Саната Жумакадырова. Бул ысым эртең менен “Замана” көрсөтүүсүн көргөн ар бир көрөрманга тааныш. Ар бир таңын эфирде эл менен тоскон алпаруучу биздин маек төрүбүздө. Аны менен кесиби, эне болуу бактысы, жашоосу тууралуу сүйлөштүк.
– Саламатсызбы, Саната айым? Эфирге кайттыңыз. Кичинекейиңиз торолуп калдыбы? Кантип жетишип жатасыз?
– Саламатсыздарбы? Төрөгөндөн 3 айдан кийин эле жумушка чыгып кеттим. Кичүү келинмин. Кайната-кайненем менен чогуу турабыз. Баламды кайненем карап берип жатат, ал бошобой калганда сиңдим карайт. Эртең менен барып түз эфирге чыгып коюп эле кетем. Эфирге үйдөн даярдана берем. Төрөгөндөн кийин түйшүгүң көбөйөт экен. Тамак жасап, үйдү жыйнап, кирди жууп, баарына жетишиш керек. Бул туура эле, биринчи кезекте өзүңдүн уяңды жакшынакай кылып коюп, анан сыртка чыгыш керек. Эгер үйдө эч нерсеге жетишпей жатсам кайдан жумушка чыкмак элем? Кайненеме рахмат, дайыма “элден калба, барып кел, ой, ташта үйдөгү ишти, кечигесиң” деп мени колдоп турат.
– Эне болуу сезими сизди кандай өзгөрттү?
– Бойдок кезде көбүрөөк уктап, күндөр эмне болуп өтүп жатканы билинчү эмес. Эч нерсеге жетишпей жүрө берчүмүн. Азыр баарына жетишсе болот турбайбы деп калдым. Үй-бүлө, жолдошуң, кайнене-кайната – бул чоң мектеп экен. Мурун эртең менен ышынып араң турсам, азыр кызым кың этсе эле ойгоном, ыйлабаса деле ачынып калган жокпу деп улам карай берем. Энелик сезим деген башкача экен. Жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң.
– Көп жылдан бери алпаруучулук кесипти аркалап келесиз? Бул жол кантип башталды?
– Ата-энем Кочкордон болот, кийин жумушуна байланыштуу Жумгал районунун Чаек кыштагына көчүп барышып, ошол жакта жашап калышкан. Апам милиция кызматкери, атам экономист. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Мектепти Чаектен бүтүрдүм. Англис тилинен котормочу болсом дечүмүн, бирок жалпы тестирлөөдөн алган баллым бул факультетке бюджетке тапшырууга жетпей калып, орус филологиясы факультетине тапшырып калдым. Мектепке барып мугалим боло албасымды түшүнүп, ар кандай кастингдерге бара баштадым.
Бир күнү ырчы Байыш Момуновго жолугуп калдым. Ал “Заманага” компьютерде иштөөнү билген бирөө керек болууда” деди, “мен билем” деп бардым. Кастингдерден өтүп отуруп “Заманага” алып баруучу болуп калдым. Ошол учурда атаандаштык күчтүү болуп, эфирге чыгуу жолу абдан оор эле. 2-3 жылдай бекер иштеп жүрүп, анан штатка алынгам. “Замана” студиясында такшалып, андан кийин НТС телеканалына кеттим. Ал жакта редакторлук кылып “Таң шоола” деген таңкы берүүнү кыргыз тилинде даярдап чыктык, ал жакта дагы алып баруучу болдум. Азыр “эртең менен сизди эфирден көрүп алып, анан мектепке кетчүмүн” дегендер көп. Мурун азыркыдай жайнаган каналдар, интернет деген жок болчу да. – Түз эфирде сүрдөп сүйлөй албай калган учурлар болобу?
– Түз эфирди алып баруу кыйын, сөз байлыгың кенен болушу керек. Жаңылбашың кажет. “Текстти окуп коёсуңар, оңой эле да” деп калышат. Ал жерде окуп отура албайсың да, бир карап алышың мүмкүн. Алдын ала китептерди окуп, текст түзүп эфирге даярданабыз. Түз эфирдин алпаруучулары кандай жагдай болбосун абалдан чыгып кетүүгө такшалышат. Башында сүрдөчүмүн. “Күлбө, муну айтпа, тигини айтпа” деп жетекчилер тескеп, аябай сындашчу.
– Той, кечелерде да алпаруучулук кыласызбы?
– Социалдык долбоорлорду алпарып, тойлорго тамадалык кылчумун. Аттан кулап жамбашымды сындырып алып, бир жыл үйдө жатып калдым. Жакшы болуп калганда эле турмушка чыгып кеттим. Ошол бойдон тойлорго чыга элекмин.
– “Ызы-чуу” тасмасына продюсерлик кылып, роль да жараттыңыз эле. Кино тармагына кандайча аралашып калдыңыз?
– Кино тармагында жүргөн балдар “кино тарталы деп жатканбыз, продюсер болуп бербейсизби” деп калышты. Байкап көрөйүн деп макул болуп кинону тарттык, өзүм дагы тартылдым. Кинобуздун бюджети азыраак болуп калган. Бирок өз көрөрмандарын тапты. Бул жаатта идеялар бар, ишке ашып калса күбө болосуздар.
– Бир тармактын майын чыгара иштеген жакшыбы же көп тармактуу болгон жакшыбы, оюңуз кандай?
– Студент кезде эле “Заманага” келип, ошол бойдон бир беткей алпаруучулук менен жүрдүм. Ал ортодо саясат таануу бөлүмүндө аспирантураны, редакторлук кесип боюнча магистратураны окудум. Негизи бир эле иш менен жүрө бербей, өзүңдүн жөндөмүңдү ар тармактан сынап көрүү шарт экен. Мен канча жылдан бери “Замананы” алпарып жүргөнүм менен, “жанагы кинодогу кызсыз да” деп бир ролумдан тааныгандар көп. Эң башкысы коркунучту жеңип, бардык тармакты камтыганга аракет кылыш керек экен.
– “Турмушка чык” деп кыздарды шаштыра беришет го, буга көз карашыңыз кандай?
– Кыз баланы турмушка бергенге шаша берген туура эмес. Билим алып, коомдон өз ордун таап турмуш курса жакшы деп ойлойм. 18 жашта турмушка чыксаң, ага чейин үйдө оокат-тиричилик менен жүрсөң, кайра эле бирөөнүн үйүнө барып түйшүккө түшөсүң. 30 жашка чейин кыз кишилер өзүнө убакыт арнап, руханий, акыл жактан өзүнө ишенимдүү даражага жетип алып, анан турмушка чыкса бул жаман деле болбосо керек. Эки жакты көргөн, билимдүү, акыл токтотуп калган эненин коомго салымы баары бир чоң болот.
– Жолдошуңуз менен баш кошууңузга каршылыктар болгонун маектериңизде айткан экенсиз...
– Таласка келин болгом, жолдошум менден кичүү. Башында экөөбүздүн баш кошуубузга үйдөгүлөр каршы болушкан. Азыр баары жакшы. Жолдошума баа берем, эч нерсеге карабай көздөгөнүнөн тайган жок. Элдин ар кандай сөзүнө көз жумуп койгонуна аябай ыраазы болом. Жашоодо жаш курак деле мааниге ээ эмес экен, эң негизгиси өз адамыңды тапсаң болду. Биз сүйүү менен баш коштук деп айта алам. 3 жылдан ашык кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Сүйүү болгон үчүн тоскоолдуктарды жеңдик. Анын жанында мага баары жеңил. Ага эркелейм, таарынсам бат эле жазылам.
– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!
Динара Акимова