АТАМБАЕВ КИМДИ ТАНДАЙТ?

Мезгил үнү

Алмазбек Атамбаев абдан оор тандоонун алдында турат. Анын акыркы кадамы бүтүндөй Кыргызстан үчүн чечүүчү мааниге ээ болуп калышы толук ыктымал. Мындан да жаманы, бул маселени чечүүгө КСДПнын лидеринде аз гана убакыт калды. Негедир кесиптештерине Атамбаевдин сөзү өтпөй жатабы же чоң орундарды бөлүшө албай жатышабы, кыскасы, коалициянын убарасы бүтпөй, эл кыйнала баштады.

“АТА МЕКЕН” “БОРТТОН ТЫШКАРЫ” КАЛДЫБЫ?
Көпчүлүктүн айтымында, Атамбаев, Бабанов жана Текебаев жетектеген партиялар парламенттин көпчүлүгүн кураса, ал коалиция идеалдуу болмок. “Жок, андайга макул эмесмин” дегендерге “7-апрель окуясынын максаты эмнеде эле?” деген суроо берилбей койбойт. Ошол бийлик төңкөрүшүндө “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Журттун” лидерлери жок болчу. Алар шайлоо дегенди уккандан кийин пайда боло калгандар эмеспи. Жөнөкөйлөтүп айтканда, даяр ашка чуркап келе калгандай эле болушту.
Ак үй тараптан келген шыбыштарга караганда, “Ата Мекенди” “борттон сырткары” калтырып жатышыптыр. КСДПнын “маалымат жарчысы” Фарид Ниязовдун “Өмүрбек Текебаев башкарган партия КСДП түзүүчү коалицияда эң жакшы шериктеш болмок” деген жылуу сөздөрүнө карабастан, иш жүзүндө башка оюндар башталганы маалым болуп калды. Айтмакчы, “ата мекенчилерге” кечээ эле куралган “бабановчулар” каршы болуп жатышат” дешет. Анткени “Республика” өзүнүн тышкы саясий багыттарын коалициянын башка мүчөлөрү дагы колдошун талап кылган. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев коалицияга кошулуп ЖКнын төрагасы болуп калса, анда Бабановдун айрым пландарынын ишке ашышына тоскоол кылат имиш.

КУЛОВ БАШ ТАРТТЫ
Бул аптада саясий талаанын каарманы “темир генерал” Феликс Кулов болду. Ии дебейсизби? Өзүбүз да таңбыз. Анткени өткөндө мандат тапшыруу салтанатында “Ар-намыстын” “атасы” коалицияга кошулуу үчүн КСДПдан чакыруу түшөрүнө күмөнү бар экенин айткан болчу. Биз дагы ичибизден “ооба” деп коштогонбуз. Атамбаев менен Куловдун өз ара пикир келишпестигинен улам ушундай ой-пикир жаралган. Бири-бирин жактырбагандыгы көпчүлүктүн алдында да айтылып калган. Алсак, Алмазбек Атамбаев митингдердин биринде Феликс Куловду “жыгач генерал” деп атаса, Кулов "андай маданияты төмөн кишилерге маани бурбастыгын" айтып, КСДП лидерин басмырлаганга аракет кылган.
Ошондой мамилелерге карабай Атамбаев “Ар-намыстын” башчысына коалицияга кошулууну сунуштаптыр. “Ар-намыстын” өкүлү Турсунбай Бакир уулу: “Учурда Баткен облусундагы шайлоочуларыбыз менен жолугушууда жүрөбүз. Эл Куловдун өкмөт башчы болуусун каалайт экен. Ошондой жагдайда гана коалицияга кошулгула дешти. Өкмөттү башкарууну бербесе, анда оппозицияда калышыбызды суранышты”,- деди.
Атамбаевдин мындай чоң бурулушун талкуулаган айрым серепчилер “бекеринен өткөндө Орусияга барган жок да. Ал жактан Текебаевдин ордуна Куловду тандоо жөнүндө сунуш айтылса керек” деген божомолун айтышат. Бул сөздүн дагы жөнү бар. Анткени КСДП, “Республика” жана “Ар-намыс” бириге турган болсо, орусиячыл маанайдагы Кремль көксөгөн коалиция куралат.
Бирок акыркы маалыматтар боюнча, “Ар-намыс” партиясы КСДП сунуштаган шарттар боюнча коалицияга кирүүдөн баш тартты. Партиянын атынан расмий жооп Феликс Куловдон Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлдү. Анда: “Ар-намыс” партиясынын атынан сунушуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Бирок сунуш партиянын кеңешинде кароодон өткөн соң коалициянын курамына кошулбоо жөнүндө чечим чыгарылды”,- деп жазылат.

“АТА ЖУРТ” ДА КОАЛИЦИЯГА КИРИШИ МҮМКҮН
Алмазбек Атамбаев “Ата Мекенди” тизмеден чийип салган соң алгач “Ар-намыска”, андан кийин “Ата Журтка” кайрылды. “Ата Журттун” лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев Динара Исаева менен тирешкенден бери дайыны жок. Айрымдар аны Жалал-Абадда жүрөт дешсе, дагы бирөөлөр Казакстанда дешүүдө. “Ата Журт” фракциясынын башчысы Ахматбек Келдибеков болсо Атамбаевден коалиция жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүү боюнча расмий сунушун кабыл алгандыгын тастыктоо менен чектелди. Ошентип, акыркы вариант КСДП, “Республика” жана “Ата Журт”, же КСДП, “Ата Журт” жана “Ата Мекен” болушу да мүмкүн. Сүйлөшүүлөр улантылып жаткандыктан, азырынча белгилүү бир жыйынтык чыга элек.

УБАКЫТ КҮТПӨЙТ
Мыйзам боюнча парламенттин көпчүлүгүн түзүүгө 15 жумушчу күн берилген, ал 2-декабрда аяктайт. ЖКнын убактылуу төрагасы Ташболот Балтабаевдин айтымында, коалициянын курамы ушул аптанын аягына чейин белгилүү болбосо, Атамбаев кечигет. Анткени парламенттик чоң жыйындар бейшемби жана жума күндөрү гана өткөрүлөт. Эгерде КСДПнын лидери коалиция курай албаса, анда ал мүмкүнчүлүк “Ата Мекенге” берилет.
Коалициянын жыйынтыгы кандай болбосун, бул иштин кечеңдеп жатканына Атамбаев эле эмес, башка партиялардын лидерлери да күнөөлүү. Анткени мындай жагдайдын келип чыгышына папке талаш себеп болуп жатканы айдан ачык.

КОАЛИЦИЯНЫН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ЭМНЕ ТОСКООЛДУК КЫЛЫП ЖАТАТ?
КСДПнын расмий өкүлү Фарид Ниязов “Атамбаев 29-ноябрда коалициянын вариантын Жогорку Кеңештин отурумуна алып чыгат” деп билдирди. Анын айтымында, КСДП жана “Ата Мекен” коалициясы варианты боюнча үчүнчү партияны кошуу кыйынчылыкты жаратууда. Андыктан эми “Ата Журттун” варианты каралмакчы.
Биз “коалициянын түзүлүшүнө эмне тоскоолдук кылып жатат?” деген суроо менен ар бир партиянын лидерлерине кайрылдык. Конкреттүү жыйынтык болбогондуктанбы, алар ММКлардан оолактап, комментарий берүүдөн баш тартышууда. Азырынча журналисттерден жашыруун жолугушуп, өз ара пикирге келишмейинче эч кандай жооп айтылбасын гана билдиришти.

Эльвира Караева
politika@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КОАЛИЦИЯГА КАЙСЫ ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИГИШИН КААЛАЙТ ЭЛЕҢИЗ?

Тынар Курбаналиев,
33 жашта, куудул:
– Мага парламенттик башкаруу жакпайт. Андыктан коалиция тууралуу айта албайм. Эми коалицияга кирбей калган партия кайра нааразы болуп, оппозицияга кетип элди дагы дүрбөлөңгө салбаса эле болду. Мен ызы-чуудан тажадым.

Минара Дилдебекова,
25 жашта, мугалим:
– “Республика”, “Ата Журт”, КСДП кошулуп иштешүүсүн каалайм. “Ата Журтту” эл колдоду, демек, иштей берсин. Бабановдун жамандыгы жоктой. Ал эми Атамбаев биз кааласак да, каалабасак да коалицияда болот го.

Нурланбек Адылбек уулу,
42 жашта, ишкер:
– Коалицияга КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” бириксе жакшы болот эле. Өзгөчө Текебаевдин премьер-министр болушун каалайм. “Ата Журт” жакын жолобосун. Ал жакта мурунку “ак жолчулар”.

Калича Керимова,
62 жашта, пенсионер:
– Коалицияны Атамбаев түзүп жатпайбы. Мен аны менен Кулов жана жаштардан Бабанов иштесе дейм. Алмазбек туура сүйлөгөн адам, Феликс мырза болсо өлкөдөгү тартипти кармайт, ал эми Өмүрбек көптү үмүттөндүргөн жаштар менен иштейт.

Байыш Сагынбек уулу,
18 жашта, студент:
– Тышкы саясаттын кийлигишкенинен улам коалиция түзүлө албай жатат. Орусиялыктар Текебаевдин коалицияга кошулушун каалабайт го. Жеке мен КСДП менен бирге “Ата Мекен” жана “Республиканын” биригүүсүн каалайм.

Кеңешбек Айтикеев,
55 жашта, мугалим:
– Эч бир партияны жактабайм. Анткени булардын лидерлери жеке кызыкчылыгынан чыга албай жатышат. Ошондуктан ушул күнгө чейин коалиция түзүлө элек. Бул эмне дегендик?! Деги качан иштешет?! Лидер, лидер деп коюшат, бизде лидер жок.

Чолпонай Кенжекулова,
22 жашта, ырчы:
– Ачык айтылбаганы менен, мага бул коалиция түзүүчүлөр бийлик талашып жаткандай сезилет. Андыктан булардын чогуу иштеп кетүүсүнө көзүм жетпейт.

Бактыгүл Сокушова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Monika
2010-11-27 19:21:16
Adam kany menen biylikke kelip jatkandan kiyin jakshylap ishteshse bolmok, papka talashkandy koyup.Bularda azyr taryhiy mumkunchuluk turat.Eldin kelechegi uchun bir nerse jasai alyshsa taryhybyzda Manas atabyzdai ele orun alat.
0
samara
2010-11-28 04:56:22
mdaa..kurguzstandu sagunup, uygo bargum kelip jurgom..dagu dele owol - biylik talawkandar,,eldi ka4an oylowot,,uyaluwpaybu! eldi unutup, echnerseni korboyt tuwunboyt dep kaluwat ko kozdorun may basup..mew ozu choon optimistmin,,birok birisine dagun iwene albaym! oo, kurguz elim , kachan oso bawtaysun? chet olkodo ele kalam go dagu 2 julga :(
0
Debi
2010-11-29 15:33:50
Алмаз, Текебаевге өткөрүп койчу, сага да пайда болот ошондо.
0
Sagy
2010-11-29 22:03:02
Алмаз малдес!!! Эми ошол лидерлер (коалицияга макул болбогондор) эмне десе да оз абийирлерине!
0
gulzina
2010-12-01 10:10:45
Мага Чолпонайдын жообу жакты.
0
Kuttubek
2010-12-01 12:55:22
тандаган тазга жолугат
0
Debi
2010-12-01 18:58:07
Алмаз ага, чын жүрөктөн кубануу менен куттуктайм, түбөлкүңөр түз болсун!
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан