ЖАКШЫ СӨЗ АЙТЧЫ МАГА...

Эски жылды таштап, жаңы жылга өтүп жаткан убакта көпчүлүк жаңы нерсени баштагысы келет. Энергияны башкаруу, жашоону ак барактан баштоону каалагандар үчүн психолог Сейил Калдыбаева кеңеш берет.

ӨЗГӨРҮҮНҮ КААЛАЙСЫЗБЫ?

1. “Мына карап тур, ушу жылдан баштап муну кылам, тигини кылам, өзгөрөм” деп өзүнө да, өзгөгө да убада кылган адамдарды көп угуп калам. Убакыт өтүп карасаңыз алар көп учурда эски жолдору менен, көнгөн адаттары менен кетип бараткан болот. Эмне үчүн? Демек, каалоо анчалык күчтүү эмес. Эгерде сиз жашооңузду кайсы бир себеп менен өзгөртүүнү каалап жатсаңыз өтө чоң каалоо керек.

2. Ойду өзгөртүшүбүз керек. Ден соолукка биз кандай кам көрөбүз, башыбыздагы ойлорго да ошондой кам көрүү зарыл. Конкреттүү эмнеңизди өзгөртүүнү каалап жатасыз, ошону так чечип алуу керек. Мисалы, ден соолукка кам көрүүнү баштагыңыз келсе туура тамактанууну, жан дүйнөнү өзгөртүүнү каалап жатсаңыз медитацияны, зомбулук кылган күйөөңүздөн ажырашып жаңы жашоону каалап жатсаңыз тийиштүү адистерге кайрылып баштоо керек.

3. Өзгөрүү үчүн мотивация керек. Мотивация жоголуп кетпеши үчүн эрк күчтүү болушу кажет. Максатка бара жаткан жол татаал. Биринчи бурулушунда эле жеңилүүгө туруштук бербей “кой, мурункудай эле жашай берейин” деп кол шилтеп койсоңуз өзүңүзгө болгон ишеним жоголот. Адам дайым өзүнө ишениши керек эмеспи. Өзгөрүү үчүн бир аз өжөрлүк керек. Жаныңызда шыктандыра турган адам болгону да маанилүү. Каалоо жалп этип өчүп баратканда жаныңыздагы адамдар сизди шыктандырып турса кайра сиз каалаган “чокуга” чыгууга тырмыша баштайсыз.

4. Ойду кантип өзгөртүү керек? Башкача ойлонгон адамдар менен баарлашуу жардам берет. Адатта адамда бир маселе болуп жатса дал өзүнүкүндөй маселеси бар адамдарды ички туюм менен издей баштайт. Алар жолугуп маселелерин айтып кайгырып отура беришет. Өзгөрүүнү каалагандар дайыма алдыга умтулган, өзүнөн башкача ой жүгүрткөн, ачык, шайыр адамдар менен убакыт өткөрүүсү керек.

СӨЗ КУРЖУНДУ ИРЕТТЕЙЛИ...

Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, тили да ошол нерсени сүйлөйт. Мисалы, сөгүнгөн, адамдарды басмырлаган, тийишип бирөөлөрдүн жарасын сөз менен чукуй бергендер бар. Булар сүйүлбөгөн, жашоого таарынган, жакындарынан ыза көргөн адамдар. Алардын энергиясы оор. Эгерде ушу тарабыңызды өзгөртүүнү кааласаңыз жакшы сөз сүйлөөгө өзүңүздү көндүрүңүз.

  • Кутман таң!
  • Жакшы жүрөсүңбү, баары жайындабы?
  • Мен сага чын дилимден жардам берем.
  • Рахмат, сен болбосоң мен ушу иштерди кантип бүтүрмөкмүн?
  • Кел, чын дилден баарлашалы
  • Мен сага ыраазымын, курбум болгонуң үчүн, күйөөм болгонуң үчүн, балам болгонуң үчүн...
  • Бүгүнкү күн кандай сонун, сейилдеп келбейлиби?

Ушул сыяктуу сөздөр менен лексиконубузду өзгөртсөк, жүрөк да өзгөрөт. Жакшы маанайды, күчтүү энергияны, алдыга болгон умтулууну жаратат. Сөздөр менен адамды дарыласа болот.Социалдык тармакка жазуудан баштап, сүйлөөбүздү да иреттеп алышыбыз керек. “Бир күндө кимдин көңүлүн түшүргөн жаман сөз айттым, кимге жакшы сөз айтып маанайын көтөрдүм?” деп эле өзүңүзгө суроо берсеңиз жыйынтык чыгып калат. Көбүрөөк жакшы сөз сүйлөңүз, сиз мээримдүү боло баштайсыз.

Жакшы сөз – мактап жактай берүү эмес. Өзгөчө кыргыздарда жетекчилерди же колунда бар адамдарды мактай берген өнөкөтүбүз бар. Жакшы сөз айтуу – бул мактоо эмес. Сөздү чын дилиңден, ошол сөзгө өзүң ишенип, каршыңыздагы адамдын сапат-касиетин чындап баалаган учурда гана айтуу оң натыйжа берет. Жаңы жылдын алдында сөз куржунубузду алып чыгып иреттеп, каргыш, уят сөздөрдү, бирөөнүн намысына тие турган, жаралай турган сөздөрдү алып салууну сунуштайт элем. Ордуна жан жыргаткан жагымдуу сөздөрдү сөз куржунубузга салганыбыз өзүбүз үчүн Аяз атанын белеги десек болот.

БААРЫН АК БАРАКТАН БАШТОО

  • Жашоо дайым эле айлана жапжашыл, ажайып тептегиз жол эмес. Түрдүү кыйынчылыктар менен кездешебиз, тоскоолдуктар болот дегендей. Эгерде ушул жылы сиз калемди алып жашоону ак барактан баштоону чечсеңиз буларды эске алыңыз.
  • Эски таарынычтардан арылыңыз. Атайын адиске барасызбы, же өзүңүз аракет кыласызбы, жүрөктөгү таарынычты унутпаса жаңы жашоону баштоо мүмкүн эмес.
  • Каталарды кайра кайталабоо үчүн мурунку жашообуздан алган сабактарыбыз гана калышы керек. Калган ыза, таарыныч, жаман окуялар эски жашообузда
    калсын.
  • Бүгүнкү күндүн кубанычы менен жашоону үйрөнүңүз! Жашоонун даамын азыр сезиңиз.
  • Келечекке таштай турган кадамдарды иреттеп алыңыз. Бүгүнкү кадамдар эртеңки келечек экенин унутпаңыз.

ЖАҢЫ ЭНЕРГИЯНЫ КАЙДАН АЛАБЫЗ?

Ар кимибиз үчүн энергиянын булагы ар түрдүү. Энергия алуу үчүн адам өзүнө жаккан иш менен алек болуусу керек. Мисалы, кимдир бирөө үчүн китеп окуу, бирөө үчүн баарлашуу, бирөө үчүн үйдү оңдоп-түзөө менен алек болуу, бирөө үчүн шопинг. Сиз чындап ырахат алган нерсе менен алек болгондо гана энергия аласыз. Ал эми сиз каалабаган чөйрөдөн, иштен алыстаганыңыз туура. Болбосо сизди алсыратат.

АРАБАНЫН АЛДЫНА ТҮШҮП ЧУРКАМАЙ ЖОК

Энергия акылдын күчү менен ченелет. Акыл энергия бере алат жана ала алат. Эгерде сизге керексиз маалыматтарды мээге чогулта берсеңиз, мээ капкайдагы ойлорду ойлой берсе, мээ коркуу менен иш-аракет кылса энергия бекер корой берет. Айрыкча аялдардын энергиясы коромжуга көп учурайт. Анткени бир эле убакта миң түрдүү нерсени ойлой берүү менен чарчап калабыз. Ой иреттүү болушу керек. Боло турган нерсе баары бир болот. “Эртең кайненем минтип айтса мен минтип салайын, жетекчим жинге тийсе минтип абалдан чыгышым керек, иштен чыгып калуум мүмкүн, алдын ала башка иш таап коюшум керек” деген ойлор болот. Мындай ойлор келгенде “стопту” басыңыз. Жашоого, абалга ишениңиз.

Жаңы жылга баарыбызга жакшы энергия менен кирүүнү каалайм!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан