СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Эч качан көрүшпөчүдөй болгон экөө кайрадан кезигишти. Бирин-бири сынай тиктеп турушту. Абдул тартып жаткан тамекисин ыргытып жиберип, Айдананы утурлай басты.
– Саламатсың...
– Кандай?
Башка сөзгө өтө албай туруп калышты. “Бекер келдиң. Жүрөгүмдүн картын сыйрып...” деп жатты Айдананын көздөрү.
– Өзгөрүп кетип­сиң,- деди Абдул.
– Кызым кайда? Сагындым аны...
– Аны алып келе албадым. Апамдар бербей коюшту.
Айдана эрдин тиштеп, ичинен онтоп алды. Кызын катуу сагынган экен. Атайы арнап белек да сатып алган эле. Оор үшкүрүп алды да, машинасын көздөй басты. Аркасынан Абдул ээрчий жөнөдү. Экөөнүн ортосунда муз дубал тургандай сөз таба албай көпкө отура беришти.
– Эмнеге келдиң?- деди суз тиктеген Айдана.
– Сени алып­ кеткени келдим. Сагынычың тарагандыр...
– Кызык, чын эле мени кайра сени менен жашайт деп ойлоп жатасыңбы? Көрдүңбү, сен мени таптакыр билбейсиң. Экөөбүздүн ортобуздагы болгон нерседен кийин мен сени...
– Эркектерде боло берчү иш. Ал үчүн канча кечирим сурадым.
– А мен сени кечирбейм дегем ошондо эле. Ансыз деле биз үйлөнгөндөн бери ай сайын ойношторуң жаңырып турганын сезчүмүн. Дүйнөдөгү бардык аялдар сеники болсун, бир гана менин курбума тийбе дегем. Сенин жашооңдо башка аялдар ар дайым болоруна, аял алмаштырмайынча жашай албасыңа түшүнгөм. Менин жалгыз курбума, жүрөгүмө жакын адамыма, сырдашыма көзүңдү түшүрбө дегем. Жок, так ошол талуу жеримди кармадың. Баарынан күйгөнүм, ал сага утурумдук гана көңүл ачуу болчу. А мен үчүн чыныгы курбу эле. Элимди, жеримди сагынып жүргөндө маңдайымдан сылаган, акыл-кеңешин айткан, дилдеш адамым Нази болчу. А сен аны да мага ыраа көрбөдүң...
Ар бир адам очогун сактап калгысы келет. Мен дагы бар күчүм менен аракет кылдым. Көп нерсеге көзүмдү жумдум. Ата-энең, туугандарың мага сыртын салганын, мени адам катары көрбөгөнүн, менин көзүмө чөп салганыңды баарын, баарын көтөрдүм. Алым калбай калганча күрөштүм. Бирок Нази акыркы чекити болду. Кетүүнү чечтим.
Билесиңби, өзүмдүн жериме келгенде биринчи жолу бакыттан ыйладым. Бекерге кеткен беш жылдык өмүрүмө ыйладым.
– Айдана, ошол аялдардын баары мен үчүн утурумдук көңүл ачуу экенин эми түшүндүм.
– Нази дагыбы?
– Ал дагы.
– Акмак... Анын сезими тууралуу ойлонуп да, баш оорутуп да койбосоң керек. Сени жакшы билем. Көздөгөнүңө жетмейинче аркасынан калбайсың. Мен Назиге канчалык керек болсом, ал дагы мага ошондой керек эле. А сен экөөбүздүн мамилебизди атайлап бузгуң келди. Өзүм дагы сенин көжөлгөн өжөрлүгүңдүн курмандыгы болгом.
– Айдана!
– Айтчы, эмнеге мени аялдыкка алдың?
– Анткени мага башка аял чыдамак эмес. Сен жакшы аялсың. Сенден тапкан нерсени башкадан да табам деп ойлочумун. Бирок сен өзгөчө экенсиң. Сен кеткенден бери жашоом тозокко айланды. Сени кыйнаганымдан беш эсе кыйналдым. Ошондо гана сенсиз жашай албасымды түшүндүм.
– Абдул, эми баары кеч. Кеткениң оң.
– Кетпейм мен сенсиз...
Айдана жек көрө тиктеп турду. Деги эле эч кимди эч качан мындай тиктеп көргөн эмес. Сестенген Абдул машинадан түшкөнгө аргасыз болду.
– Айдана, экөөбүздүн сөзүбүз бүтө элек...
Айдана машинасын катуу ылдамдыкта айдап бара жатты. Кайда бара жатканын деле билбеди. Ушул учурда чөнтөк телефону шыңгырап калды. Рустам экен...
– Алло.
– Кандайсың, жаны?
Жаны...” Кандай жакшы сөз, ээ? Айдана күлүмсүрөп алды.
– Жакшы, сенин бар экениң, жөн гана бар экениң кандай жакшы, Рустам. Мейли, экөөбүз чогуу болбосок да...
– Чогуу болобуз.
– Антип айтпа.
– Айка, сүйлөшөлүчү, кайдасың?
– Үйдө күтөм.
Рустам тез эле жетип келди. Сууктан келген үчүнбү, эки бети тамылжып, көзү күлүңдөп алыптыр. Жок, бир билгени бардай... Көп күндөн бери көрүшпөгөндөй кусалуу тиктешип калышты.
– Айка, мындан ары минтип жашай албайм. Айнурага ачык айтпасам болбойт. Өзү деле билип жатат. Минтип кыйнала бергенде эмне? Ажырашам, мындан ары дайыма чогуу болобуз.
– Жок, Рустам, менин кызымдан ажыраганым жетишет. Сени уулуңдан ажырата албайм. Экөөбүз ушинтип эле жолугуп туралы.
– Мен антип жашай албайт экем. Айнурага сүйлөй албай, көзүнө тике карай албай кыйналып кеттим.
– Рустам, сен чын эле мага чейин аялыңдын көзүнө чөп салган эмессиңби?
– Жок.
– Кандай жакшы адамсың. А мен эркектердин баары эле ушундай ишке барса керек деп ойлогом.
Айдана оор үшкүрүп алды. Өзүнүн күйөөсүн эстеди. Кызык, ал бир жолу кыйналып, уялды бекен? Алгачкы айларда эле Абдулдун аял жандуу экенин байкаган. Ошондо жаңылганын билип, бармагын тиштей өкүнгөн. Ар ай сайын жаңырган кыз-келиндерди, Абдулдун кайдан, кимден келгенин сезип турчу. Бирок...
– Эмне ойлонуп калдың?
– Жөн эле.
– Бүгүн Айнура менен сүйлөшөм.
– Рустам, бир аз чыдачы. Көрөсүң го, баары ордуна келет.
– Сен мени алдап жатасың. Күйөөң аркаңдан келгенин уктум. Балким, кайра кетүүнү ойлоп жаткандырсың. Андай болсо мен...
Рустамдын көздөрүнөн кызганычты көргөн Айдана жылмайып алды. Мойнуна колун арта алдына отура калды.
– Коё бер мени...
– Кызганчаак!
– Анда эмнеге?..
– Эх, Рустам, сен билбеген канча нерсе бар? Азыр үй-бүлөңдөн кеткениң туура эмес. Мен сага жамандык каалабайм.
– Ал ортодо сен кетип калсаң...
– Сен деп келбедимби, эми кайда бармак элем сенсиз? Эми экөөбүздү өлүм эле ажыратпаса, ажырабайм сенден.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zarinai
2010-12-04 04:10:10
Eh jawoo,jawoo de4i?Jawoo uwunusu menen kysyk da 4ygarmany okup alyp jurogum esilip ketip jatat!
0
angel moi
2010-12-05 19:10:15
uwu 4ygarmany okuw u4un bir juma 4yamsyzdyk m.n kuttom.super infonun aldynky 4ygarmasy dep oiloim. sizge iigilik jazuu4u
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан