Кубан Атабеков, спорт баяндамачысы: “ЭЛДИ ТАЖАТЫП АЛДЫМ ГО ДЕП БАЯНДАМАЧЫ БОЛБОЙ КАЛДЫМ”

Спорт баяндамачысы дегенде эсиме Кубан Атабеков түшөт. Ал акыркы жылдары эфирден алыстап кетсе дагы анын үнү азыр да кулагыма жаңырып турат. Спорттун бардык түрүн кыргыз тилинде ийине жеткире баяндап берген белгилүү спорт баяндамачысы Кубан Атабеков менен маектешүү абдан кызыктуу болду. Ал бул кесипти кантип аркалап калган, учурда эмне менен алек? Маекке көз чаптырыңыз, окурман.

– Саламатсызбы, Кубан ага? Көптөн бери теле тармагынан көрүнбөй кеттиңиз, эмне иш менен алексиз?

– Саламатсызбы? Мен политехникалык университеттин электр менен жабдуу бөлүмүн бүтүргөм. Азыр ошол дипломду иштетип жатам. "Электр станциялары" ишканасында орус, англис тилдеринен кыргызчага котормочулук кылып иштеп жатам. Мурун студент кезде англис тилин үйрөнгөм. Токтотуп койсоң жылына 30 пайызы унутула берет экен. Кой деп 5-6 жыл мурун кайрадан кайталап баштагам.

– Кайсы дубандан болосуз? Башынан эле спортко кызыгууңуз күч беле?

– Мен 1975-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Дыйкан айылында төрөлгөм. 3 бир туугандын улуусумун. Кичинекей кезде эрте тамга таанып, эрте окуганды үйрөнгөм. Ноябрда төрөлгөндүктөн мектепке кирер жылы жашың жетпейт деп 1-класска албай коюп, коңшу айылга барып мектепке даярдоо классында окугам. Бирок мен алиппени мурун эле окуп бүтүрүп койгом, ошол кезде эле дүйнөлүк картаны, өлкөлөрдүн борборлорун жатка билчүмүн. Алардын сабагы кызыксыз болду. Анан Сокулукка көчүп келдик. Кийинки жылы 1-класска ушул жактан кирдим. Кийин ал жак дагы кызыксыз болуп баштаганда Бишкектеги №5 гимназияга келдим. Апам китепканачы болчу, айылдык китепканага барып ар тармактуу китептерди окучумун. Мектепти жалаң “5ке” бүтүргөм.

Айылда жүргөндө хоккей ойночубуз. №5 мектепке келгенден кийин бассейн, штанга, бокс, күрөш, чуркоо, гимнастика, теннис, таэквондо, каратэ, ушу, айтор, ар кайсы спорт түрүнө барып көрдүм. Баары кызык болчу. Студент кезде күрөшүп да жүрдүм. Университетте чемпион болгом.

– Башка тармакта окуптурсуз, кандайча спорт баяндамачысы болуп калдыңыз?

– 4-курста окуп жүргөндө Мыктыбек Арстанбек жогорку окуу жайлар арасында 5х5 деген викториналык оюн өткөрчү. Бир күнү башка студенттер келип “биз ушул оюнда уттук” деп калышты. Мага дагы кызык болду, “мен дагы барсам болобу?” десем, “команда толуп калды” деп коюшту. Анан башка балдарды чогултуп алып университеттин башка филиалынын атынан барып, оюнга кабыл алындык. Бардык турун утуп, Ысык-Көлгө жолдомо алдык. Ошондо Мыктыбек Арстанбек “КТРге келбейсиңби, долбоор даярдасаң болчудай экен” деди. Теле жаатына бир барып көрөйүн деп Мыктыбек Арстанбекке келсем “долбооруң барбы?” деди, “бар” десем, “эми демөөрчү таап кел” десе боло. Баягы долбоорду ишке ашыра албай кыйналып жүрдүм. Бир күнү режиссёр Алим Токторов “сенин жөндөмүң бар экен, оюңду чачыранды кылбай кагазга түшүр” деди. Жазып чыктым, окуп көрүп жактырды. Ошол убакта жаштар редакциясы жаңы кадрларды алып жатыптыр. Долбоорумду сунуштасам өтүп кетти. 2003-жылы “1200 секунд” деген берүүнү даярдап баштадым. Чемпиондор лигасын, бокс, чет өлкөдөгү болуп жаткан мелдештерди кассетага жаздырып келип, аны эфирге даярдап берчүмүн. Айлык албайм, видеолорду өз акчама жаздырчумун. Ошентип эфирге көнүп кеттим. Чогулушта журналист Бейшенбек Бекешов “рингдин төшөлмөсүнө сулата чапты деген сөзүң жакты, берүүнү ошон үчүн көрдүм” деди. Ошончо улуу инсандардын арасында ушул сөздү угуп өзүмө ыраазы боло түшкөм.

– Сизди кыргыз тилдүү спорт баяндамачылардын жол баштоочусу десек болобу?

– Антип айта албайм. Учурунда Орзубек Назаров катышкан бокс чемпиондуктарын орус тилинде баяндап жатканын көрүп, “эмнеге кыргызча айтып беришпейт?” дей берчүмүн. Мектеп окуучулар арасында “Чамда отряд” деген жарыштарды эфирде Калыбек Бейшенбеков, Кабыл Макешов деген агаларыбыз кыргыз тилинде баяндап беришчү. Мен алгачкы кыргыз тилиндеги баяндоону ошондо көргөм.

– Бардык спорт түрүн ийине жеткире баяндаганыңызды баалагандар көп. Мунун сыры эмнеде?

– Ар бир нерсеге даярданыш керек. Башында сөздөрдү кыргызчалоо, кулакка өөн учураган, көнбөгөн сөздөрдү сүйлөө абдан оор болгон. Кичинекей кезимде гезиттен советтик спортту көп окуп, спорт жөнүндө түшүнүк ошол кезде эле калыптанган. Спортту баяндоого ошондон бери топтолгон сөздүк курамдын пайдасы тийди. Өнүккөн өлкөлөрдө ар бир спорттун өзүнүн адиси болот. Ал спорттун качан жаралганын, аки-чүкүсүнө чейин баарын билет. Биз бир спортко ыктасак башка түрү калып калмак, ошондуктан баарын бир алып кетүү керек болду. Жакшы түшүнүп алсаң спорт түрлөрү бири-бирине окшош эле. Эң негизгиси, окуя болуп жаткан жерге барып көрүп-билип алсаң баяндоо жакшы болот, ошол жердеги аба ырайын, атмосфераны, атаандаштар тууралуу сүрөттөп кошуп кете бересиң. Курулай эле оюнду баяндай бербей улам тарыхты кошуп, эскерип турсаң көрөрманга деле кызык болот.

– Азыркы баяндамачыларды карап, баам салып турасызбы?

– Жумуштан кеткенден кийин деле тааныштар “Кубан, эфирде сүйлөп жатасың го” деп телефон чалып калышчу. Угуп көрсөм баяндамачынын сүйлөгөнү меникине окшошуп кетет экен. Спорттук баяндамачыларды дайыма карап турбасам да, чоң чемпиондуктар болгондо сөзсүз көрөм. Азыр жакшы, өсүш бар.

–Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз.

– Мен кечирээк үйлөндүм. Келинчегим менен жумуштан таанышкам. Учурда 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жатабыз. Кызым колледжде, уулум мектепте окуйт. Кызым волейболго барат.

– Азыр баяндамачы болуп иштөө каалооңуз барбы?

– Баягы эле сөздөрдү тегирмендин ташындай эле айлантып айта берип өзүмө 13 жылда элди тажатып алгандай эле сезилген. Бул аралыкта дем алышсыз иштедим, өргүү учурунда деле "бир долбоорду бүтүрө коёюн" деп жумушта эле жүрчүмүн. Мындай график менен иштөө, футболдо Чемпиондор лигасын түнгө чейин баяндап уйкудан калып жүрө бергеним дагы ден соолугума терс таасир этти. 2016-жылы жумуштан кеттим. Дайым эле бул жаатта жүрө бергенди дагы туура көргөн жокмун. Жаштарга да орун бериш керек. Мен жумушка жаңы киргенде “спорт биздин темабыз” деп менден талашкан улуулар болгон. Мен муну каалаган жокмун. Мурун эфирге бир спортчу, бир ырчы дуэт болуп ырдаган жаңы жылдык долбоор даярдап чыгарчумун. 3-4 жылдай тартылбай токтоп калган. Былтыр байланышып “ошол долбоорду даярдап бербейсизби” дешкенинен макул болуп даярдагам. Азыр дагы ошол берүүнү даярдоо иштери менен алекмин.

– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rafo80
2022-01-06 22:02:35
Азаматсыз, спортто сиздин ордуңуз бар.
0
Supsuluu
2022-01-09 09:41:45
Чын эле спорт десе ушул кишинин үнү жаңырат да, сонун баяндачу.
0
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан