РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ ЭРКИНДИККЕ ЧЫКТЫ

Саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков 27-декабрь күнү эркиндикке чыкты. Ал социалдык тармак аркылуу билдирүү жасап, колдоочуларына ыраазычылык билдирди. Маалыматка таянсак, Равшан Жээнбеков жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине ылайык бошотулган. Саясатчы 2021-жылдын 5-августунан бери камакта болчу. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Жээнбеков быйыл 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого Бишкектин Ленин шайлоо округунан талапкер болуп катталып, жарышка түшкөн. Президент Садыр Жапаров шайлоодо Равшан Жээнбековго добуш бергени белгилүү болуп, бул боюнча комментарий берген өлкө башчысы Жээнбековдун камакта отурушун каалабай турганын айткан.

– Добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин укук коргоо органдары жана сот аныктайт. Жээнбеков 2017-жылдагы менин абалымда камакта жатат,- деген президент.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан