КӨЗ ЖАШТЫН 99 ПАЙЫЗЫ СУУДАН, 1 ПАЙЫЗЫ ТУЗДАН ТУРАТ

Адам жаман окуядан улам, капаланганда, көкүрөгү муңга толгондо, сүйүнгөндө, кино көргөндө каарманга боор ачып ыйлайт. Башкача айтканда, көз жаш эмоцияны чыгаруунун жолу. Ушул темада кызыктарга орун беребиз.

• Адам ыйлаган кезде жүрөк бат-баттан кагып, тер көбүрөөк бөлүнүп чыгып, дем алуу кыйындайт да, тамакта тоголок бир нерсе туруп калгандай болот. Мунун баары вегетативдүү нерв системинин иштешинен улам келип чыгат. Аталган нерв системи бардык коркунучта активдешет. Эмоционалдык көз жаш – маанайды калыпка келтирүүгө жардам бере турган функция.

• Көз жаштын 99 пайызы суудан, 1 пайызы органикалык заттардан, анын ичиндеги негизги компонент болгон туздан турат. Эндокринологдор эң туздуу көз жаш адам өзүнө боор ачып ыйлаганда бөлүнүп чыгат дешет. Курамында микроэлементтер жана туз жок “жеңил” көз жаштар болот. Ал балдарга таандык. “Жеңил” көз жаш ошондой эле адам сүйүнгөндө да бөлүнүп чыгат.

• Көз жаш адам катуу капаланганда стресс гормону болгон кортизолдун айынан бөлүнүп чыккан уулардан жана башка керексиз заттардан арылтат. Ошондой эле көз жашта оорутууну сездирбөөчү табигый зат – лейцин-энкефалин бар. Ушундан улам биз катуу ыйлаганда өзүбүздү жеңилдеп калгандай жакшыраак сезип калабыз.

• Адамдар адатта, көз жашын көрсөтпөөгө, ыйлабоого аракет кылышат. Врачтар бул туура эмес дешет. Эмоцияны чыгарбаса организмге зыян. Андыктан ылайыгы келгенде ыйлап эле алган туура.

• Адамда ыйлоо жөндөмдүүлүгү туулгандан эле дароо пайда болбойт. Болжол менен туулгандан кийин 4-6 аптада пайда болот. Бирок бул аралыкта жаш чыкпаганы менен, көздөр нымдалып, бактериялардын ич жагына өтүп кетпешинин алдын алып турат.

• Болжол менен 1 жылда аялдар 45-50 жолу ыйласа, эркектер 7-10 жолудай гана ыйлашат. Ыйлоо аялдарга, жогоруда айткандай, пайда гана алып келет.

• 1 жылда адам ыйлоодон болжол менен 100 граммдай көз жаш агызат.

• Окумуштуулар тили чыга элек балдардын ыйлоосу адамдар менен байланышуу жана керектөөсүн билдирүү үчүн керек дешет. Мисалы, курсагы ачканын, бирөөнүн көтөрүшүн, алды суу болгонун ыйлоо менен билдирет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан