Балык-баланын кызыктуу окуяларын чагылдырган “ЛУКА” мультфильми

Жаңы жыл менен кошо келген эс алуу күндөрү... Эшикте кыш, суук. Үйдө меште от чартылдап күйүп, буусу бурулдаган чайнектен ысык чайдан куюп ичип, өткөн-кеткенден кеп салып отурган кандай жакшы. Мындай жагымдуу көз ирмемге “Лука” мультфильмин кошуп койсоңуз ашыкча болбойт. Позитивге, кызыктуу окуяларга бай анимация улуу муун, кичүү муун деп бөлбөй баарына жагарынан шек жок. Алдыда “Луканын” жаралуу тарыхына, кызыктарга орун бердик.

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 17-июнь, 2021-жыл

Жанры: үй-бүлөлүк комедия, фантастика

Режиссёру: Энрико Касароса

Башкы ролдордо: Жейкоб Тремблей, Жек Дилан Грейзер, Эмма Берман

Тарткан: Disney & Pixar

Дүйнө жүзү боюнча прокаттан түшкөн каражат: 49 750 471 доллар

ЖАЙ, ИТАЛИЯ, ДЕҢИЗ ЖЭЭГИ... БЕЛЛИССИМО!

Бала чагыңызда жайкысын эмне кылчу элеңиз? Достор менен ойногонуңуз, күлкүлүү, кызыктуу жоруктарыңыз эсиңизге түштүбү? “Лука” мультфильминде да 2 достун жоруктары сүрөттөлөт.

Италиянын деңиз жээгинде жайгашкан Портороссо шаарчасы. Бирок биздин каарман шаардын эмес, деңиздин жашоочусу – Лука аттуу балык. Аны күнүгө кайталанган окшош окуялар тажатат: эртең менен турганда майда балыктарды сейилдегенге алып чыгат. Ар кайсы жакка тарап кетип, адашпасын деп кайтарып турат. Деңиздин үстүнө сүзүп чыгууга Луканын ата-энеси тыюу салган. Алардын айтымында, ал жакта каардуу адамдар жашашат. Балыктарды көрөр замат кармап, өлтүрүүгө ашыккан адамдар Луканын туугандарын “деңиз желмогуздары” деп атап алышканын кантесиң. Бир күнү ал Альберто аттуу шайыр, активдүү, анча-мынча эрежеге баш ийбеген “өрт” балыкка жолугуп калат. Ал кургакчылыкка чыкканын, Портороссо шаарчасындагы кызыктарды айтып берет. Эки дос чоңдорго айтпай жээкке сүзүп барып, кургакчылыкка чыкканда кадимки өспүрүм балдарга айланышат. Эми суудан алыс болсо эле адам кейпинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан балдар шаарчанын жашоочуларына аралашып, мурда болуп көрбөгөндөй кызыктарга туш болушат. Ал кызыктардын баарын мультфильмден толук көрө аласыз.

ТАСМА ТУУРАЛУУ 12 ФАКТ!

  1. Мультфильмдин массовкасында Италияда ойноп жүргөн балдардын жаздырылган чыныгы үнү колдонулган.
  2. “Энрико Касаросанын “Лукасы” азыркы заманбап анимациялык кинематографияда кайсы бир жаңычылдык, өнүккөн техника же башка биз билбеген нерсени көрсөтүүгө ашыкпаган, жөнөкөйлүктү, таза балалык ойлорду, аруулукту чагылдырган, жеңил тасма” делип дүйнөлүк кино сынчылардын дээрлик 90 пайызынын жогору баасына арзыды.
  3. Режиссёр, италия-америкалык аниматор, жазуучу Энрико Касароса мультфильмди тарта турган командасын алгач Италиядагы ата-энеси жашаган Генуя шаарына алып барган. Андан сырткары Италияны кыдырып мамлекеттин архитектурасын, каада-салтын, ашканасынан бери даамдап көрүп жеринен тааныган адамдарга мультфильмди тартууда бир топ жеңилдиктер болгон.
  4. Энрико Касароса кумири катары атактуу япониялык режиссёр-аниматор, сценарист, жазуучу, 2 жолку “Оскардын” ээси, дүйнөлүк анимациядагы шедеврге айланган чыгармалардын автору Хаяо Миядзакини жогору баалайт. “Луканы” тартууда кумиринин чыгармаларынан эргүү алганын айтат. Алгач баш каарманга Миядзакинин анимесинен алынган Портороссо ысымын бергиси келген. Бирок ою өзгөрүп, бул ат шаарчага ыйгарылган да, айтканга, эстеп калганга оңой болсун деп мультфильм “Лука” аталышын алган.
  5. Луканын досуна айланган Альберто мультфильмдин режиссёру Энрико Касаросанын бала кезиндеги досу. Альберто чынында эле шайыр, активдүү бала эле. Мультфильмге башка каарман, башка ысым издебей, даяр прототип колдонулган.
  6. Лука күнүгө кайтарып жүргөн күлкүлүү майда балыктар барабулька түркүмүнө кирет. Алар көбүнчө Италиянын деңиз жээгинде кездешет.
  7. Луканын сүйлөгөнүн, башка эмоцияларын, кыймылдарын жеткиликтүү чагылдыруу үчүн анын эриндерине 221, ал эми Альбертого 223 атайын механизм орнотулган. Луканын денесине анимациялык балык кабырчыгынан 3436 даана жайгаштырылган.
  8. Мультфильмдеги баш каармандардын ролуна 1200дөн ашык бала кастингге катышкан.
  9. Балыктардын суунун ичинде кандай кыймылдаарын чындыкка жакын кылып тартуу үчүн аниматорлор игуананы пайдаланышкан. Игуананын корккондо, чочуганда, тамагын көргөндө же эс алып жаткандагы кыймылдарынын баары изилденип, анан мультфильмге колдонулган.
  10. Моцарелла, пармезан сырлары, жаңы бышкан пицца, пастанын түрлөрү... Мм, бел-лиссимо! Буга чейин Италиянын архитектурасына кызыгып саякатка баргыңыз келип жүрсө, же болбосо итальян ашканасын жактырсаңыз, “Луканы” көргөндөн кийин ого бетер табитиңиз ачылары турган кеп.
  11. Мультфильм пандемия учурунда тартылгандыктан, каармандардын үнүн коштогондор өз үйүндө үн жаздырууга аргасыз болушкан. Кызыгы, көпчүлүк диалогдор акустикасы жакшы делинип же жер төлөдө же дааратканада, айрымдары чоң шкафтын ичинде да жазылган.
  12. “Лука” режиссёр Энрико Касаросанын дебюттук толук метраждуу тасмасы. Буга чейин анын кыска метраждуу “Луна” анимациясы “Оскарга” талапкер болгон.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан