ТУУРА ТАМАКТАНЫП БИР АПТАДА АРЫКТАСА БОЛОТ

Окумуштуулар иликтөөлөрүнө таянып, адамдын ден соолугундагы көйгөйлөрдүн көбү туура эмес тамактануудан келип чыгарын белгилешет. Эгер туура тамактануу менен бирге спорт менен машыкса ал адамга көп оору жолой албайт дейт нутрициолог Айша Атабаева. Бул айым бүгүн биздин окурмандарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

"Такыр тамакка тойбойм. Кантип тамакты аз жеш керек?"

– Ар дайым тамактануунун алдында 1 стакан жылуу суу ичип койгон жакшы. Бул убакта мээге “курсак тойду” деген коңгуроо барат. Өтө ысык суу да, өтө муздак суу да ден соолукка зыян. Мисалы, муздак суу ичкенде ашказан ал сууну жылытмайынча мээге коңгуроо барбайт. Тамак менен 1 чыны жылуу суу ичсек да курсак бат тоёт.

"Бат арыктоонун кандай ыкмалары бар?"

– Майлуулугу 2 пайыздык 200 грамм айранды стаканга куябыз. Ага сүргүчтөн өткөрүлгөн 1 даана бадыраңды, жарты лимондун ширесин кошобуз. Мындай аралашманы ар жолу тамактын алдында ичсеңиз бир жумада 3-4 килограмм салмак таштайсыз.

"Бардык диеталарды кармап көрдүм, бирок салмагым түшпөй жатат..."

– Эртең менен турганда сөзсүз 200 грамм жылуу суу ичиңиз. Андан соң денени кызытуу үчүн кыймылдашыңыз керек. Жакшы көргөн ырыңызга бийлесеңиз да болот. Сыналгыны коюп, чөнтөк телефонду карап алаксып тамактанган болбойт. Сыналгы көрүп тамак жегенде мээге “курсак тойду” деген белги барбай калат. Жеп жаткан тамагыңыздын даамын да сезбей каласыз. Андыктан көңүлдү бир гана тамакка коюп, шашпай бир кашык тамакты 17-18 жолу чайнап жеген жакшы. Анан да “курсак тойсо болду” деп колго тийген тамакты эмес, кайсы тамак-ашта витаминдер көп болсо ошону тандоо шарт. Мисалы, белок нокотто көп, кальций күнжүттө көп болот.

"Таттуусуз жашай албайм, кантип андан баш тартсам болот?"

– Медицинада адамды онкологиялык дартка жеткирчү негизги азык – бул кант. Рак клеткалары кантты көп керектейт. Дени сак клетка дээрлик кантты керектебейт. Айрыкча кайра иштетүүдөн өткөн канттар зыян, буларга печенье, момпосуй, пирогдун түрлөрү жана башкалар кирет. Андыктан арыктайм деген адам биринчи кезекте канттан жана кант кошулган тамак-аштардан баш тартышы зарыл. Таттуунун ордуна курамынын 80-90 пайызын какао түзгөн шоколаддарды жесе болот.

Адамга магний жетишпегенде таттуу жегиси келип калат. Магнийдин азайышынын белгиси: буттун тарамыштарынын түйүлүшү, эртең менен турганда кыйналуу, түнү менен уктаса деле уйкунун канбашы.

"Бат толуп, кайра арыктай берип боорумду оорутуп алдым, эмне кылсам?"

– Адам улам толуп, арыктай бергенде боордун гепатоз жана башка ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Адам эмнени жеп толуп жатканын, эмнени жеп арыктап жатканын анализдеп билиши керек. Азыр биологиялык активдүү кошулмаларды ичип арыктагандар көп. Алардын курамында ден соолукка зыянын тийгизчү химикаттар болушу мүмкүн. Адам туура тамактанганды үйрөнсө эле салмак бир калыпта сакталат.

"Семизмин, кээде салмагым 140-150 килограммга чейин жетет. Эмне кылам?"

– Ашыкча салмактагылар 3-4 күн куурулбаган, сууга, бууга бышкан гана тамактарды жеши керек. Мисалы, шорпо, күрүч шорпосу сыяктуу тамактарды. Мен өзүм 90 килограммга чейин толуп, туура тамактануу аркылуу 5 айда 25 килограмм салмак таштагам. Адамдын ичегисинде 7-8 килограммдай пайдалуу жана зыяндуу бактериялар жашайт. Зыяндууларын чыгарып салыш үчүн тамак менен кошо сөзсүз жашылча салат жегиле, же дүкөндөрдө сатылчу даяр клетчатканы кошуп айран ичкиле. Клетчатка ичегидеги зыяндуу массаны чыгара алат.

"Айыгып, кайра эле тумоолой берем. Эмне кылсам болот?"

– Иммунитети алсыз адамдар кайра-кайра оорушат. Иммунитетти көтөрүүнүн эң жакшы жолу – чийки болгар калемпирин жеңиз, чийки картошканы сүргүчтөн өткөрүп ширесин ичиңиз. Ит мурунду чай катары демдеп ичсеңиз да жакшы. Туздалган капустада да С витамини көп болот. С витамини ичегиде пайдалуу бактерияларды көбөйтөт. Ысык чайга кошулган лимон өзүнүн пайдалуулугун жоготот, андыктан жылуу чайга кошуп ичкен жакшы. Эскертүү: болгар калемпирин, чийки картошка ширесин ашказан жана панкреатит оорусу барлар ичсе болбойт.

"Таттуу көп жебейм, бирок толукмун, эмне кылсам болот?"

– Кант биздин күнүмдүк жеген тамак-ашыбызда, кала берсе жер-жемиштерде бар. 100 грамм ак нандын курамында 30 грамм кант бар, 200 грамм фри картошканын курамында 60 грамм кант бар, 200 грамм макарондо 40 грамм кант бар. Кадимки биз жеп жаткан сабиз, капуста салаттардын курамында да кант бар. Адам тигини жеп, муну жеп отуруп бир күндө 20 кашык кумшекер жеп койгондой болот. Мисалы, суусундуктун ордуна зыгыр уругун, жалбыз жалбырагын, лимондун ширесин жылуу сууга аралаштырып ар бир тамактануу алдында ичсе аптасына 4 килограммга чейин салмак таштаса болот. Аталган суусундуктарды жайында ичсе суусунду кандырып, кайра суусатпайт. Уктоо режимин кармаса да адам арыктайт.

"Кофени абдан жакшы көрөм, ден соолугума зыяны болушу мүмкүнбү?"

– Кофени көп ичкенде организм ага көнүп, талап кыла берет. Башкача айтканда, организм көз каранды болуп калат. Кофени көп ичкенде организмдеги кальций жуулуп кетет. Андыктан кальций каражатын ичкенде кофени токтотуп туруу зарыл. Кофе ичүү өнөкөткө айланып кетсе сөөк оорулары, мисалы, остеопороз пайда болот. Сөөктөргө күч келсе сына турган болуп калат.

"Курсагым бат-баттан ачат, эмне кылсам болот?"

– Биздин курсагыбызды бат-баттан ачырган нерсе грелин гормону деп аталат. Курсак бат-баттан ачпашы үчүн эртең мененки тамактарды углеводдуулардан баштаңыз. Организмибизде май ткандары иштеп чыгарган лептин гормону бар. Бул гормон аз иштелип чыгарылганда адам семире баштайт. Туура тамактануу аркылуу гормондун калыптагыдай иштелип чыгышын шарттоого болот.

Кыш келди, салат жегенге помидор, бадыраңдардын баасы жогорулап, чөнтөккө чак келбей калса, түрдүү дандардын аралашмасынан жасалган клетчаткалар бар, ошону жылуу сууга аралаштырып жесе деле пайдалуу.

"Ашказанга күч келтирбей кантип туура тамактанса болот?"

– Ашказаныңызды төрткө “бөлүп алыңыз”. Бир бөлүгүн салат, экинчи бөлүгүн тамак, үчүнчү бөлүгүн суюктук менен толтурасыз. Төртүнчү бөлүгү бош калышы керек. Ошондо ашказандагы кычкылдар жана ашказан маңызы тамакты майдалап, ичегиге өткөрүп бере алат. Ар бир тамактануунун аралыгы 4 сааттан болуусу шарт. Анткени ашказандын тамакты майдалап иштеп чыгаруусуна 4 саат кетет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан