Валентина Шевченко, мушкер: «ОКТАГОНГО КҮЧТҮҮЛӨР МЕНЕН ГАНА ЧЫГАМ»

Бул апта гезитибиздин негизги каарманы UFC уюмунун чемпиону, сап башындагы мыкты мушкери, кыргыздын сыймыгы Валентина Шевченко. Спортчу менен маектешүү үчүн Ысык-Көл жергесине бардык. Биз барган маалда ал жаңы гана машыгуудан келди. Бизди жылуу тосуп алган спортчунун жөнөкөйлүгүнө ушунчалык суктандым, таасирлендим. Мушкер менен анын ысымы, жашоосундагы аялзаты, спорттогу жолу тууралуу баарлаштык.

“ЭГЕРДЕ АДАМ ӨСПӨСӨ – БУЛ ӨТӨ ӨКҮНҮЧТҮҮ”

- Мага Валентина деген атты апам койгон. Чоң таенемдин урматына коюлган. Анын аты Валентина болгон. Апам, таенем ал киши абдан жоомарт, мээримдүү сонун инсан болгонун көп айтып беришчү. Ал кезде өтө кичинекей болгондуктан жакшы эстей албайм. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары аны аябай жакшы көрүшчү.

Мурунку муундун сапаттары кийинки муунга өтөт го, анын сыңары, менде дагы чоң таенемдин, апамдын, атамдын, чоң ата-чоң энемдин мүнөздөрүнөн болсо керек. Бул эми табигый нерсе. Ошондой эле өмүр бою уруш өнөрү менен машыгуум кандайдыр бир деңгээлде мүнөзүмө таасирин тийгизди. Жыл өткөн сайын адамдын өзгөрүшү кадимки көрүнүш эмеспи. Мисалы, кичинекей бала таза барактай, ата-эне өзүнүн билгенин үйрөтүп, аны адам катары калыптандырат. Адам билимге ээ болгон сайын жакшы сапаттарга да ээ болушу керек. Эгерде ал жакшы жагына өзгөрбөсө, өспөсө – бул өтө өкүнүчтүү. Спорт мени адам катары тарбиялады, ишенимдүүлүккө үйрөттү. Жолумда кандай кыйынчылыктар болбосун аларды жеңүүгө бышырды. Албетте, мунун баары машыктыруучумдун, үй-бүлөмдүн колдоосу менен болду.

“ЭЖЕМ МАГА ДАЙЫМА ҮЛГҮ”

- Апам таэквондо боюнча кара курдун ээси, тай боксу боюнча федерациянын президенти, машыктыруучу. Апам эжем экөөбүздү кичинекей кезибизде эле Павел Федотовдун спорттук секциясына берген, мен анын колунда машыгып жатканыма 28 жыл болду. Апам экөөбүздүн жашообуз спорт менен тыгыз байланышта болгондуктан ортобуздагы мамилени спорттон бөлүп кароого болбойт. Баары бири-бири менен чырмалышкан. Машыгуу менен жеке жашоону бири-биринен бөлүп карай албайм.

Антонина эжем спорт менен алектенүүнү менден бир канча жыл эрте баштаган. Ал мага дайыма үлгү болот. Мен машыгууну баштаганда ал таэквондо боюнча улуттук курамдын капитаны эле. Баарына жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Тай боксу, ММА боюнча бир нече жолку Дүйнө чемпиону. UFC уюмунда беттешет. Учурда учкуч кесибин окуп үйрөнүп жатат. Авиация тармагы абдан татаал болгондуктан баштан-аяк киришүүнү талап кылат экен. Машыктыруучубуздун да кесиби учкуч, экөө авиация тууралуу көп сүйлөшкөндүктөн, окубасам деле бул тармактын теориясын кандайдыр бир деңгээлде билип калдым.

“КИЧИНЕМДЕ БИЙГЕ БАРЧУМУН”

- Коомдо бир кесипти окусаң, өмүрүңдү ошого арнашың керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Бул туура эмес. Мисалы, институтта окуу 5 жыл болсо, жашоодо мындай бөлүктөн канчасы бар. Бирди окуп эле болду, башканы үйрөнүүнүн кажети жок деп өзүңдү бекитип чек койбош керек. Адам канчалык көп окуса, жаңы нерселерди үйрөнсө ошончолук кызыктуу, ар тараптуу болуп чыга келет. Кичинемде спорт менен бирге бийге барчумун. Бир учурда бийди да, спортту да алып кетип жаттым. Актрисалык кесип да мага жакын. Анткени мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрүп, кинорежиссёрдук кесипке ээ болгом. Жакында эле окуу жайга бардым, жакшы элестер көз алдыма тартылды. Ректор, мугалимдер баары сонун адамдар. Айтмакчы, мени университеттин ардактуу профессору наамы менен сыйлашты. Азыр профессионалдык мушкерлик номер биринчи кесибим. Себеби буга канча жылымды арнадым. Кесибимди өзгөртүү тууралуу азырынча кеп кылбай деле койсо болот.

“UFC`ге КАРАЙ ТАШТАЛГАН АР БИР КАДАМЫМДАН ЫРАХАТ АЛДЫМ”
- UFC бул барышым керек деп эле барып кала турган жер эмес. Ага карай басып өткөн жол оңой болгон жок. Бирок уруш өнөрү жашоомдун бир бөлүгү болгондуктан бул жолдогу ар бир кадамдан ырахат алдым. Эмне иш кылбайын баары мага жагат. “Ишиңди ырахаттануу менен жасап жатсаң, жолдун канчалык татаал болгону маанилүү эмес” деген сөз бекеринен айтылбаса керек.

“КИМ БОЛБОСУН КАРМАШУУГА ДАЯРМЫН”
- Башынан эле максаттуу машыкчумун. Максатым – утуласыңбы, утасыңбы иши кылып мелдештерге катышып коюу эмес, мыкты болуу эле. Мен үчүн Дүйнө чемпиондугундагы 2-3-орун маанилүү эмес, 1-орун гана орун болчу. Азыр октагонго күчтүүлөр менен чыгууну көздөйм. Артыкчылыгым – ар дайым топтогу мыкты мушкерлер менен гана күч сынашуу. Кыйын экенин далилдеп, кур үчүн мушташууга укук алса ким болбосун кармашууга даярмын. Ал эми Аманда Нуньес менен Жулианна Пеньянын кармашы ММА спортунун эң сонун көрсөткүчү болду. Бул жерде сен кимсиң, кайсы орундасың мааниге ээ эмес, бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн экенин көрсөтүштү.

“ОКТАГОНГО ЧЫККАН АР БИР КЫЗГА СУКТАНАМ”
- Спорт эркектики же аялдыкы деп бөлүнбөйт. Ал баарына бирдей. Уруш өнөрү менен алектенип, октагон, рингге чыкан ар бир кызга суктанам. Анткени бул абдан оор, күн сайын машыгуу керек. Физикалык эле эмес, эмоционалдык жактан дагы оор. Эч нерсеге карабай ушул спорт менен алектенип жатса, демек, ал өзүн ушул жактан көрүп жатат.

“ЖЕРГЕБИЗГЕ КЕЛИП КҮЧ-КУБАТ АЛЫП ЖАТАБЫЗ”
- Бул жолу мага Кыргызстанда көп убакыт болуу насип этти. Эки жыл мурун бир аптага эле келгенбиз. Ал сапар көз ачып-жумганча өтүп кеткен. Азыр Ысык-Көлдүн абасы менен дем алып, тамактарыбызды жеп машыгып жатабыз. Биздин аш, манты керемет даамдар. Жолугуп жаткан адамдын ар биринен позитивдүү энергияны сезип жатам. Буюрса, мындай энергия 2022-жылды ийгиликтүү баштоомо сөзсүз таасирин тийгизет. Бул сапар чынында бизге абдан керек болчу.

Динара Акимова
 Кыстарылган видео 
Валентина Шевченко: "Октагонго мыктылар менен гана чыгам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2022-01-14 18:21:18
Сулуу сары кыз.
+1
Birimdik5555
2022-01-15 03:16:13
Максатына жет, жылдыздуу экен
+1
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан