АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн санда)

Ансыз да атасына ызалуу жүргөн Эркиндин апасынын көз жашын көргөндө кыжыры кайнап кетти. Уул бала апасы үчүн дүйнөнү өрттөп жибергенге даяр. Эне менен эркек баланын ортосунда ушундай кубаттуу нерсе болот. Самара муну билдиби-билбедиби ким билсин, бирок дартын айтып баштады.

– Атаң үйлөнгөндөн тартып мени тебеледи, тепседи. Баарына макул болдум. Жылдын төрт мезгилинде алмаштырыла турган аялдарына макул дедим. Көз көрүнөө курбумду ойнош кылды, көз жумдум. “Тагдырыма ушундай адамды жазыптыр, кантейин?” дедим. Эми өзүнүн кызы менен тең кызга ашык болуп жинди болуп калыптыр.

– Эмне-е?

Самара куду энесине эреркеген кичине кыздай өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты.

– Апа, мага жөндүү түшүндүрчү. Ким экен, кайдан чыга калыптыр ал кыз?..

Самара өзү да байкабай калп айта баштады. Мындайда аялдардын фантазиясы да ойноп кетет эмеспи, өзү каалагандай түс кошуп баштады.

– Болгон акчасын чачып, кымбат баалуу асыл таштардын баарын ага арнап жатыптыр. Ал тургай “үй алып берем” дептир. Жазышканын көрдүм. Тиги кыз буга макул окшойт. Эгерде атаң бул кыз менен жакындашса, анда мени менен ажырашат. Үйдөн чыгып кетет. Мен билип турам муну...

– Жок, түшүнбөй жатам, ал кызды кайдан билип жүрөсүң сен?

– Атаңдын телефонунан көрдүм. Чачылып-ачылып “үй сатып берем” дептир. Эркин, бул жолу атаңды токтотсоң сен токтотосуң!

Эркин эч нерсе ойлоно албай калды. Мүнөзү ушундай жигит эле, эмоциясын башкара албай калчу. Бул жолу да ушундай болду. Апасынан ал кыздын социалдык тармактардагы баракчасын алды. Түзүк өңү-түсүн карап да койгон жок. Ызырына дароо дал өзүндөй эсирип турган досуна чалды.

– Эрик, срочно кел. Бирөөнү ордуна койбосок болбой калды.

– Салам, дос, мен жаңы эле уктагам, ананыраак чалчы...- деди уйкусураган ал.

– Мен сага айтып жатам го, тез жолугалы.

– Экөөбүз таң атканда ажыраштык го, эми эле кайра сагынып калдыңбы? Мен жаңы уктадым. Азыр мени бомба менен атсаң да тура албайм, дос.

– Ээй, мен сага тез кел дедим го. Макул, кечинде жолугалы. Санжарды ээрчите кел, экөөңдө иш бар.

– Сашканы дагыбы, мейли. Хоп, шеф.

Телефон өчтү. Бирок Эркин жанын коёрго жер таба албай жатты. Ушунча жылдан бери жыйылган атасына болгон ызасы көкүрөгүн куйкалап жатты. Эркин ара төрөлүп, чабалыраак болуп, апасы менен кичинекей Эркинди чоң энеси айылга алып кетип телчиктириптир. Атасы иштери боюнча 4-5 жыл шаарда жалгыз жашап жүрүп, кийин келинчегин алдырыптыр. Аскар деги эле келинчегин шаарга алып кете турган ою болбогон окшойт, чоң энеси урушуп жатып кошуп бериптир. “Бул да бирөөнүн баласы. Эмнени кор тутсаң ошого зар болосуң, балам. Сен шаарда, келинчегиң айылда, ошондой кантип жашоо болсун? Эркинди мен алып калайын, Самараны алып кет. Күйөөсү бар туруп Кудай урбадыбы, кайын ата-кайын эне менен жашай бермек беле? Уулуң 5ке чыкты, дагы балалуу болосуңар. Алып кет” деп катуу айтып кошуп бериптир.

Апасы шаарга кеткен убак Эркиндин эсинде катуу сакталып калды. Дайыма апасынын этегине жабышып жүргөн бала бир караса эле апасы жок. Куса болуп ооруп калган. Апасы ошондо айлап келген эмес. Дагы жакшы, чоң энеси мээримге бөлөп жанынан чыгарчу эмес. Болпойгон Эркин ошол убактан баштап ызакор, чыр бала болду.

– Кана сенин өз ата -энең?- деп чычалаткан балдарды өлөр-тирилерине карабай уруп салчу. Бети-башы көк ала болуп келген аны чоң энеси жуундуруп бооруна кысып, өөп калчу.

– Ачууну басканды үйрөн, балам. Так чоң атаңды тартып калыпсың. Акылың дайыма ачууңдун алдында болушу керек. Апаңа куса болуп жүрөсүң, билем. Ата-энең да эмнеге келбей калышты билбейм. Мейли, алар келбесе, мен алып барып келем.

Чоң энеси Эркинди биринчи жолу шаарга алып келди. Ошол жылы 1-класска бармак, ошондуктан эсинде баары сакталып калса керек. Балалык акылында апасы аны таштап кеткени үчүн жазалайм деп ойлоп барган. Бирок анын таарынганын эч ким билбеди. Чоңдор өзүнө тааныш эмес бир сөздөрдү сүйлөшүп жатышты, чоң энеси уул-келинине ыраазы болуп жаткандай.

– Оокатыңарды жакшы кылып жатыпсыңар, көңүлүм тынчып калды. Бирок Эркинди куса кылып келбей койдуңар. Апасын сагынганда айлана-тегеректен бала калбай уруп баштады. Баары арызданып келет. Ошого тээ Ат-Башыдан бери болсо да алып келейин дедим. Болбосо менин жолго жүрө турган акыбалым бар дейсиңерби?

Эркин апасына тултуюп карады. Самара өөп коёюн десе болбойт. “Кайда жүрдүң, мен сагынбадымбы?” деп айта албай буулугат. Болбой эле өөп-жыттап жатып апасы жибитип алды.

– Сен эмне мени таштап кеттиң?- деди ал түн кирип апасынын коюнуна киргенде чоң энеси угуп калбасын деп аяр шыбырап.

– Ушундай болуп калбадыбы, балам.

– Сен эмне, мени сагынган жоксуңбу?

– Сагындым, бирок...

Апасы ошондо эч нерсе деп айта албай ыйлап жиберген. Эркиндин жүрөгү ошондо бир мыкчылган. Апасын ыйлатып жаткан, өзүнө жибербей жаткан атасы Аскардай туюлган. Атасы менен ортосу өтө алыс эле. Бир жылуу тиктеп койгону болбосо, кучактап өөп, жыттап жакшы сөз айтып көргөн эмес. Кийин деле ошол ортолорундагы аралык калып калды. Эки-үч күн жүргөндөн кийин чоң энеси Эркинди ыйлаганына койбой алып кетти. Чоң энеси да эмес, күчтүү колдору менен капшыра кармап туруп машинеге салып берген атасы Аскардын катуу колдору баланын түбөлүк эсинде калды. Кийин чоң атасы, артынан тез эле чоң энеси каза болуп 16 жашында Аскар менен Самаранын колуна келди. Мурун “өз ата-энеме барсам, алар да мени өз баласындай жакшы көрсө, чогуу отуруп тамак ичсек” деген балалык кыял бар эле. Келгенде килейген чоң особнякта жашаганы менен, өзү кыялдангандай чогуу тамактануу, төгүлүп сырдашуу болбоду. Атасы үйдө дээрлик жок, апасы болсо анын жолун күзөтүү менен алек. Кыялы бырын-чырын болду. Деги эле өзүн күткөн, сүйгөн адамдар аз тура. Эки карындашы кичине эле. Айылда мыкты окуучулардын катарына кирген Эркин шаарга келип окуусу начарлады. Ызакор, жини чукул, кимди болбосун аябаган катуу жигитке айланды. Ошентип жылдар өтө берди. Эркиндин ички дүйнөсү менен эч кимдин деле иши болбоду. Аскар өзүнүн саясий карьерасы, бизнеси, атаандаштык менен алек болсо, Самара күйөөсүнүн статусу менен, өзү айткандай, төрт мезгил сайын алмашып турган аялдары менен эле...

Эшик тыкылдады. Эркин уктай албай жаткан эле, башын көтөрүп карап калды.

– Эркин, сен эмне кылмак болдуң?

– Эмнени?

– Тиги кызды?

– Камсанаба дебедимби, мен ага өз ордун билдирем. Сен эч кимге ал кыз тууралуу билериңди айтпа.

– Ошент, балам, сен атаңдан кийинки үйдүн ишенген адамысың. Үй-бүлөнүн намысын коргош сенин колуңда. Бирок атаңа билдирбе, экөөңдүн ортоңордо түшүнбөстүк болушун каалабайм.

– Макул дебедимби, апа...

– Эс ал анда. Сага ишенем!

Кийин Эркин ушул сөздү көпкө кайталап жүрдү. “Сага ишенем... Аттиң, апам ошондо мага ишенбесе эмне, ошол күнү мен кеч келип калсам, апамдын ыйлаганын көрбөсөм, мага ушул нерсени айтпаган болсо, ушул окуялар болбосо” деп бармагын тиштеген учурлар болду. Бир кетирген катасы үчүн ал өмүр бою жооп бере турганын ошол күнү билсе кана?..

ххх

– Ии, доске, эмне болду?- кечинде жалаңдаган эки досу Эрик менен Санжар Эркин чакырган жерге келип калышты.

– Иштер бар,- деди сырдуу сүйлөгөн Эркин. Эрик каркылдап күлүп калды. Бул да бир чиновниктин эрке баласы. “Дүйнө менин айланамда гана айланат” дегендердин бири. Кудай акыл эле эмес, өң-келбет да бербеген экен, капкара көздөрү чанагынан чыга жаздаган, бир тиктеген киши коркуп кача тургандай жигит болчу. Санжар ага караганда сыпайы, бирок анда да кара өзгөйлүк бар, акчага, бийликке умтулган, көөдөнүндө бир жылуулук жок жигит эле.

– Санжар, сен окууңду бүткөндө атамдын компаниясында иштегиң келип жатпадыбы беле?

– Ооба, эмне экен?

– Сага мүмкүнчүлүк, бир ишимди жайгарып берсеңер, мен атам менен сүйлөшөм.

– Сен сүйлөшсөң эле ала калат бекен жумушка?- деди Санжар кууланып.

– Убада берип, аткарбай койгонумду көрдүң беле?

– Жок.

– Анда болду да.

– Деги эмне кылат экенбиз?

– Бир кызды коркутуп коюшуңар керек.

– Кызды-ы, сонун тапшырма го,- деди Эрик жагымсыз каркылдап күлүп.

– Баягы бир 4-курстун кызын коркутуп чет өлкөгө кеткенге мажбур кылдыңар эле го. Дал ошондой кыласыңар.

– Сашкага го жумуш, мени эмне менен алдайсың?

– Сенин дарың менде!- деди Эркин чөнтөгүн сыйпалап. Эрик баңги жинди экенин жакшы билет эле...

– Макул.

– Эч ким билбесин. Ишиңерди кылып, жок болуп кетесиңер...

– Ал го макул, бул кыз сага эмне кылды?- деди Санжар шектенип.

– Карабай койду да, болбосо эмне?- деди Эрик.

– Ага башыңар оорубасын!- деди чарт эткен Эркин. Эркин шаарга келгенде үчөө бир мектепте окушкан. Ошондон бери бири-бирин билишет. Чарт эттиби, демек, иш чатак.

– Коркутуп гана коёсуңар, макулбу? “Жерге түш, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузганды сага ким койду?” дейсиңер.

– Ким деги? Кызды айтчы...

Эркин телефонун алып чыгып сүрөтүн көрсөттү. Сүрөттөгү Айсулууну көрүп экөө тең бири-бирин тиктеп калышты.

– Периште го,- деди ышкырган Санжар.

– Ух, ты!- деди көздөрү күйүп кеткен Эрик...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан