Бактыгүл Темирбаева, маркумдун апасы: “БАЛАМДЫ ӨЛТҮРҮП, ӨРТТӨП, ДЕНЕСИН ТОГУЗГА БӨЛҮП АЖАТКАНАГА ТАШТАП САЛЫШКАН”

Баткен районунун Бужум айылынын тургуну маркум Жигитали Темирбаевдин өлүмү көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузду. 33 жаштагы жигит мыкаачылык менен өлтүрүлүп, анын жиликтелген денеси кайнагасынын ажатканасынан табылган. Бул окуя тууралуу маркумдун апасы Бактыгүл Темирбаева айтып берди.

“КЕЛИНИҢИЗДИ БАШКА БИРӨӨ МЕНЕН КАРМАП АЛДЫМ ДЕП АЙТКАН”

– Менин 1 кыз, 1 уулум бар. Жолдошум балдарым кичине кезинде каза болуп калган. Уулум Жигитали менен келиним кыз-жигит болуп сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Экөө 11 жыл чогуу жашап 3 балалуу болушту. Баламды үйлөндүрүп-жайландырып, анан көңүлүм тынчып, Орусияга иштегени кеткем. Той-аштарга келип-кетип жүрчүмүн. Балам кумурсканын да уясын бузбаган ак көңүл, ким болбосун жардамын аябаган жан эле. Бужум айылынын эли билет баламдын кандай адам экенин.

Уулум жоголгондо айылдын 500дөй тургуну 3 күн күнү-түнү издөө жүргүзүшүптүр. Кантип мындай мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө азыркыга чейин аң-таң болуп отурам. Келиним дарыканада иштечү. Билишимче, бир жылдан бери көңүлдөш күтүп, ошого азгырылып, уулум менен көңүлү жок жашап, үйүнө, балдарына да жетишерлик көңүл бурган эмес. Эртең менен 8де жумушка кетип, түнкү 12де келчү экен. Балдарын Жигитали өзү карап, тамак жасап берип жүргөн. Окуя болордон 4-5 күн мурун уулум чалып “апа, келиниңизди үйдөн башка эркек менен кармап алдым. Келиңиз, ажырашам” деп айтты. Муну укканда жаман абалда калдым, анан “кой, балам, сабыр кылып тур. Мен барайын, анан чечебиз” дедим. Балам мурун деле аялынан шекшип, бирок үстүнөн кармап албаган соң жалаа болуп калат деп унчукпай жашап жүргөн. Кызым чалып “Жигитали жоголуп кетти” деген кабарды айтканда эле жаман болуп, дароо билет алып жолго чыктым. Баламдын жаназасына келеримди билген эмесмин (ыйлап).

“БАЛАМДЫН ДЕНЕСИ АЖАТКАНАДАН ТАБЫЛДЫ”

– Окуя мындай болуптур. 17-октябрь күнү келиним менен уулум экөө урушуп кетиптир. Ачууланган келиним дары берип баламды ууландырат, балам эс-учун билбей жатып калат. Экөө урушкан күнү балама чалсам булдуруктап сүйлөй албай калган болчу. Баамымда, ошол убакта тилден калып өзүн жоготуп бараткан окшойт. Жигиталинин каза болуп калганын айтып келиним эки агасын жардамга чакырыптыр. Агалары келип баламды бөлмөдөгү паласка ороп алып чыгышкан. Үйдүн жарыгын атайын өчүрүп, сөөктү караңгыда келинимдин жеңесинин Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасына салып алып кетишкени көчөдөгү дүкөндүн видеокамерасына түшүп калыптыр. Баламды, балким, тирүү алып калабызбы деп агалары дарыканага алып барып, түрдүү уколдорду сайышкан. Каза болгонун билгенде сөөктү жашыруу максатында адам оюна келбеген мыкаачылыкка барышкан. Паласка оролгон сөөктү келинимдин улуу агасыныкына алып келип өрттөшөт. Адамдын денеси майлуу болот эмеспи, өрттөгөндө үйдү жагымсыз жыт каптап, кайра топурак менен өчүрүшөт. Андан соң отун араалоочу электр араа менен сөөктү тогуз бөлүккө жиликтеп, ошол үйдүн ажатканасына таштап топурак менен көмүп салышкан.

Эртеси кызым издеп баштаганда келиним, анын агалары, ата-энеси баш болуп эч нерсе билбегендей эл менен кошо издешкен. Окуянын чоо-жайы Оштон укук коргоо органдары келип, келинимдин агаларын суракка алганда ачыкка чыкты. Издөө учурунда эки агасы айыл тургундарын үйлөрүнө киргизбей кармап турушкан. Куткаруучулар биринчи биздин үйдөгү ажатканага келишиптир казабыз деп, кийин кайнагасынын үйүндөгү ажатканадан табышты. 13 куткаруучу казып, милиция кызматкерлерине өткөрүп бериптир. Жерге берерде баламдын дене мүчөлөрүн скотч менен бириктирип бердик. Ичеги карын, ашказан, кекиртектери жок экен. Бети күйгөн, тиши эле калыптыр.

“КЕЛИНИМ МЕНЕН ЖЕҢЕСИ ДА ЖООПКО ТАРТЫЛСЫН”

– Окуяга келиним менен анын жеңесинин толук катышуусу бар деп ойлойм. Бирок тергөөдө шектүү деп берки эки кайнагасын эле кармашкан. Келиним суракка да чакырылган эмес, кенен-кесири айылды аралап басып жүрөт. Бир айылда эле турабыз, бирок көзүмө чалдыга элек. Көрсөм мыйзамсыз иштерди жасап саламбы деп корком. Эгер келиним жоопко тартылса мен баламдан калган 3 неберемди багууга даярмын. Окуя болгонуна 3 ай болду, ошол убактан бери сот боло элек. Угушумча, шектүүлөр “психикалык жактан оорулуу” деген маалымдама алып бошонуп кеткени жатышыптыр. Ушул жерден калайык журтка, сот, тергөөчүлөргө кайрылат элем, күнөөлүүлөр мыйзамдуу жазасын алышсын.

Канышай Тешебаева, маркумдун таежеси: “3-КЛАССТАГЫ КЫЗЫ БААРЫН МИЛИЦИЯГА АЙТЫП БЕРДИ”

– Жигитали мени таене дечү. Ал өлтүрүлөр күнү мага телефон чалган. “Таене, аялым жок. Балдардын курсагын тойгузайын деп жумуртка алып келдим” деген. “Каякка барат эле, жүргөндүр да, келер” дедим. Эртеси эле “Жигитали жоголуптур” дегенди угуп үйүнө жетип келдим. Эл көп экен, унаалар тизилип калыптыр, милиция кызматкерлери жүрөт. Үйгө кирип эле келиниме “дагы уруштуңарбы? Эмне болду? Сен бир нерсе кылдың” дедим. Урушсам көйнөгүн чечип “мына, Жигитали мени урду” деп көгөргөн денесин көрсөттү. Үйдөгү 3-класстагы кызынан “атаң кана?” деп сурасам, “атам бизге жумуртка алып келип, бирок бышырбай эле уктап калды. Түндө турсам жарык өчүк экен. Эки киши атамды алып чыгып кетти. Иним эшикке чыгам деди эле, эшик караңгы болгондуктан мен отургучка чыгып лампаны бурап күйгүздүм. Анан апам келип, үйлөрдү аарчып тазалады. Кишилердин үнү тагамдын үнүнө окшош экен” деди. Мен милиция кызматкерлерине “мына, кызы айтып жатат. Ким экенин сурагыла” дедим. Ошол кызынын айтуусу менен, анан кошунабыздын дүкөнүндөгү камерага түшкөн видеонун негизинде келинибиздин 2 агасы кармалды. Биз акыйкат тергөөнү суранабыз.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП МАРКУМДУН ЭКИ КАЙНАГАСЫ КАРМАЛДЫ”

Баткен ОИИБи окуя боюча төмөнкүлөрдү билдирди:

– 17-октябрь күнү саат 22:00дөр чамасында Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайткан эмес. Бул боюнча 19-октябрь күнү анын бир тууган эжеси Каныкей Темирбаева милицияга арыз жазып кайрылган. Аталган факт Баткен РИИБине “дайынсыз жоголуу” беренеси менен катталып, издөө иштери жүрө баштаган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектелип Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. менен анын 28 жаштагы бир тууган иниси Ж.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) квалификацияланып, азыркы күндө тергөө иштери уланып жатат.

Экинчи тараптын пикирин угуу максатында маркумдун кайнатасы, шектүүлөрдүн атасы Исамидин мырзага байланышканыбызда “өзүм араң жашап жүрөм. Бирөөнүн кылган нерсеси үчүн жоопкерчилик алып, анын жоругун актай албайм” деп, окуя тууралуу пикир билдирүүдөн баш тартты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gulina00
2022-01-03 21:44:40
Жазасын алсын олтуртпой эле кетип калбайбы эшек.Ойнош деп уч баласыда козуно корунбоптурда.
0
XATSAN125
2022-01-05 15:26:28
Мага алып келип берсе огол тортоону ме каалаганынды кыл жоопко тартылбайсын деп.Тушуно кирбеген кыйноолорду кылмакмын кундо бири бирине дене мучолорун аралатып буту колун кыркып денесин тоголок кылып анан уйно жеткирип бермемин мегиле эми багып жата бергиле жиликтеген мындай болот деп
0
Erlan_95
2022-01-06 09:14:33
XATSAN125, сен анда алардан эмнен айырма калат?? Сен да потенциальный убийца окшойсун. Барып корунуп койчу
0
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан