ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-ЯНВАРДАН 16-ЯНВАРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Энергияңыз ашып-ташып, аны туура багытка салууга аракет көрөсүз. Үйүңүздөгү жана жумушуңуздагы жайды иретке келтирип, юридикалык иштерди бүтүрүүгө ыңгайлуу апта. Жакын адамдарыңыздын бири сиздин камкордукка муктаж болушу ыктымал, андыктан моралдык болобу, же каржылык колдоо көрсөтсөңүз жакшылыгыңыз эселеп кайтышы толук мүмкүн. Эс алуу күндөрү сүйүктүүңүз менен талашып-тартышуудан оолак болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сиздин жана жакындарыңыздын жашоосунда маанилүү окуя болот. Сүйүктүүсү менен көптөн бери сүйлөшүп жүргөндөрдүн сезимдери жаңы тепкичке көтөрүлүп өмүрүндөгү маанилүү чечимди кабыл алышат. Балалуу букачарлар балдарыңызга майрамдык маанай түзгөнгө аракет кылыңыз. Ден соолук маселесинде букачар айымдар суук тийүү, тумоолоо сыяктуу оорулардан оолак болушу үчүн өзүнө жайлуу шарт түзүүсү кажет.


 

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Үйүңүздү оңдоп-түзөп, ыңгайлуу абал түзүү үчүн көп убакыт сарптайсыз. Бул үчүн сизде жетиштүү энергия, күч жана каалоо болот. Аптада мураска байланыштуу көйгөйлөрүңүздү да чечип алсаңыз болот. Ошондой эле насыяга эмерек же кымбат баалуу тиричилик техникасын сатып алууга ыңгайлуу учур. Туугандардын каржылык колдоосуна муктаж болосуз, жакындарыңыздын бири карызга акча бериши мүмкүн.


 

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөндөр никедеги түгөйү, бизнестеги өнөктөштөрү, достор, кошуналар, туугандары менен мамилени жакшыртууга аракет кылышат. Айрым таарынычтарга, түшүнбөстүктөргө көз жумуп, баары менен жарашуу каалоосу күчөйт. Интернет аркылуу жаңы таанышуулар орун алышы күтүлөт. Ошондой эле аптада интеллектуалдык жөндөмүңүз артат. Жумушта айрым кесиптештер менен түшүнбөстүк жаралса, сүйлөбөй кутулсаңыз жеңиш сиз тарапта болот.


 

АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандар аптада карьералык тепкичте жакшы ийгиликтерге жетишет. Бул жума убактыңызды сүйлөп, түшүндүрүүгө эмес, ишти аткарууга көп коротосуз. Үй жаныбарын алууну пландап жүрсөңүз аракетти баштаңыз. Ашыкча салмактан арылгысы келгендер аптада диета курсун баштаса жакшы натыйжа берет. Шерине, кечелердеги чыр-чатактардан  алыс болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бул жума оптимисттик толкунда болосуз. Муну өзгөчө ашыктык отуна кабылып, романтикалык маанайда жүргөндөр сезишет. Фантазияңыз, чыгармачылык жөндөмүңүздү табуу каалоосу таланттарыңыздын жаңы жактарын ачат. Мисалы, чыгармачылыкта өзүңүздү башкача көрсөтө баштайсыз, поэзияга, сүрөт тартууга ынтызар болосуз. Документ иштерине кол коюуда, акчаны бейчеки пайдалануудан абайлаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада таразалар чын жүрөгүнөн жылуулук тартуулаган адамдар менен бир кампанияда болушат. Тиричилик маселелериңиз чечилип, көптөн берки карызыңыздан кутуласыз. Дем алыш күндөрү балдарыңыз менен үй жыйноо, короону иретке келтирүү сыяктуу жумуштар менен алек болсоңуз кийинки жумага жетерлик энергия топтойсуз. Аптанын акыркы күндөрү олуттуу иштер үчүн ылайыктуу эмес.


 

ЧАЯН (24.10-22.11)

Активдүү болууга, көп адамдар менен баарлашууга аракет кыласыз. Жашооңузда достордун, тааныштардын ролу өсөт. Досторуңуз менен концертке, кинотеатрга баруу сунушу түшсө баш тартпаңыз. Апта аягында жалгыз бой чаяндарда романтикалык таанышуу орун алышы мүмкүн. Түгөйү барлар сүйүктүүсү менен мамилесин бекемдейт, туруктуулук орун алат.


 

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жылдыздар сизден энергиялуу, тайманбас, эрктүү чечимдерди күтөт. Максатыңызга жетүү үчүн бир нече мүмкүнчүлүк берилет. Бир тууганыңыз же бийликке ээ болгон адам сизди тымызын колдоп баштайт. Каржылык абалыңыз бир топ бекемделет. Чет өлкөгө иштер менен баруу, жаңы таанышуулар орун алышы мүмкүн. Жалгыз бой жаачылар жаңы таанышууларга даяр туруңуз. Түгөйүңүздү таап калышыңыз толук мүмкүн.


 

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Бул жума эгоист болуңуз, өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн көп сунуштардан баш тартып койгонуңуз туура. Анткени өзүңүзгө кам көрүүгө убакыт келди. Каржы маселесинде киреше булагы көбөйүп, ал каражатты кайра көбөйтүү планын иштеп чыгасыз. Алыстан жагымдуу кабар угуп сүйүнүшүңүз ыктымал. Жан дүйнө тынчтыгын каалап, жалгыздыкта болууну эңсейсиз. Үй-бүлөлүү текечерлер көңүл сыртта калтырып жүргөн жакындарына убакыт бөлгөнү туура.


 

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Айрым суу куярлар психологиялык адабияттарды окууга кызыгып, өзүн таанып-билүү аракетин баштайт. Укук коргоо органдары менен көйгөйүңүз болсо оңой чечилет, мыйзам, адилеттүүлүк сиз тарапта болушу күтүлөт. Чыгармачылык менен алектенген суу куярлар жакшы сый акыга ээ болушу мүмкүн. Эс алуу күндөрү мончого же саунага баруу сунушталат. Жакындарыңыз менен тил табыша албай, талашып-тартышууга барышыңыз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй-бүлөлүк маселелер ынтымактуу кырдаалда, тынч жана натыйжалуу талкууланат. Келечекти чогуу пландоого жакшы убакыт. Ишкерлик менен алектенгендер өнөктөштөрү менен каржы маселесинде түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Сүйүктүүңүз менен бардык жерде чогуу болуу сунушталат. Жалгыз бой балыктар кечеге чакыруулардан баш тартпоосу кажет, анткени жолугушууда сүйүктүүңүздү кезиктиришиңиз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан