Толкунбек Курманбеков, ырчы: «КЕЛЕЧЕКТЕ КАЙРАТ НУРТАСТАН ӨТӨМ»

Москвада “Эзилип бүттүм” деп гитаранын коштоосунда сыздап ырдап интернет жылдызына айланган Толкунбек Курманбеков чыгармачылыкка билек түрө киришти. Ыр артынан ыр жаратып, клиптерди тарттырып, элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы биздин маек төрүбүздө.

Туулган жылы, күнү
– 1998-жыл, 22-июнь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон шаары

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 75 килограмм

Репертуарындагы ырлары – “Жакшынам”, “Сен мени сүйө албадың”, “Эрке келинчек”

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Москвада гитара менен ырдап чыгып элге таанылдың, баары эмнеден башталды?

– Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынан болом. Жөнөкөй эле үй-бүлөдө чоңойгом. Кичинекей кезимден ырчылыкка кызыкчумун. 9-классты бүткөндөн кийин музыкалык окуу жайга тапшырам деп ойлогом. Бирок алыш күрөшүнө, спорт жаатына кызыгып кеттим. Туулган күн, кечелерде, достор менен отурганда гитара менен ырдап калчумун. Окууну бүткөндөн кийин эле Москвага иштегени кеткем. Башында курулуш иштеринде иштедим. Кийин идиш жууп, көчө шыпырып, официант болуп, дегеле көп жумушта иштедим. Бир күнү “Москва-Ситиге” барып калсак, бир досум “ырдап берчи” деп суранып калды. Мен анын видеого тартып жатканын деле билген эмесмин, ал жерде бир аз сөгүнүп койгон дагы жерим бар. Досум Ютубга жүктөп койсо 2 күндүн ичинде миллион көрүү болуп кетиптир. Ал видеону досум мага жөнөтүп, социалдык тармакка жүктөп койгом. Анчалык элге тарап кетет деп деле ойлогон эмесмин. Үйдө уктап жатсам эле Кыргызстандан чалуу келип калды: “Толкунбексизби? Биз радиодон чалып жаттык эле” деди. Эмне болуп жатканын башында түшүнгөн деле жокмун. Анан сайттардан байланышка чыгышты. Ырчы ага-эжелерибиз колдоп социалдык тармактарына менин ырдаган видеомду киргизип башташты. Ошентип социалдык түйүндөгү катталуучуларым көбөйүп жатты. Баары күтүлбөгөн жерден болду.

– "Эзилип бүттүм" деген ырды ырдоо менен чыгармачылыкка аралашуу каалооң ого бетер күчөдүбү?

– “Эзилип бүттүм” ыры Бекжан Темирхандын ыры экенин деле билген эмесмин. “Ушуну ырдап көрсөң сага жарашат” деп ал ырды бир акем жөнөткөн. Ал ыр мага абдан жакты, бир сааттын ичинде жаттап алдым. Эртеси эле ошол элге тараган видеодо ырдагам. Эл таанып калды деп эле дароо ыр жаздырып ырдап чыкканды туура көргөн жокмун. Атты деле бир-эки ай багып туруп чапсаң жакшы чыгат да. Анын сыңарындай мен дагы эки жакты көрөйүн дедим. Москвага концерт коюп барган ырчы эже-агаларыбыз “конок болуп кет” деп концерттерине чакырып жүрүштү. Мурун ырдап жүргөн “Сен мени сүйө албадың” деген ырым бар болчу. Ошону, Гүлжигит Сатыбековдун ырларын ырдап чыгып жүрдүм. Кыргыз шоу чөйрөсүндөгүлөр мени колдоп, дем беришти.

– “Жакшынам” деген ырың дагы элде жакшы кабыл алынды. Кандайча жаралды эле?

– “Жакшынам” деген ырымды Москвада жүргөндө жаздырдым. Тексттин негизи Гүлзат Кудайбердиева деген акын эжебизге, кайырмасы, обону мага таандык. Бул ыр кафеде иштеп жүргөндө жаралган. Ошол жакта кашы Индия актрисаларыныкындай болгон бир эже бар эле. Ал эже мени өз баласындай эле жакшы көрчү. Чет жакта жүрсөң бирөө сага жакшы мамиле кылса бир тууганыңдай көрүп сен дагы жакын болосуң да. “Жаш болгонуңузда мен сизге үйлөнмөкмүн” деп тамашалап калчумун. Бир күнү “Жакшынам, оо, жакшынам, ашыкмын, эже, кашыңа. Дүйнөдө бардыгы жакшы да, мейличи жашыңызга ыраазымын” дедим. Жанымда турган бир эже “Толкунбек, кайра башынан айтчы сөзүңдү” деп калды, анан кайталап обонго салып отуруп эле ыр болуп калды. Бул ырга клип тартыш үчүн Москвадан Кыргызстанга келдим. Клипке деп акча даярдап келгеним менен, ага чейин билинбей эле бир заматта короп кетти. Эмне кылсам деп ойлонуп жүргөн кезде Эмир Рыскулов деген агам менен таанышып, клип тартканы келгенимди айтып калдым. “Иним, “Сен мени сүйө албадың” деген ырыңды бир жылдан бери угуп жүрөм, эң жакшы көргөн ырым” деп калды. Клиптин каражатына ушул агам жардам берди. Анан “сиз экөөбүз иштешели, мага продюсер болуп бериңиз” дедим. Ал макул болду. Андан кийин Москвага барып дагы клип тарттырып келдик. Жакында “Бурулкан” аттуу ырыбыздын клибин тартуулайбыз.

– Эл колдоп, клиптер миллиондоп көрүлүп жатат, “жылдыз оорусу” менен ооруй элексиңби?

– Кудай сактасын, “жылдыз оорусу” менен оорубай элебиз. Мурдагы Толкунбек кандай болсо, азыр деле ошондой. Чыгармачылыкка болгон кадамдар, буюрса, акырындан болуп жатат. Азыр негизги максатым – чыгармачылыкты өнүктүрүү. Буюрса, келечекте Кайрат Нуртастан өтөм. Мен намыстанам. Мисалы, Кайрат Нуртастын кыргыз күйөрмандары көп. Биз дагы жакшы чыгармаларды жаратып Казакстандан күйөрмандарды табышыбыз керек. Аларга жага турган мыкты деңгээлдеги чыгармаларды жаратышыбыз зарыл. Спортто деле спортчулар намыс талашат эмеспи, менде деле биздин сахна мыкты болуш керек, биздин ырларды коңшу мамлекеттер дагы угуш керек деген максаттар бар. Менде башка өлкө менен атаандашуу бар. Биздин чыгармачыл адамдардын ортосундагы атаандашууну жаман көрөм. Тескерисинче, бири-бирибизди колдоп өсүшүбүз керек. Эптеп-септеп концерт бере бербей, мыкты деңгээлдеги шоу концерттерди беришибиз кажет.

– Музыкалык билим алайын деген ойлор барбы? Ырларды эмнесине карап тандайсың?

– Меники тубаса талант, музыкалык билимим жок. Чыгармачылыкта музыкалык билим болбосо аябай эле аксайт экенсиң. Билим алайын деген оюм бар. Мен ырдын маанисине карап ырдайм. Мааниси жакса ошол ырды жүрөгүмдөн өткөрүп, ошол ырдын ичинде жашап, ыйлай турган жери болсо ыйлап ырдайм.

– Ийгилик, өркүнүң өссүн!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2022-01-04 23:26:09
Дымагына аш бышат го
+1
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан