“САНДАРДЫН ТАГДЫРДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ ЧОҢ”

Нумерология – сандардын адамдын тагдырына тийгизген таасири тууралуу илим. Байкасаңыз, адамзаттын бүт өмүрү, жашоосу сандар менен ченелет. Төрөлгөн күн, жыл, майрамдар, жакындардын туулган күндөрү, боюбуз, салмагыбыз, жаш курагыбыз, унаабыздын, үйүбүздүн, банк карточкабыздын да номерлери бар. Бүгүн бизге нумеролог, психолог Чолпон Сманова жашообуздагы сандар жана алардын тагдырыбызда ээлеген орду тууралуу айтып берди.

– Саламатсызбы, Чолпон айым? Кирип келген 2022-жыл кандай болот, нумерологиядагы сандар эмне дейт?

– Саламатчылык, майрамыңыздар менен! 2 саны нумерологияда энергиянын саны. 2022 санында бири-бирин коштогон үч 2 саны бар. Энергияга, күчкө толгон жыл болот. Бирок убакыт көз ачып-жумгуча өтүп кетет. Сандардын оң жактары да, терс жактары да бар. Жакшы жагы – энергиянын баарын элдер кол кармашып биригүүгө, чогулууга, ынтымактуу болууга жумшашат. Үй-бүлөлүк жыл десем да болот. Көп адамдар баш кошот, көп балдар төрөлөт. Терс жактары, ошол эле күчтүү энергиянын тескериси, согуштар, ири чыр-чатактар, ажырашуулар орун алышы мүмкүн. Адам кайсы энергияны көбүрөөк “азыктандырса” ошого ээ болот, ал нерсе өзүбүздөн көз каранды. Классикалык нумерология менен эсептегенде келе жаткан жыл 6 саны (2 санынан үчөө) менен белгиленет. 6 күчтүү сан. Бул жыл көпчүлүктүн чыдамкайлыгын жана сабырдуулугун сынайт. Негизги талап – эмгекчилдик, аракетчилдик жана чечкиндүүлүк.

– Нумерологдор адамдын төрөлгөн жылынан, күнүнөн, саатынан анын кийинки тагдырын билсе болот дешет, кантип?

– Сандардын тагдырыбызда ээлеген орду чоң. Албетте, адамдын төрөлгөн жылы, туулган күнү, кээде болжол менен туулган саатынан бери эсептелет. Анын баарын кошуп чыгарганда бир сан чыгат. Ошол адамдын тагдырына таасирин тийгизчү сан болот. Нумерологияда адамдын психоматрицасы деп коёт. Нумерологдор кардарларын кабыл аларда туулган күнүн, жылын сурап алып, алдын ала психологиялык портретин түзүп алат. Ал портреттен анын кандай адам экенин, мүнөзү оорбу, жумшакпы, ден соолугу, максаты, логикасы кандай иштейт, эмгекчилби, жалкообу, ийгиликтүүбү, баарын билсе болот. Эгиздер деле бир датада төрөлүшөт бирок мүнөзү эки башка. Биринчи төрөлгөн эгиздин түгөйү лидерлик сапта жүрүп экинчисин сүйрөп кетет. Төрөлүү убактысынын аралыгы 10 мүнөттү түзсө да чоң мааниге ээ. Бардык адам өзүнүн тагдыр санын эсептей алат, бирок ал санды туура чечмелөө керек. Көбү Сюцай илими менен классикалык нумерологияны бирдей көрүшөт. Айырмасы чоң, нумерологияда сандардын мааниси такыр башкача чечмеленет.

Тагдыр жолун эсептөө төмөндөгүчө жүрөт. 11.03.1989 төрөлсөңүз: 1+1+0+3+1+9+8+9=32

3+2=5 – сиздин тагдыр жолуңуз 5 саны.

– Адамдын аты-жөнү тагдырына таасирин тийгизет деген чынбы?

– Ооба, адамдын аты-жөнүндөгү ар бир тамганын өзүнүн саны, энергетикасы бар. Мисалы, адамдын атында эки жолу “а” тамгасы колдонулса ал адамда лидерлик сапаттар бар, башкарууга жөндөмдүү келишет. Ысымында эки жолу “б” тамгасы колдонулса бул адамдар абдан жугумдуу, ким болбосун тил табышып кете алышат. Атында 3 жолу “б” тамгасы барлар булар эмоционалдуу, чыргоо, адамдар менен оңою менен тил табыша алышпайт. Фамилиясы, атасынын ысымы да адамдын ысымы менен кошо маанилүү ролду ойнойт. Мисалы, Нуржамал деген ысымда өзгөчө күч бар экени айтылганда эле сезилип турат. Анын аты Аима болсо назик, жумшак анчалык күчтүү болмок эмес. Нуржамал жашоодо Аимага караганда көбүрөөк ийгиликке жетиши мүмкүн. Жоомарт деген ысымдын мааниси терең болгону менен, күчү анчалык жок, мындай учурда биз адамдын атасына кайрылабыз. Жоомарт Мырзабекович деп кайрылганыбызда адамдын ысымы такыр башка нукта өзгөрөт, ал кишинин таасири артат. Андыктан ысым тандоодо анын маанисине гана эмес, андагы камтылган тамгаларга, тамгаларга катылган сандарга да көңүл буруп коюшса дейт элем.

– Унаабыздын, үйүбүздүн, кол телефонубуздун номерлери да жашообузга таасирин тийгизеби?

– Ооба, бул сандардын таасири бар. Мисалы, “мурун 4-батирде жашачумун, жумушум бүтпөй эле кыйнала берет элем. Жаңы үй алып 1-батирге көчкөндөн бери жумушум жүрүшүп кетти” деген сыяктуу кептерди көп угам. Демек, адамга кайсы бир сан ийгилик алып келип жатат. Унаанын номеринде 7 жана 8 деген сандар бар дейли. 7 – бул ийгиликтин саны, 8 – акчаны өзүнө тарткан жана адилеттүүлүктүн саны. Эгер ал унаанын ээси жол эрежесин бузуп, же дагы кандайдыр бир мыйзамсыз иштерди кылса оңой эле МАИге түшүп же олчойгон айып пул төлөп калышы ыктымал. Жашообузда бул сандарды өзүбүз тандайбыз да, андыктан кайсы сан жашообузга ийгилик алып келет, ошого карап тандасак да ийгиликтүү болушубузга таасирин тийгизет.

– Сизге балдарынын нумерологиясын эсептетип кеткен ата-энелер бар экен...

– Ооба, 5 айлык балдарын да эсептеткен ата-энелер бар. Мындан баланын эмнеге жөндөмдүүлүгүн, кайсы багытта өстүрсө болору сыяктууларды билүүгө болот. Баласын кайсы ийримге, спорт түрүнө бергенди билбеген ата-энелер үчүн мыкты жардам болот. Айрым операция жолу менен төрөй турган энелер келип кайсы дата таасирдүү, күчтүү деп сурап, 2-3 датаны тандап кетишет. Уулга, кызга ылайыктуу датаны тандап берем. Баса белгилей кетсем, 2000-жылдардан кийин төрөлгөн балдар өзгөчө туюу сезимине ээ. Алар менен бир гана сүйлөшүү жолу менен көйгөйдү чечиш керек, буйрук берсең баладагы терс мүнөздөрүн ойготуп алышыбыз мүмкүн. Мисалы, бизди 2000-жылга чейин төрөлгөн адамдарды “оку окусаң гана ийгиликке жетесиң” деп тарбиялашкан да. Азыр баса элек, сүйлөй элек наристе коляскада жатып алып кол телефондон Ютубду таап мультфильм көргөндү билет. Ал балдар өздөрү билбейт аны каяктан билерин. Ички туюм жөндөмү күчтүү азыркы балдардын. Анан да 2 санынын алдында – алдын ала билүү, сезүү, туюусу бийик адамдар төрөлөт.

– Мисалы, мен бир датада төрөлдүм, тагдыр санымды эсептедим, бирок ал сандын чечмелөөсү мага жаккан жок. Тагдырым ошол сан айткандай болот дегенди түшүндүрбөйт да, ээ? Аны өзгөртсө болобу?

– Албетте, тагдыр саны бул жөн гана сенин жашооңо багыт бере алат. Жашооң дал ошондой болот дегенди туюндурбайт. Ар бир адам тагдырынын түзүүчүсү, андыктан баары адамдын өзүнүн колунда. Айрымдардын төрөлгөн күнү башка, бирок паспортунда башка дата жазылып калгандар бар. Нумерологдор эки датаны тең эсептешет. Бирок ошондой эки датаны алып жүргөндөр жашоосунда да термелип эки жакка ойкуп-кайкып жашашат. Андыктан өзүнө кайсы датанын таасири көбүрөөк тиет, ошону аныктап, башкасын жашосунан чийип салганы оң. Кээ бир жубайлар “түгөйүбүз менен төп келүүчүлүк жагын карап бериңизчи” деп келишет. Экөөнүн тагдыр санын эсептеп чыгарып, чечмелеп берем. Чынында эле түгөйлөрдө көйгөй бар экени билинет.

Классикалык нумерологиядагы сандардын чечмелениши

1 – Бул сан алдындагы айымдар күчтүү, кайраттуу мүнөздүн ээси. Ал эми мырзалар мыкты жетекчилер, лидерлер, аялдарга атаандашпаган мыкты мүнөз ээлери.

2 – Күчтүү энергиянын саны. Алдын ала билүү, сезүү туюму жогору адамдар.

3 – Интеллектуалдык даремети жогору, баарына кызыга берген, окууга, билимге сугарылган адамдар.

4 – Ден соолуктун саны. Абдан чыдамкай, оңою менен оорубаган адамдар.

5 – Логиканын саны. Мыкты тактик, стратег, анализ кылуучу адамдар.

6 – Эмгекчил адамдардын саны. Акчаны, бийликти өзүнө магниттей тарткан адамдар.

7 – Ийгиликтин саны. Каалаганы дароо орундалган адамдар 7 санын алып жүрүшөт.

8 – Өтө тууганчыл, жакындарына болгон жоопкерчиликти биринчи орунга койгон адамдар. Жакындарынын колдоосу жок болсо бат чөгүп кетишет.

9 – Эс-тутуму мыктылар 9 санын алып жүрүшөт. Көрөгөч, даанышман, мыкты кеңешчи боло алышат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Taalaibek.
2022-01-12 21:53:16
Сандарга ишенген бул ширик! Буну бир кана Аллах кана билет.
0
XATSAN125
2022-01-15 10:12:16
Кудай улук болуп кетиптирго тооба
0
zamir_kgz
2022-01-17 09:15:37
XATSAN125, Кудайдан дагы улук болуп кетиптир - деп жазайын десең керек?
0
joke81kg
2022-01-16 11:56:58
Арыстан алайдын адамдары кобойуп кеттиго
0
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан