«ГҮЛ СУЛУУ БОЛГОН МЕНЕН, ЖЫЛУУ ЭМЕС...»

Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

Эх-х-аттигиң, жакшы чыгармалар көп жашагандай, жакшы адамдар дагы көп жашаса эмне?..

* * *

Мектепке жабыла кетип жаткан жаркырак окуучуларды чылпак көз менен тиктегенге болбойт.

* * *

Адамдын күчүн кара! Элдешкис эки душманды (жубайы менен “беркинисин”) бир жүрөктө жашатып – бирдей сүйүп!

* * *

Айылыңа мактанбаш үчүн – аялыңа мактан. Кудай жалгап ал кулагынын сыртынан кетирип коёру ырас...

* * *

Саясат – сая кеткен саат көбүнчө.

* * *

Аялын кызгана албагандар ажону кызганганда – күйбөгөн жериң күл болот экен.

* * *

Гүл сулуу болгон менен, жылуу болбойт. Ал эми аялзаты сулуу дагы, жылуу дагы!

* * *

Кеченин же концерттин жүрүшүндө берилген гүл – чыныгы гүл. Ал эми кече же концерт бүткөнгө чейин кармалып отурулуп, өнөр секиден түшкөндөн кийин тапшырылса, ал – гүл эмес, күл. Анткени күйүп бүтүп калды.

* * *

Бечара телефон деле тепилдеп аябай өнүгүп-өстү. Сүйлөшкөн балдарыңдын, башкалардын элесинен бери көрсөтүп. Эми жеп жаткан таттуу тамагыңдан тигил жакка кичине жиберип ийе турган кылып койсо...

* * *

“Коёндун” бир тамгасын алып койсок “оён” болду эле, андан кайра өзүнүн жүрөгү түшүп бөжүрөсө болобу.

* * *

Дасторкон калың болсо – тамак жука ичилип-желет. Дасторкон жука болсо – тамак калың ичилип-желет. Үнөм да берекеде!

* * *

Досуңа өкүрүп баратканың – өзүңө өкүрүп баратканың экен. Демек, досуңа өкүрбөгөнүң – өзүңө өкүрбөгөнүң...

* * *

Кеми болбой – тоо болбойт!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан