат кылсаңыз жылдын алгачкы эки айында жетекчиликке айтуудан коркпоңуз, баалуу кызматкерди жоготуп албаш үчүн жетекчилик сиздин шарттарыңызга макул болот. Июль, август айларында сиз каалабасаңыз да жашооңузда жакшы өзгөрүүлөр орун алат. Сизге ал мезгилде ырахат алып жашоо гана калат. Сентябрь, октябрь айларындагы жагымсыз өзгөрүүлөрдөн жашооңуз башкача мааниге ээ болот. Каржы жаатында чечилиши кыйын көйгөй жаралышы мүмкүн. Чыгашаларды көзөмөлдөбөсөңүз карыздын тузагына түшүп калуу коркунучу бар. Ашыкча салмакка ээ болсоңуз, андан арылуу үчүн диета кармап, спорт залга баруу сунушталат.

БИЙКЕЧ

Жыл башында жумушуңуз эки эсе көбөйөт, балдарыңыз болсо, ишиңиздин көптүгүнө карабай аларга убакыт бөлгөндү унутпаңыз. Жолборс жылында жалгыз бой бийкечтерге түгөйүн табууга толук мүмкүнчүлүк бар. Чыгармачылыкта ийгилик жаратам десеңиз ыңгайлуу зонадан чыгып аракет кылууңуз керек. Болбосо идеяңызды башкага тарттырып жибересиз да, ал жемишин көрөт. Жылдын биринчи жарымы кыйла тынч жана каржылык жаатта туруктуу болот. Андыктан июль айына чейин өтө тытынбай эле койгонуңуз оң. Июль, август – активдүүлүктүн мезгили. Эс алууга бош учур болбойт. Юрист, косметолог жана мугалимдердин ишин ийгилик коштойт. Эгерде өткөн жылы бийкечтер көбүнчө жеке маселелерин чечсе, Жолборс жылында карьерасы жөнүндө ойлонушат. Башка кесипти өздөштүрүү, кыймылсыз мүлк алуу, башка жумушка өтүү үчүн да ыңгайлуу жыл болот.

ТАРАЗА

Жыл ээси сизге бир нече сыноолорду даярдап койгон. Жакындарыңызга, жетекчиликке колдон келе турган гана убадаларды бериңиз. Болбосо убадаңызды аткара албай, жоопкерчиликсиз деген атка конушуңуз мүмкүн. Таразалар бул жылда каалоолору менен мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту издешет. Кесиби курулуш, илим жана эл аралык мамилелерге байланышкандарды оор сыноолор күтөт. Бирок кырдаалдан оңой чыгасыз.

Сентябрь, октябрь айларында башы боштор сүйүүгө кез келип, жашоолору жарык болуп, кубаныч тартуулап, туруктуу мамилеге ээ болушат. Тараза табиятынан акчаны бейчеки пайдаланбайт, андыктан каржы жаатында эч кандай көйгөй жаралбайт. Негизи эле жыл бою акча жагынан эч кандай кыйынчылыктар күтүлбөйт. Бизнес ээлерин оор шарттар сынайт, андыктан алар андан чыгуу жолдорун табуулары керек. Жолун тапса атаандаштары ишин таштап кеткен учурду пайдаланып бизнесин өркүндөтө алышат.

ЧАЯН

Суу жолборсу сизге мыкты коргоочу болуп берет, бардык терс көрүнүштөрдөн жана кыйынчылыктардан коргойт. Март, апрель айларында бизнес баштасаңыз укмуштуудай киреше табасыз. Июль, август айларында жалгыз бой чаяндар сүйүүдөн жолдуу болушат. Чыгармачыл чаяндарда идеялар көп болот, бирок аларды ишке ашырууга убакыт жетишпегендиктен бирөөнү гана тандаса ийгилик жаратышат. Чыгармачылыктан алыс чаяндар да өз багытында, ишинде ийгиликтерге жетишет. Олуттуу каржылык көйгөйгө кабылбайсыз. Тескерисинче, каржылык абалыңыз бекемделет. Кээ бир чаяндар жумушун которушу мүмкүн. Алар жаңы орунда өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтсө бат оозго алынып кетишет. Кеңеш: Интернет сизге көптөгөн кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул багытты изилдөөгө аракет кылыңыз. Кызматыңызды арзан баада сунуштабаңыз, чынында, алар сиз ойлогондон алда канча кымбат турат. Сүйүүдө кол үзүшүп кеткен адамыңызга кайтып барууну ойлобоңуз. Ашыкча баш оору табасыз.

ЖААЧЫ

Кереметтерди күтпөңүз, кыялдарыңызды өз күчүңүзгө таянып ишке ашырыңыз. Жолборс жылы жагымдуу жолугушууларсыз өтпөйт, бирок убактылуу сүйүү мамилесинен качыңыз. Февраль айында таң калтырган окуяга кабыласыз. Март, апрель айларында жетекчилик жаачыдан адаттагыдан алда канча көп жоопкерчиликти талап кылат. Ашыкча милдетти моюнуңузга албай, кээ бирлерин башкаларга өткөрүп берүүгө аракет кылганыңыз оң. Карьераңызда өзгөрүүлөр күтөт. Чыгармачыл жаачылар фантазиясынан жаралган уникалдуу нерсени жасап атактуу боло алышат. Жыл башында акча тартыш болот. Кээ бир керексиз чыгымдардан улам кирешеңизден чыгашаларыңыз жогору болот. Шек жараткан каржылык иштерге аралашпаңыз. Кумар жана компьютердик оюндарга акча коротууга тыюу салынат. Кеңеш: Чогулган акча каражатын сарптоого шашпаңыз, аларды бизнеске салыңыз.

ТЕКЕЧЕР

Жашооңузду кескин түрдө өзгөртүүнү каалабай турасыз. Бирок келечекке максаттарды коюу убактысы келди. Пландоого эң ыңгайлуу кез – июль жана август айлары. Күзүндө жеке жашооңузда өзгөрүүлөр орун алат, мисалы, баш кошуу же кош бойлуулук же өзүңүздү таануу. Жашооңуздагы көптөгөн жагымдуу бурулуштар бай же коомдо орду бар белгилүү адамдар менен байланыштуу болот. Алар менен дос болуу эки тараптын тең кызыкчылыгы үчүн керек. Текечер мырзалар март айында ден соолугунан жабыркашы мүмкүн. Өнөкөт оорулар курчуп, жүрөк жана өпкөдө оорунун жаралуу коркунучу пайда болот. Андыктан жаман адаттардан арылуу зарыл. Көптөн бери сүйүү мамилеси барлар үй-бүлө курса болот. Каржы жаатына келсек, туруктуу кирешеге ээ болосуз. Бизнесмендер кызматкерлерин окутуу үчүн чоң суммадагы инвестиция салышат, ал кийин өзүн актайт.

СУУ КУЯР

Жумушта да, үй-бүлөдө да белгилүү бир жашоо образын калыптандырууга көңүл бурууңуз керек. Жолборс жылында көп окуялар болот. Сиз кырдаалга ылайык иш-аракет кыла аласыз, андыктан көп маселелерди оңой жеңесиз. Жемиштүү иштеңиз, аракетиңизге жараша акы аларыңызды унутпашыңыз керек. Май, июнь айларында өзүңүздү издеп, карьералык өсүш тууралуу ойлонууга убакыт болот. Күзүндө жалгыз бой суу куярлар теңин табышат. Сүйүү мамилеси кыска убакытка созулса да тажрыйба болуп берет. Илимий даражага же экинчи жогорку билимге ээ болууну каалагандар Жолборс жылында аракет кылышса мыкты жыйынтыкка жетишет.

Ноябрь, декабрь айларында стресстик кырдаалдарда эстүү болуңуз. Сизди алдамчылык менен айыпташса, өзүңүздү татыктуу коргоп, ак экениңизди далилдеңиз. Каржы бирде көп, бирде аз болуп турат. Кеңеш: Каржыда кыйынчылыктар жаралса өзүңүздүн милдеттериңизди карап чыгып, жетекчилик менен айлыкты жогорулатуу тууралуу сүйлөшүңүз.

БАЛЫК

Бардык тармакта чоң өзгөрүүлөргө тушугасыз. Келе жаткан жылы балыктар токтоолукту жана тоскоолдуктарды жеңүүнү үйрөнүшү керек. Январь, февраль айларында үйдө жана иш ордуңузда өзүңүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алек болосуз. Июль, август айлары сиз үчүн кайра жаралуу мезгили. Эски таарынычтарды унутасыз, ал эми маанилүү эмес сезилгендер башкы орунга чыгып кетет. Күз айында жеке жашоо менен жумуштун ортосундагы тең салмактуулукту кармоого аракет кыласыз. Жыл соңунда балыктарды үйлөнүү сунушу же көптөн күткөн наристенин төрөлүшү кубантат. Каржылык олку-солку, туруксуздуктан коркпоңуз. Акча каалоолоруңузду канааттандырууга жетиштүү болот. Жай айынын башында өзүңүздүн ыңгайлуу зонаңызды таштап, жаңы жашооңузга көнүп башташыңыз керек. Кеңеш: Таланттарыңызды өркүндөтүңүз жана убакыттын өтүшү менен таанылыңыз – кийин популярдуулук кошумча кирешеге айланат. Жумушта лидерлик орунду ээлөө каалооңуз күчөп, ага даярдыгыңызды сезесиз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан