2022-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Жаңырган жылда бизди эмнелер күтөрү баарыбызды кызыктырат. Андыктан астрологдордун божомолдоруна орун бердик.

КЫРГЫЗСТАНДА

Астролог Андрей Рязанцевдин божомолу

– Кара суу жолборсунун жылы 2022-жылдын 1-февралында башталат. Андыктан январь Уйдун башкаруусунда болот.

Январь айы. Кыргызстан үчүн позитивдүү ай. 2021-жылы чечилбей калган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга ылайыктуу убакыт. Чек арага байланыштуу маселелерди чечүү жаатында ийгиликтер болушу ыктымал. Конструктивдүү диалогдор түзүлсө керектүү тарап менен бир сөзгө келүүгө болот.

Январда жана май айында акчалар убагында келбей, каражат тартыштыгы чыгышы ыктымал. Андыктан акча топтоңуз.

Январда коомдо көтөрүлгөн маселелерди максималдуу түрдө чечүү маанилүү. Уй жылында Жолборс жылына караганда макулдашууларга келүү оңой. Макулдашууларды Жолборс жылына калтырууга болбойт, анткени карама-каршы туруу, агрессия кескин күчөйт да, Жолборс күч колдонуп чечет. Мисалы, 2010-Жолбос жылында айрым өлкөлөрдө революция чыккан. Атап айтсак, Кыргызстанда 6-7-апрелде бийликти отставкага кетирген массалык баш аламандык болгон.

1-февралдан Жолборс жылы башталат. Февраль-март айларында каржы-насыя саясаты чөйрөсүндө ийгиликтүү чечимдер кабыл алынышы ыктымал. Бул өлкөнүн экономикасына оң таасирин берет.

Февралда талаш, чечилбеген маселелер, анын ичинде чек ара маселеси да курчуйт. Коомчулук жактан талаптар, сындар айтылат. Аталган жагдай апрелден тартып өлкөдө реформаларды жүргүзүүгө түртөт. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегия 1-этап болуп берип, ал 2023-жылы да уланып, 2024-жылы жемишин берет.

Апрелде сырткы финансылык рыноктун туруктуу эместиги сомдун кунунун түшүшүн шартташы мүмкүн. Бул өкмөттөн маанилүү чечим кабыл алууну талап кылат. Ал чечим экономикада жана коомдо жаңы оң өзгөрүүлөрдүн башталышы болуп берет.

Калкты азык-түлүк менен камсыздоо маселеси жыл бою курч бойдон калат. Андыктан жазында керектүү чечимдер кабыл алынса, мелиорация жаатына көңүл бурулса элди азык-түлүк менен камсыздоо маселеси чечилет. Болбосо абал кыйындайт.

Сентябрда эл аралык деңгээлдеги жолугушуулар болуп, Кыргызстандын маанилүү маселелери чечилиши ыктымал.

Октябрдын экинчи жарымы жана ноябрдын биринчи жарымында өлкөдө, жарандарда узак убакыт чечилбей келген маселелер көтөрүлөт. Туура чечим кабыл алынса чыр-чатактар чыкпайт.

Аба ырайы, саламаттыкты сактоо.

Жазындагы шамалдуу кургак аба ырайы фермерлерге кыйынчылык туудурат, андыктан күчтү мелиорацияга жумшоо керек. Июнь, июль айында нөшөрлөгөн жаан жаап, суу каптоолор болушу ыктымал. Жайында коронавирус менен күрөшүү чечүүчү фазага жетет. Абалдын жакшырышы 2023-жылы күтүлөт. Эң кыйын убак – 2022-жылдын күзү болот.

Астролог Бермет Сапарованын божомолу

  • 4-февралдан 29-апрелге чейин фортуна жылмаюучу убакыт. Аракет кылып жашоо жана материалдык абалды оңдоп алууга жетишүү керек.
  • Март – бийликке, адамдардын жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келет.
  • 30-апрелден тартып 10-майга дейре агрессия жогорулоочу кез.
  • Апрель-май – чыр-чатак, чиеленген кырдаалдарга жакын ай. 16-21-май аралыгы кырсыктардын мезгили. Этият болуу кажет.Ошондой эле май айы бийликтегилердин элдин, башка мамлекеттердин сынынан өтүүчү кези.
  • Июль айы – ооруларга жакын ай. Ден соолукка аяр мамиле жасоо зарыл.
  • 25-30-октябрда зордук-зомбулук, алдоолор көп болот. Иштер артка кетет.
  • Октябрь-декабрь айларында бийликтегилер, жарандар ойлонулбаган кадамдар менен келишимдерди түзүүдөн качуулары зарыл. Болбосо терс таасири узак убакытка чейин сакталат.
  • Ноябрда чек ара жаатындагы маселелер көтөрүлүп, чыр чыгышы мүмкүн.

“Кыргызстандын экономикасын болжолдоо кыйын”

Айылчы Сарыбаев, экономист:

– Азыр эмки жылы Кыргызстандын экономикасы кандай болот деп божомол кылуу кыйын. Анткени дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда чак-челекейлик жүрүп жатат. Чак-челекей түшкөн өлкөнүн экономикасы кандай болорун болжолдоо кыйын. Бир жагынан экономикалык кризис, бир жагынан пандемия, айрым өлкөлөр арасында согуш чыгып кетиши да ыктымал...

Кытай-Орусия-Америка-Европа өлкөлөрүндө экономикалык согуш жүрүп, анын терс таасири Кыргызстанга да тийип жатат. Анын үстүнө өлкөнүн рыногунда сатылып жаткандар сырттан келет, бул 2022-жылы экономиканы дагы оорлотот.

ДҮЙНӨДӨ

Ванганын божомолу

Планетанын табигый энергия булагы азаят, андыктан адамзатты чукул өзгөрүүлөр, кризис, табигый кырсыктар күтөт. Бирок патриоттуулук, жаратылышты сактоого аракеттер өсөт.

Нострадамус эмне деген?

2022-жылы жаратылыш кырсыктары жана өлкөлөр аралык чыр, согуш чыгышы мүмкүн. Түндүк Америкада катуу жер титирөө болуп, анын кесепети бүтүндөй континентке тийип, эл гуманитардык жардамга муктаж болот. Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык өкүм сүрөт. Түштүк жана Түндүк Корея тил табышат. Жаратылыш ресурстарынын азайышы айрым өлкөлөрдүн ортосундагы кагылышууларга жеткирет. Жакынкы Чыгыштын кээ бир өлкөлөрү жардыруулардан жабыр тартат. Кытайдын улуттук валютасы юань дүйнөлүк валютага айланышы мүмкүн.

Астролог Павел Глобанын божомолу

Баалар өсүп, каржы тартыштыгы жаралат. Күзүндө бийликтегилер өткөн жылдардагы каталарды эске алып башка өңүттө иштесе, туура чечимдерди кабыл алса экономикада жакшы жылыштар болот. Саясий аренада жаңы лидерлер пайда болот. Глобалдуу жана ири чыр-чатактуу аскердик кагылышуулардын чыгышы күмөндүү. Бирок тынч эмес абал көптөгөн өлкөлөрдө күтүлөт. Глобалдуу жылуулукка байланыштуу табигый кырсыктар күтүлөт. Коронавирустун үстүнөн жеңишке жетебиз деп айтуу али эрте. Алдыда чыныгы пандемия бар.

“Экономиканын жакынкы жылдары да өсүшү кыйын”

Эмил Үмөталиев, экономист:

Кыргызстандын экономикасы жакынкы айларда эле эмес, жылдарда да өсүшү кыйын. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери жумушчу орундар кыскарып, ишкерлердин кирешеси, өнүгүүгө жана инвестицияга карата пландар болушунча азайды. Экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөр Кыргызстан ЕАЭБге кирип өнүгүүгө жетпей калганын далилдеп турат. Биримдиктеги мамлекеттерде авторитаризм, саясий бийликте, экономикада узурпация көп. Салык жана башка органдардын текшерүүсү текшерүү эмей эле, тартып алууга окшошуп калган. Өлкөдө аз гана топтогу адамдарга жана алардын өнөктөштөрүнө жол ачып, калкка жол торолуп турат. Орто катмардагы жана жөнөкөй жарандарда экономикалык эркиндик аз. Орто жана чакан бизнестер жоголуп, жоюлуп рыноктон сүрүлүп жок болуп баратат. Бизде биримдикке киргенге чейин жөнөкөй жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөр кенен болчу. Кийлигишүү, текшерүүлөрдүн жана башка себептердин көптүгү инвесторлордун келишине бөгөт болууда.

Жолборс жылында...

Кимдер төрөлгөн?

Атактуулардан Иосиф Сталин, Хо Ши Мин, Мэрилин Монро, Виктор Цой, Леонардо ди Каприо, Том Круз, Бүбүсара Бейшеналиева, Майра Керим кызы, Талант Анарбаев жана башкалар туулган.

Кандай окуялар болуп өткөн?

1902-жылы 31-январда Азербайжанда күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. 1914-жылы 28-июлда Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. 1926-жылы 1-февралда Кыргыз Автономдуу советтик социалисттик республикасы түзүлгөн. 1950-жылы 25-июнда Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда согуш башталган. 1986-жылы 26-апрелде Украинадагы Чернобыль АЭСинде жарылуу болгон жана башка.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан