ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-ЯНВАРДАН 9-ЯНВАРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Майрамдык маанайды улай коноктоп жана куттуктап келген адамдар болот. Кышкы каникул бир жылдык планыңызды түзүп алганга убакыт берет. Үй-бүлөлүүлөр түгөйлөрү менен болгон маселени оңой чечип алышат. Дем алыш күндөрү соода жасоону пландасаңыз, сатып алуу ийгиликтүү болот. Интернет аркылуу дос табууңуз мүмкүн. Ал сизге кийинчерээк акылман жолдош болуп берет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада ден соолугуңузга көңүл буруңуз, өнөкөт ооруңуз болсо дарыланууну дароо баштаганыңыз туура. Мончого же саунага баруудан баш тартуу сунушталат. Дем алыш күндөрү үйүңүздү иретке келтирип, тиричилик иштери менен алек болосуз. Жалгыз бой букачарлар болочок түгөйүн тандоодо шашылыш чечим чыгарбоолору зарыл. Алыста жашаган туугандарыңыз конокко чакырышы ыктымал.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бирге иштеген өнөктөшүңүз сизге караганда активдүүрөөк болот, демилгени ага өткөрүп берүүгө даяр болуңуз. Аптада талашып-тартышуу, урушууга барбаганыңыз туура. Бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылыңыз. Жалгыз бой эгиздер сыртынан жактырып жүргөн адамы менен тааныша алышат. Дем алыш күндөрү кызыктуу китеп же жакшы көргөн тасмаңызды көрүү сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада үйдөгү жана жумуштагы түйшүктөр сизди чарчатканын сезесиз. Ооруларды аныктатуу жана аларды өз убагында дарылатуу үчүн медициналык кароодон өтүүгө эң сонун учур. Дем алыш күндөрү юбилей, иш-чара, туулган күнгө барууга сунуш түшөт. Эгерде сиз бойдок болсоңуз, анда дал ушул убакта болочоктогу жарыңызды табуу мүмкүнчүлүгү жогору.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чыгармачылыкта арстандар өздөрүн мыкты жагынан көрсөтүшөт. Хобби менен алаксуу, коллекция топтоо, спорт менен машыгууга, концертке барууга сизде жетиштүү убакыт болот. Романтикалык таанышуулар жана жолугушуулар үчүн да ыңгайлуу учур. Дем алыш күндөрү балдарды циркке, муз тебүүчү аянтчага алып барып көңүл ачтырып келиңиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптаны үй-бүлөңүз, жакын досторуңуз менен өткөрсөңүз, мамиледеги гармонияны сезесиз. Үйүңүздү жасалгалоо үчүн да ыңгайлуу учур. Чоң ата, чоң энеси менен жашагандар санжыра, жомоктор аркылуу өздөрүнүн түпкү тегин билип, аны изилдөө каалоосу күчөйт. Дем алыш күндөрү убактыңызды толугу менен балдарды кароого арнаңыз, алардын кылык-жоруктарынан ырахат аласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Убактыңызды көңүл ачууга, эс алууга жумшасаңыз болот. Анткени сиз мындай эс алууга татыктуу иштедиңиз. Каржы маселесинде бирөөгө карыз берүү, насыя акчага буюм сатып алуу сунушталбайт. Карызыңыз убагында төлөнбөй, алган буюмуңуз бат эле жарактан чыгып калуусу ыктымал. Дем алыш күндөрү алыска сапар тартуу сунушталбайт, үй-бүлөңүз менен үйдө болгонуңуз туура.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Анын артынан каржылык көйгөйлөрүңүздү чечип аласыз. Кыймылсыз мүлк сатып алам дегендердин кыялы ишке ашуусу ыктымал. Түгөйүңүз жагымдуу сюрприз жасап, сиз күтпөгөн белекке ээ болушуңуз мүмкүн. Бойдок чаяндар достук мамиледе жүргөн адамына өзгөчө сезими ойгонуп жатканын байкашат. Эс алуу күндөрү ызы-чуудан алыс болгонуңуз туура.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Майрамдык аптада өзүңүздү түшүнүүгө, жашоодо ийгиликке жетүү үчүн эмне керек экенин анализдөөгө аракет кылыңыз. Азыр сиз мүмкүнчүлүктү так билип, биринчи кезекте орундатуу керек болгон максаттарды пландаштырыңыз. Эски достор менен жолугасыз, алар көйгөйлөрүңүздү талкуулоодо сунуштарын айтышат. Апта аягында каржылык абалыңыз жакшырат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жакын адамыңыз көп жылдап каткан сырын айтышы мүмкүн. Бир окуя сизди тынчсыздандырып, кабатыр кылышы ыктымал. Аптада психологиялык адабияттарды, адамдын өзүн-өзү таануусуна багытталган руханий китептерди окууга кызыгасыз. Кезинде жакшылык кылган адамыңыз сиздин маанилүү жумушуңузду бүтүрүп берип алкыш угат. Мал чарба менен алектенгендер кирешесин көбөйтүшөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ажырашуу алдында турган түгөйлөр келишип мамилесин жолго сала алышат. Соода жаатында иштегендер каржылык абалы жакшырганын сезишет. Бойдок суу куярлар виртуалдык таанышуудан сак болгону туура, сиз баарлашып жаткан адам такыр башка болуп чыгышы мүмкүн. Алыстан келген күтүүсүз кабар сизди чоң кубанычка бөлөйт. Чет өлкөгө барып иштөө же окуу каалооңуз күчөйт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптада буга чейин пландаган көп максаттар сиз тараптан эч кандай күч-аракет жумшалбастан орундалат. Таасирдүү жана абройлуу тааныштарыңыз жардамга келет. Тапкан каражатыңызды бейчеки коротсоңуз, бат эле куру кол отуруп калуу коркунучу бар. Эс алуу күндөрү үй, короо-жайды иретке келтирип, тиричилик жумуштары менен алектениңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан