“АВЕП” КООМДУК ФОНДУ КЕЛЕЧЕК МУУНГА КАМ КӨРӨТ

“АВЕП” коомдук фонду Кыргызстанда ар кандай багыттагы долбоорлордун үстүндө ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. “Башкы максат – аткарган иштерибиз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу менен ишибизди улантуу” дешет фонд өкүлдөрү. Бул багытта “Супер-Инфо” гезитине долбоорду ишке ашыруучу уюмдун кызматкерлери аткарган иштери тууралуу маек берди.

«АВЕП» коомдук фондунун директору Нурлан Токонов:

– Алгач сиздердин уюм тууралуу айтып берсеңиз?

– “АВЕП” коомдук фондунун Кыргызстанда иштеп келатканына 20 жыл болду десем жаңылышпайм. AVEP англис тилинен которулганда кыскартылып берилиши – Айылдык кесиптик билим берүү долбоору деп которулат. “АВЕП” долбоор катары швейцариялык “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун каржылыгынын астында 2001-жылы Нарын обусунда өз ишмердүүлүгүн баштаган. Бул долбоор негизинен кесиптик билим берүү жаатында айылдык кесиптик окуу жайларды колдоо жана реформаларды жасоону башкы максат катары койгон. Ал эми 2007-жылы “АВЕП” расмий түрдө кайра каттоодон өтүп, “АВЕП” коомдук фонду болуп түзүлүп, жаңы аракет, жаңы дем менен бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Аны менен катар фонд кесиптик билим берүү жаатында коңшу Тажикстанда да 3 жылдык иш-аракеттерин жүргүзүп келген. Биздин фонддун алдыга койгон максаттарынын дагы бири – региондорду жана жалпы эле өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө инновацияларды тааныштыруу менен калктын жашоо шартын жакшыртуу болуп эсептелет. Бул багытта фонд 15 жылдан бери бардык облустарда ар түрдүү өнүктүрүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Учурда Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Балыкчыда кеңселерибиз бар. Эң негизгиси – мамлекетибиздин өнүгүшүнө, тынчтыгына билимдүү жаштар чоң жардам берерине ишенишибиз абзел.

– Учурда АКШ элчилигинин колдоосу менен “Медресе жаштарын кесипке окутуу” долбоорун ишке ашырып жатыпсыздар. Бул долбоордун ишке ашуусу жөнүндө кеңири айтсаңыз?

– Коомчулукка маалым болгондой, медреселерге тартылган балдардын социалдык абалын эске алсак, жашоо шарты оор же бул жаштагы айрым балдар медреседе окуусун бүткөндөн кийин диний билими менен гана чектелип, өздөрүнүн жашоо турмушун андан ары улап кетүүдө же иш табууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн “АВЕП” уюму медресе окуучуларына кошумча кесиптик билим берүү долбоорун баштаган. Бүгүнкү күндө “АВЕП” коомдук фонду АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырган “Медресе окуучуларын кесипке окутуу” долбоору менен катар медресе окуучуларынын англис тили жана компьютердик сабаттуулугун жакшыртуу боюнча да иш алып барууда.

2014-жылы башталган «Медресе жаштарын кесипке окутуу» деп аталган бул долбоор дээрлик 7 жыл аралыгында коомчулук тарабынан сөзгө алынып, позитивдүү ой-пикирлерди жаратып жаткандыгы долбоордун учурдун талабына ылайык өз нугунда бара жаткандыгын тастыктайт десем жаңылышпайм.

Долбоор алгач Чүй облусунда пилоттук негизде башталганда канчалык деңгээлде коомчулукка пайдасын тийгизет деген суроолор болгонун, албетте, айтып кетүүм керек. Себеби бул убакытка чейин уюмдун диний чөйрөдө иш алып баруу тажрыйбасы аз болгондуктан, долбоордун максаттуу ишке ашып кетишине, чынында, бир нече күмөн ойлор да болгон. Бирок ошол кезде пилоттук негизде Чүй облусунун 5 медресесин камтуу менен башталган долбоор азыркы учурда өлкөнүн дээрлик 7 облусун камтып, жалпы 39 медреседе иш алып барып жаткандыгы долбоордун ийгилигин гана тастыктап турат.

Албетте, мындай ийгиликтин артында “АВЕП” коомдук фонду гана турбастан, долбоорго өнөктөш катары иш алып барып жаткан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы – Муфтият, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, окуу борборлору, ошондой эле облустук казыяттар да турарын белгилеп кетүү маанилүү.

Долбоор тек гана медресе окуучуларына кесиптик билим берүү менен чектелбестен, жалпы медреселердин андан ары өнүгүшүнө, окутуу ыкмаларынын жакшырышына, медресе мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга, медреселер менен башка билим берүү уюмдарынын ортосунда байланыш түзүүгө, ошондой эле медресе окуучуларынын коомчулук менен көбүрөөк байланышта болушуна да акыркы жылдары көбүрөөк басым жасоодо. Диний билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында долбоор мындан ары да ийкемдүү мамиле жасоо менен өз ишин улантмакчы.

Учурдан пайдаланып бул долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз каржылык колдоо көрсөтүп келе жаткан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине терең ыраазычылык билдирип кетем.

МЕДРЕСЕ ЖАШТАРЫНЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычов:

– «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору диний багыттагы илимин бекемдеп жаткан медресе окуучулары үчүн өз алдынча шык-жөндөмдөргө ээ болуусуна эң жакшы мүмкүнчүлүк түздү деп эсептейм. Долбоордун негизги максаты – медресе жаштарын кошумча кесиптик шыктарга окутуу менен бирге мамлекет тааныган сертификаттарга ээ кылып, келечекте өзүнүн экономикалык абалын жогорулатып алууга шарт түзүп берүү. Аталган долбоор “АВЕП” коомдук фонду менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын 7 облусунда өз ишин жүргүзүп келди. Бүгүнкү күндө аталган долбоор алкагында 39 медреседе кесиптин 8 түрүнө кыска мөөнөттөгү курстар окутулду. Медреселердин материалдык, техникалык жактан камсыз болуусуна да көңүл бурулуп, натыйжада төмөндөгү кесиптик класс жана өнөрканалар уюштурулду: 15 ашпозчу-кондитердик өнөркана, 8 компьютердик класс, 8 тигүүчү өнөркана, 1 аарычылык класс, 1 үй тиричилик техникаларын оңдоочу өнөркана, 4 электр менен ширетүүчү, 1 электр монтаждоочу өнөркана жана 1 эмерек чогултуучу цех, жалпы 39 медресе 8 кесиптин түрү боюнча керектүү окутуу жабдуулары менен камсыз болду. Келечекте бул жабдуулар медресеге окууга келген жаш муундарга да кызматын көрсөтөт деген тилектебиз.

Долбоордун жүрүшүндө кошумча кесипке ээ болгондордун жалпы саны – 2368 окуучу, анын ичинен эркек балдар – 1586, кыздар – 782. Натыйжада кошумча кесипке ээ болгондордун 65 пайызы иш менен камсыз болгондугун долбоор алкагында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн анализдери көрсөткөн. “АВЕП” коомдук фонду кесиптик шыктарга окутуу менен эле чектелбестен, медресе окуучулары үчүн англис тилин өздөштүрүү боюнча да курстарды уюштуруп берген. Алардын саны – 801 окуучу, анын ичинен эркек балдар – 446, кыздар – 355. Ошондой эле медресе мүдүрлөрүнүн жана мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу боюнча ар кандай темадагы тренингдер уюштурулуп келди. Медресе жаштарын коомчулук менен байланыштыруу максатында мектеп окуучулары менен ар кандай дебаттар жана спорттук оюндар, ар кандай темадагы тегерек столдор өткөрүлдү. Учурдан пайдаланып долбоорду ишке ашырууга көмөктөш болгон бардык өнөктөштөргө ыраазычылыгымды билдирем жана мындан ары дагы өлкөбүздүн өнүгүп өсүүсүнө салымын кошкон инсандарды биргеликте тарбиялап өстүрө беребиз деген ишеничтемин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан