КАРГАШАЛУУ ТОЙ

Караңгы түндү беттеп, апакай той көйнөкчөн кыз чуркап келе жатты. Бирде ыйлап, бирде ызалуу каткырып келе жаткан кыздын көрүнүшү таңкалыштуу эле. Бир кезде чалынып жыгылып кеткен ал биротоло боорун кара жерге төшөп жатып калды. “Кыз тагдыры кыйчалыш болчу эле. Абайлап жүр, кагылайын”,- деп узаткан апасынын сөздөрү кулагына жаңыра түштү. Солуктаган кыз апасы экөөнүн ак тилегин булгаган ыплас торго капысынан өзү барып урунганын эстеди. Бейгам турмушуна кол салган ошол адамга кезикпегенде, балким, бир нече убакыт эле мурун болуп өткөн трагедия болбойт беле, ким билсин...

ЭНЕ–БАЛА

Кызым, турагой. Жолго чыкчу адам да сенчелик уктайбы...
Күңкүлдөгөн мээримдүү үндү эшитсе да, кыз көшүп жата берди. Үкүнүн уясындай жайлуу өз үйүнөн алыс узаарын эстегенде көзүн ачкысы келбей турду.
– Тур дейм, кечигесиң.
– Азыр, апаке.
Кыз акырын көзүн ачты. Таң алдында чымчыктар түркүн үн салып, бейгам айылдын жашоосу кыздын тынчсыз жүрөгүнө дары болуп турду. Ушундай бейпилдикти канчадан бери сагынганын эстеди. “Шаарда баары башкача, кымкуут түшкөн эл мындай кооздукту байкабаса да керек. Эркимде болсо бул жакта эле калат элем. Бирок, кетишим керек”.
– Зарипа, тур дейм!
Эми апасынын үн чыдамы кеткендей катуу чыкты.
– Мына, турдум.
Сергектене ыргып турган кызын көрүп, апасы жүзү жаркырай, мээримин төгө карады. Кантсе да жалгыз кызын жанынан алыс чыгаргысы келбей турду. Өмүр бою жанынан алыс чыгарбай жүрсө кана. Бирок, кызынын келечегине да бут тосо албайт эмеспи. Зарипа быйыл окуусун бүтүргөн. Эми көптөн күткөн диплому колго тийип, өз кесиби боюнча иш издемек.
Эне-бала унчукпай отуруп чай ичишти. Ойлуу отурган кызынын жүзүн уурдана тиктеген эне бир эсе суктанып алды. “Бойго жетип, суналган кыз болдуң, эркем. Көзү сууктан сактаса болду. Анан калса, чын эле эл айткандай татынасың. Эми мындан аркысы...” Оюн бирөө окуп койчудай болуп апа коркуп да кетти. Зарипасы чын эле суктанаарлык кыз болуп чоңойду. Ошого жараша эрке, айтканынан кайтпаган бир мүнөздүү. Чай ичип бүтүп жолго чыгаар да кез келди.
– Кызым, жакшы жүр. Эми эмне дейин, атаң жок дегенде тирүү болгондо...
Жашып кеткен апасын бооруна кыскан Зарипа адатынча жароокерлене унчукту.
– Апа, мен эмне, кичинекей белем? Мен сизди эч качан уят кылбайм. Тез эле иш таап, шаардан үй алып, сизди көчүрүп кетем. Анан экөөбүз чогуу болобуз. Апа, койчу эми?!
– Койдум, мени көңүлүңө алба... Мен жөн эле...
– Мен тез эле келем, апа.
– Мени көп деле ойлобой эле кой. Өзүңдү жакшы кара. Мен бул жакта эл, тууган арасындамын.
Саамайы ак баскан апасына кол булгалаган Зарипа узап бара жатты. Кол булгалап артынан баскан апасынын карааны тез эле көрүнбөй калды.

ЖӨРГӨМҮШТҮН ТОРУ

–Агай, сизге мүмкүнбү?
Зор кабинетте отурган ак чач адам башын көтөрбөс­төн отура берди.
– Агай, мен иш издеп келген элем. Сиздерде орун бар деп угуп...
Башын көтөрө берген Карыпбековдун кашы серпиле түштү. Алдында тал чыбыктай буралган мөлтүр кыз турган эле.
– Ооба, бизге жаш кадрлар керек. Окууну бүттүңүз беле?
– Экономика факультетин быйыл бүттүм.
Карыпбеков ошол эле күнү документтерин кабыл алып, эртеси ишке келе берүүсүн айтты. Зарипанын кубанычында чек жок эле. Апакесине сүйүнчүлөп, дароо телефон чалган. Ак дили менен жумушка берилип иштөөнү каалаган. Бирок, баары тескерисинче чыкты. Жашоодо ак менен караны айырмалап биле элек өзүнө жөргөмүш биринчи эле күнү тор жайганын билген жок.
Ошол каргашалуу күн... Кабинетинде баш көтөрбөй иштеп отурган Зарипа бир оокумда терезени карады. Күүгүм кирип калган экен. “Кой, калган ишти эртең келип бүтүрөйүн. Бүгүн кеч болуп кетти”. Ордунан туруп кетүүгө камына баштады.
– Мүмкүнбү?
Жалт караган кыздын алдында шефи турган эле.
– Кеч калыпсың го. Же бирөөнү күтүп жаттың беле?
– Жок, иш көп болгонунан...
Кыз кыжаалаттана саатын карап алды. Бирок, сөздү көбөйткөн Карыпбеков атайлап убакытты созо берди. “Шашпа, чымчыгым. Сени менен али сөздөр көп. Алдагы жүзүмдөй мөлтү­рөгөн жүзүң, келишкен келбетиң үчүн алганмын мен жумушка. Эми менден кайда качмаксың?” Арам ою эбактан бери бутактап, бирок, ыңгайын таппай жүргөн тигил тап жылдыргысы жок.
– Мен шашып жаттым эле,- деди бир кезде кыз оңтойсуздана.
– Мен жеткирип коём.
Улуу кишиге каршы сөз айта албаган Зарипа эрксизден макул болду.

ххх

“Коё бериңиз! Суранам сизден, менин убалыма калбаңыз! Агай, мендей кызыңыз бардыр. Тийбеңиз мага!” Чымчыктай чырылдап жардам сураган кыздын үнү Карыпбековдун кулагына жаңырып жатты. Бирок, кумарга акыл-эсин алдырган, кол алдындагы адамдардын баарын өзүнүн менчигиндей көргөн неме кайдан токтосун?! Атүгүл жаалданып, каршылашкан кыз ого бетер анын делебесин козгоп...
Алдында акактай тунук кыздын сезимин кордоп, эркин майыштырганына кадимкидей маашырланып турду. Кыз алсырай онтоп алды. Үнү бүтүп, көз жашы салаалаган кыз азыр өлүмдү гана ойлоп турду. Ал эми Карыпбеков эч нерсе болбогондой галстугун оңдоп болуп, кийимдери ар жерде калган кызга кайдыгер гана үн катты.
– Болду эми кечке эле ыйлай бербей. Өз эркиң менен болсоң мындай болбойт эле. Баса, жумуштагыларга билдирип же менин аркаман арызданам десең өзүңө эле жаман. Мага эч кимдин алы жетпейт. Өзүңдүн эле абийириң кетет.
Ушуларды айткан Карыпбеков эшикке бет алды. Эшик шарт жабылды. Солуктап ыйлап жаткан Зарипа сенделе терезеге келди. Таң атып калган экен. Так эле баягыдай чымчыктар сайрап турган эле. Бирок, Зарипанын кулагына мурункудай угулган жок. Тескерисинче, баары аны мазактап, шылдыңдап сайрап жаткандай сезилди. Өлгүсү келди. “Секирип кетсемби? Жок, анда менин ордума ким өч алмак. Анын үстүнө, апам...” Апасын эстегенде көзү ачыла түштү. Апакесинин үмүт­түү тилеги өзү эмеспи... Ушинтип чыйралган кыз терезеден оолактай берди.

ӨЧ АЛУУ ПЛАНЫ

Зарипа менен Марат кафеден таанышып калышкан. Табышмактуу тигилген кыздын карегинде күйүп турган отту байкабаган Марат оңой эле кылтакка илинип берген эле. Ал окуя мындай болгон.
– Марат, туулган күнүң менен...
– Бүгүн майрамдабасак болобу?!
Күүлдөгөн жигиттер Мараттын туулган күнүн куттуктап жатышты. Ошол учурда эки кыз кирип келип, так алардын маңдайында отуруп калышты. Мындайда жага бербей калат эмеспи. Дароо тигил кыздарды столго чакырышты. Негедир анчалык деле каршылык көрсөтүшкөн жок кыздар. Жасана кийинген алар жигиттердин көңүлүн өздөрүнө бурушту. Айрыкча Зарипанын сулуу жүзүнө арбалгандар кирпиги менен тең айланып жатышты. Бирок, сыпайы жылмайган кыздын көздөгөнү Марат болчу. Акыры анын да көңүлү Зарипага бурула баштады.
Жакындай берип өзүн сөзгө тарткан жигитке табышмактуу жылмайган кыз асмандан түшкөн перидей эле.
– Кызык, негедир сенин жылмайганың Мона Лизаныкындай экен,– деди жигит .
– Эмнеге антип ойлойсуз?
– Күлүп турганың менен ичиңде кайгы тургандай сезилет.
– Андай эмес...
Зарипа өзүнүн жашыруун сыры ачылып калчудай шашып кетти. Дароо кетүүгө камынып баштады. Мындайды күтпөгөн Марат ордунан кошо турду.
– Кайда шашасың? Кетпечи, эмне, таарынып калдыңбы?
– Биз дагы жолугабыз...
Табышмактуу сүйлөгөн кыз ошол замат телефон номерин берип, коштошууга шашылды. Кетип бара жатып планы ишке аша баштаганына кубанып бара жатты. Көкүрөгүндөгү ызасы аны ушул ишке түрткөн. Маратка эптеп жакындап, ал аркылуу анын атасы Карыпбековдон өч алууну көздөгөн.

ххх

Марат канча кызга жолукса да, бир адамга байланып, жүрөгү бирөөнү көксөгөн жан эмес эле. Тагдырдын тамашасы ушул болсо керек. Тез арада эле Зарипасыз жашоосун элестете албай калды. Акыры үйлө­нүү тууралуу сунуш кылды.
– Сен муну терең ойлондуңбу?
– Ооба, мен атамдын жалгыз баласымын. Апам да “эрте үйлөн” деп жатат. Анын үстүнө, атамдын жүрөгү оорукчан. Кээде жүрөк оорусу кармаганда апам экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей калабыз.
– Жүрөгү оорукчан дечи?!- Зарипа мыскыл жылмайды. Оюнда ”менин көз жаш төккөнүм, намысым, талкаланган тагдырым кантип эле бекерге кетсин? Дагы жүрөгүң ооруйт. Ошондо мага кандай болоорун түшүнөсүң. Аз калды. Биздин жолугуубузга аз гана калды” деп жатты.

КЫРСЫКТУУ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ

Ошентип, көптөн күткөн күн да келип жетти. Апакай көйнөк кийген Зарипа жомоктогу периштедей эле. Марат болочок колуктусу үчүн эч нерсе аяган жок. Куурчактай жасанган Зарипага курбулары ачык эле суктанып жатышты.
– Кандай гана бактылуусуң...
– Кайнатаң ушунчалык бай, күйөөң түшүнүктүү. Бизге ушундай жигит туш келсе кана...
Зарипанын кулагына эч нерсе кирген жок. Өзүн күзгүдөн карап тура берди. “Мына, аз калды. Бирок, ушунчалык оор болоорун билген эмесмин. Маратты гана аяйм. Жок, жок... мен эмне деп жатам? Артка кайтууга жол жок эмеспи”. Көзүн жумуп жиберди.
– Жүргүлө, машина келип калды.
Чурулдашкан курбулары Зарипаны жасалгалуу машинага отургузуп жөнөп калышты. Заңгыраган үйдүн алдына келип токтоду машина. Жалгыз уулунун тоюн өткөрүүдө эч нерсени аябаптыр Карыпбеков. Үйдөн жолго чейин килем төшөлгөн... Зарина көзүн көтөрүп айланасын карап алды. “Аттиң, ушунун баары түш болуп калса эмне. Апакай аруу дүйнөм менен чын эле колукту болуп кирсем, менден бактылуу адам болбойт эле го. Марат, кечир мени. Кандай гана бактылуу болот элек. Сенин атаң болбогондо... Эми баары кеч”. Ичтен сызган Зарипанын ичинде кандай бороон болуп жатканын эч ким түшүнгөн жок.
– Түш эми. Түбөлүктүү үйүңө келдиң.
Колтуктаган курбуларынын коштоосунда апакай көйнөк кийип келе жаткан келинди тосуп алмакка баары чыгышты. Каалгый баскан Зарипа үлпүнчөк алдынан маңдайында турган буурул чачтуу адамды тике карап келе жатты. Мына, аз гана кадам калды.
– Көрүндүк бергиле...
– Кана, көрүндүк...
Чурулдашкан үндөрдү улай кайнене колуктунун бетинде жабылган апакай үлпүнчөктү көтөрө салды. Кыйгач карап турган Карыпбеков тааныш үрөйдү көрүп, көзү чанагынан чыгып кетти. Кантип эле?.. Алдында көзүнөн кек күйгөн татынакай колукту мыскыл тиктеп, өзүнөн көзү өтүп турганын көрдү. Көздөрүндө орду толгус жоготуу, ыза, мыскыл турган эле. “Мына, ушинтип көрүштүк. Эч нерсе кыла албайт деп ойлодуң беле? Кечээки сен абийирин булгаган кыз – бүгүнкү келиниң. Эми кантээр экенсиң? Кана, эмне кыласың?”
Карыпбеков көкүрөгүн мыкчый калды. Шарт аркасына бурулду.

ххх

– Эмне болду, ата?
Марат кирип келип, купкуу болгон атасына таңкала тигилди.
– Тойду токтотуу керек, уулум.
– Эмне дегениңиз? Болуп жаткан тойду токтотуу керек дегениңиз кандай?
Марат эч нерсени уккусу келген жок. Ары да, бери да айтып көргөн атасы акыры чындыкты айтууга аргасыз болду.
– Марат, мен... бул келинди кабыл ала албайм. Эгер чындыкты билсең сен да жашай албайсың.
– Эмнеге, ата?
– Анткени, мен бул кызды пайдаланып койгом...
– Кандайча?
– Бул менин кол алдымда иштеген. Анан... Уулум! Токточу, мен баарын түшүндүрүп...
Аркасынан кыйкырган атасынын үнүн уулу уккан жок. Кайгыга, ызага алдырган жигит ошол замат машинасына отуруп, от алдырып жөнөп калды. Дуулдаган көпчүлүк эмне болгонун түшүнбөй калышты. Бир гана колуктунун жүрөгү бычак менен тилингендей тызылдап жатты.
Шалдайып отурган Карыпбеков чырылдаган телефонго кол созду. Кызматчыларынын бири экен.
– Шеф, кырсык болду. Уулуңуз Марат машина менен дарактарды сүзүп..
– А-аманбы?
Калтыраган Карыпбеков ордунан ыргып турду. Телефондогу үн жооп бербей коюп койду.
Уулунан ажыраганын түшүнгөн Карыпбеков жүрөгүн мыкчый берип “күп” этип жыгылып түштү. Ата-баланын өлүмүнө кимди күнөөлөө керектигин эч ким билген жок. Бул сырдын түйүнү болгон колукту түндү беттеп кетип бара жатты. Зарипанын карааны караңгылыкка сиңип жоголду.

Нуржамал Жийдебаева
Сүрөтчү: Уларбек Атайбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erka_kg
2016-04-21 16:56:52
Кана уландысы...?
0
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан