«ЕХО» 10 ЖЫЛ!

«ЕХО». Корей маданиятын, музыкасын дүйнөгө таанытууга түздөн-түз салым кошуп келе жаткан топтун түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Топтун чыгармачылыктагы 10 жылдык чыйырына кыскача көз чаптыралы. #ТуулганКүнүңМененЕХО

1. Дүйнөлүк атактуулукту багынткан топтун артында 69 жаштагы Ли Су Ман аттуу адам турат. Ал – корей музыкалык магнаты, продюсер, музыкант. Ли Су Ман жаш таланттарды профессионал музыкант кылып чыгарган SM Entertainment компаниясын 1995-жылы негиздеген. Бүгүнкү күндө компания корей музыкалык индустриясында лидерлик сапта тургандардын бири. Негиздөөчүнүн аты-жөнүнөн компания SM аталышын алган.

2. 2011-жылы түзүлүп, 2012-жылдын башында дебют жасаган топтун курамында алгач 12 ырчы жигит болгон. Арасынан үчөө компания менен келишимин үзүп, 9 мырза "EXO’нун" мүчөлөрү катары эмгектенип келишет: Сухо (топтун лидери), Бэкхён, Сехун, Чен, Лэй, Дио, Кай, Чанёль, Сюмин.

3. "EXO" – SM компаниясы тарабынан 2011-жылы түзүлгөн. Түштүк Корея жана Кытай ырчыларынан куралган топтун аталышы "экзопланета" деген сөздөн алынган, бизче которгондо "күн системиндеги жарык жылдыздар планетасы" дегенди түшүндүрөт.

4. Forbes’тун тизмесинде 4 жыл катары менен “Дүйнө элине таасири күчтүү артисттер” аталышты. Ар бир чыгарган альбому миллиондогон нуска менен сатылып, Кореядагы эң өтүмдүү артисттерге 10 жылдан бери татыктуу атаандаш болуп келет. Топтун текчесинде 100дөн ашык абройлуу музыкалык сыйлыктар сыйлуу орунда турат. Сеулга 1-жолу койгон концертине билеттер 1 мүнөт 47 секундда сатылып кеткен топ дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүн кыдырып концерт койгон.

5. Корей маданиятын, экономикасын көтөрүүгө салым кошуп келе жаткан k-pop ырчыларына мамлекет да өзгөчө көңүл бөлөт. 2018-жылы Пёнчан провинциясында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземинде чыгууга "EXO" тандалган. Ошол эле жылы Кореянын эң популярдуу артисттери катары топтун мүчөлөрүнүн келбети түшүрүлгөн атайын медалдар чыгарылды. Топко чынында эле кызыгуу күч экенин 2019-жылдагы Дональд Трамп менен жолугушуу далилдейт. Иш сапары менен Түштүк Кореяга келген АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын кызы Иванка Трамп “ЕХО” менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн сурашкан. Көк үйгө барган ырчыларга “менин балдарым силердин фанаттарыңар” деген Иванкага топ кол тамгасы түшүрүлгөн альбом тартуулашса, Дональд Трамп "EXO’ну" Америкага барганда конок болуп кетүүгө чакырган.

6. Алды 31, арты 27 жашка чыгып калган топтун мүчөлөрүнүн арасынан үй-бүлө курууга Чен гана жетишти. Ал 2020-жылы үйлөнүп, ошол эле жылы балалуу болгон. Быйыл ырчы мырзанын үй-бүлөсү экинчи наристесин күтүп жатканын кабарлашты. Калган жигиттер азырынча бойдокчулук менен коштошо элек.

7. Камбэк “ЕХО”. Акыркы 2-3 жылдан бери “ЕХО” тобунун толук курамын сахнадан көрө элекпиз. Негизги себептердин бири – жигиттер кезеги менен аскердик кызматын өтөп жатышат. Бирок ар бири жеке ырчы, актёр катары талантын өркүндөтүп келишет. 2021-жылдын июнь айында көпчүлүктү күттүргөн топ «Don’t Fight the Feeling» деген аталыштагы жаңы альбом чыгарды. “ЕХО’нун” сахнага кайтышы ийгиликтүү ишке ашып, 85 өлкөнүн iTunes музыкалык чартында топтун альбому 1- орунга чыкты. Альбомдо дагы да толук курам чогулган жок. Сехун, Чанёль, Бэкхён, Кайга армиядан келген Дио менен Сюминдин жана Кытайда эмгектенип жүргөн Лэйдин кошулуусун көрөрмандар кызуу колдоо менен кабыл алышты. Бул учурда топтун лидери Сухо менен Чен аскерде эле. Азыр алардын катарына Бэкхён менен Чанёль да кошулуп, мекен алдындагы кызматын өтөп жүрүшөт.

8. Ар бир артисттин карьерасында күйөрман деген бекем тылы болот эмеспи. "EXO’ну" да 10 жыл бою колдоп келе жаткан – күйөрмандары. Алар кумирлерине таң каларлык белектерди да беришет. Азык-түлүк, миңдеген доллар турган бренд кийимдер, баалуу сааттар, акыркы үлгүдөгү телефондор... Буларга көңүл бурбай деле койсо болот. Ал эми төмөндөгү белектерди окуп мага окшоп сиз да тобо дээрсиз. Күйөрмандар жылдыз сатып алып, аны “ЕХО” деп атап, жылдыздын документин белекке беришкен. Кыздар, эгер сүйүктүүңүз "сага асмандан жылдыз алып берем" десе, дароо "макул" деңиз. Анткени бул миф эмес. Жылдыз саткан атайын коммерциялык уюмдар бар. Алар жылдыздын баасын жерден канчалык аралыкта жайгашуусуна, көлөмүнө жараша болжолдуу 1500 сомдон канча бир миң долларга чейин сатышат. Арзан баадагы жылдыздарды атайын космостук телескоптордон гана көрүүгө болот. Бирок Эл аралык астраномиялык союзу жылдыз саткан коммерциялык уюмдарда эч кандай расмий укук жок дешет. Асман телолоруна астрономиялык союзга кирген мамлекеттердин өкүлдөрү биргеликте ат коюшат. Ал аттар адамдарга тиешеси жок дешет.

Дагы бир кызык, ошол эле учурда пайдалуу белек – токой. Топтун фанаттары көп суммадагы акча төлөп токойго “ЕХО” деген ат коюшкан. Кайдын күйөрмандары анын атынан башталгыч мектеп, Чанёлдуку китепкана ачышкан. Баса, топтун мүчөлөрүнүн лорд титулу бар экенин билчү белеңиз? Бул титулду алуу үчүн Шотландиядан жер тилкесин сатып алышыңыз керек. “ЕХО’го” бул наамды күйөрмандары тартуулаган. Мындай кымбат баалуу белектерди алган артисттерди сындагандар да жок эмес. Андыктан акыркы жылдары ырчылар балээден алыс бололу деп белектерден баш тартып калышты.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Afrodita1993
2022-01-03 14:21:50
BTS күчтүүбү же ЕХО бу
+1
Marni
2022-01-04 01:46:34
Afrodita1993, BTS
+1
Akylai1111
2022-01-04 09:08:24
Afrodita1993, EXO
+1
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан