Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, экс-депутат Мирлан Бакиров менен баарлаштык. “Мегакомду” сатуу аракети, мекеменин пландары, “Манас” аэропорту жөнүндө айтылып жаткан сөздөр тууралуу сурадык...
– Мирлан мырза, аткаруу бийлигине депутаттыктан келдиңиз. Депутат кезиңизде өзүңүз сындап жүргөн тармакта иштөө сизди башкача ойлонууга аргасыз кылдыбы?
– Туура айтасыз, 10 жылдай депутат, комитет төрагасы болдум. Бул кызматка келгениме 9 айга жакындады. Албетте, депутаттын эркин микрофону бар, оюн түз айтууга мүмкүн. Кээде коюлган милдеттер аткарылбай кечиксе, өкмөт мүчөлөрүнө сын айтчубуз. Аткаруу бийлигинде андай эмес, башка тартип, башка регламент... Бул жерде жыйынтыгын көз менен көрүп, кол менен кармай аларлык реалдуу максаттарды коюп натыйжа көрсөтүшүң керек. Жоопкерчилик, ишке болгон мамиле такыр башка. Өзүң жетектеп жаткан жамаат менен тыгыз мамиледе иштөө зарыл. Анткени бардык ишти жетекчи өзү жалгыз жасап жетише албайт.
– Мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатында абал кандай экен? Кандай иштерди жасоого үлгүрдүңүз?
– Мага чейинки жетекчиге сын айтуудан алысмын. Эсептөө палатасы 2020-жылдын жыйынтыгын 8 ай текшерди, отчёту мына (кагаздардын калың топтомун көрсөтүп). Албетте, кемчиликтерди таап чыкты. Эски каталарды кайталабайын деп бул отчёт дайым столумда турат. Эсептөө палатасы аныктаган айрым жагдайларга токтоло кетейин... Бирдиктүү мамлекеттик мүлктү каттоо системи бар, бул жерде Кыргызстан боюнча 70 мамлекеттик органдын, 1893 мекеме алдындагы ишкана-уюмдардын мүлктөрү каттоодон өтөт. Бирдиктүү систем десе, бардык органдардын мүлкү бизде каттоодо турат деп түшүнүшөт да, андай эмес. Мыйзамга ылайык купуялуулукту сактап, укук коргоо органдарынын мүлктөрү боюнча бизге толук маалымат берилбейт. Эркин экономикалык аймактардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлктөрү да каттоого кирбейт. 2022-жылы ушул органдардын мүлктөрүн да бирдиктүү каттоого киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Ошондо биз Кыргызстан боюнча канча имарат, канча аянт, канча курулма бар экенин толук көрө алабыз. Бүгүнкү күндө 70 мамлекеттик органга таандык
10 700дөй имарат катталуу. Эсептөө палатасы “бош турган 1 миллион 500 миң чарчы метр аянт бар экен, аны ижарага берсе 3 жылда 2 жарым миллиард сом киреше түшмөк” деген да сын айтты. Бош аянт дегенде да талаштуу жагдайлар бар, биз алардын канчасын ижарага берсе болот, канчасы жалпы пайдалануудагы аянт деп конкреттүү бөлүп чыкканы турабыз. Билесиздер, биз бюджетке төрт тармактан киреше түшүрөбүз. Менчиктештирүүдөн, мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордон түшкөн дивиденддин эсебинен, мамлекеттик ишканалардын пайдасынын 50 пайызын чегерүүдөн жана ижара акысынан. Менчиктештирүү программасын эске албаганда, 2021-жылы бул 4 булак тең рекорддук көрсөткүч жаратып жатат. Сөзүм куру болбосун, 2020-жылы акционердик коомдордун пайдасы 3 миллиард 367 миллион сом болгон болсо, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 миллиард сомдун тегерегинде таза пайда күтүп жатабыз. Мамлекеттик ишканалардын пайдасы 1 миллиард сомдой болсо, 2021-жыл боюнча 2 миллиард сомдун тегерегинде болот.
– Көптөн бери чечилбей келе жаткан “Мегакомдун” тагдыры кандай чечилгени жатат?
– Эң кызыктырган тема ушул “Альфа телеком” болуп жатат. Бул компания Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, менчиктештирүү программасына кирген. Буга чейин да аукцион аркылуу сатууга аракет жасалып, ишке ашкан эмес. 2020-жылы 500 миллион сомдон ашыгыраак киреше тапкан болсо, 2021-жылды 1 жарым миллиард сом менен жыйынтыктады. Учурда “Мегакомду” сатуу маселеси күн тартибинде жок. 2021-жылы “Мегакомдун” баасын аныктап бере турган компанияны тандай алган жокпуз. Иш жыйынтыгын, 2022-жылга пландарын карап Министрлер кабинети чечим кабыл алат. Эгер кирешеси көбөйүп баратса, балким, аны сатуу маселеси жокко чыгышы мүмкүн.
– Кирешеси бир жылда 3 эсе көбөйгөн болсо, демек, маселе башкарууда десе болобу?
– Туура, маселе башкарууда. Эмне үчүн башка мамлекеттер акционердик коомдорду түзгөндөн кийин ал жерге өнүккөн өлкөлөрдөн мыкты менеджерлерди жалдап келип, жогорку айлыктарды төлөп берип иштетишет? Анткени бардык иште стратегиялык ой жүгүртүү, алдыны көрө билүү маанилүү.
– Пайдасы аз, өзүн актабаган мамлекеттик ишканаларды басып жата бербей, жеке менчикке берип, пайдасын көрүү туура дегенге кошуласызбы?
– Менчиктештирүү дегенге коомчулук, саясатчылар абдан кылдат мамиле кылышат. Анткени эгемендик алган жылдары менчиктештирүү иши ачык-айкын, мыйзамдуу жүрбөй, иштин көбү жең ичинен чечилип кеткени белгилүү. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” деген нерсе... Менчиктештирүү оңой эмес, толтура процедурадан өтүшү керек. Анын үстүнө ишкананы сөзсүз эле жеке менчикке сатыш керек эмес, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкаруу жолу менен бирге иштетсе болот. Базарга алып чыгарда унаабызды же малыбызды жакшылап карап, тазалап, кардардын көңүлүн бургудай кылабыз да? Мамлекеттик мүлккө да ошондой мамиле керек. Менчиктештирүү десе айрымдар имаратты гана элестетишет. Ал жерде эмгек жамаат, техникалык каражаттар бар... Бул дыкат талдоону, ачык-айкындыкты, мыйзамдуулукту талап кылган маселе.
– Эл аралык “Манас” аэропорту сатылганы жатат деген маалымат тарап коомчулукту дүрбөттү...
– Ооба, “сатылып кетиптир, чет өлкөлүктөргө өтүп кетиптир” деген сөздөр чыкты. Бул жалган маалымат. Экономика министрлиги менен Эл аралык финансы уюму (IFC) келишим түзгөн. Ага ылайык, IFC жалпы аэропортко техникалык экономикалык негиздеме түзгөнү жатат. Жүргүнчүлөргө шарт түзүү, тейлөөнү жакшыртуу, учактардын санын көбөйтүү, учуп-конуучу тилкени жаңылоо, айтор, “Манас” аэропортун эл аралык стандартка толук шайкеш келтирүү аракети жасалууда. Максат – инвестор тартуу, аэропорттун кирешесин көбөйтүү. Аталган уюм ушуну менен гана алектенип жаткан учур.
– Аксыдагы “Кербен” аэропорту жаңылануудан өтүп, бирок каттам ачылбай жатат. Имарат көп каражат жумшалып оңдолду эле...
– Ооба, ушунча каражат жумшалып жаңыланган соң “Кербен” аэропорту сөзсүз ишке киргизилет. IFC уюмунун өкүлдөрү менен жолукканда “Манасты” эле эмес, анын тутумуна кирген аймактардагы аэропортторду да камтый кетели деп сунуштадым. Бул жаатта аракеттер жасалып жатат. Келечекте “Кербен” аэропорту иштеп баштайт.
– Жакынкы пландарыңыз кандай?
– Жогорку Кеңеш 2022-жылга бюджетти бекитип берди. Консалидацияланган бюджетти 400 миллиард сомго жеткирүү милдети коюлууда. Буга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да өз салымын кошот. Ооба, амбициялык план. Бирок аткарса боло турганы 2021-жылы байкалды да. 300 миллиард сом деп милдет коюлду эле, жыйынтыктар жаман эмес. Министрлер кабинетинин төрагасы бардык булактарды көрүп, көзү жетип, амбициялык планды койгондон кийин ошол команданын мүчөсү катары биз дагы колдон келген аракетти жасайбыз.
Автандил Добулбеков