АДАМДЫН КАЙСЫ ЖЕРИ ООРУГАНЫ ӨҢҮНӨН БИЛИНЕТ

Орусиялык белгилүү онколог Иван Карасёв адамдын ден соолугунда эмне маселе бар экенин өңүнөн билсе болот дейт.

  • Өңдүн бозоруп турушу анемияны билдирет.
  • Өңдүн саргыч тартышы боордун оорусунан кабар берет. Алып айтсак, боор тамак-аштын сиңишине шарт түзүүчү өт суюктугун бөлүп чыгарат, өттүн негизги курамын болсо билирубин пигменти түзөт. Эгер кайсы бир себептерден улам кандын курамында ошол пигмент көбөйүп кетсе адамдын өңү, териси, көзүнүн агы саргаят, заарасынын өңү күңүрт тартып, сыранын өңүндөй түс алып, заңы агарат. Бул сарык же дагы башка оорунун белгиси болушу ыктымал.
  • Эриндердин көгөрүп турушу жүрөк-кан тамыр оорусунун кабарчысы.
  • Беттин бир жагынын жогору, бир жагынын ылдый тартып калышы инсульттун башталышынын белгиси.
  • Теринин шуудурашы организмдин кургап кетиши же тер бөлүп чыгаруучу бездердин сезгениши.
  • Теринин шалбырап башташы ашказан-ичеги, ал эми таноонун жана ооздун эки четиндеги узунунан кеткен бырыш жоон ичегинин оорусунан кабар берет.
  • Кокус бүдүрлөр чекеге чыкса өт баштыкчасынын иштешин текшерткенге терапевтке, ээкке чыкса жыныстык органдарда сезгенүү бар, гинекологго баруу керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Akyljan12
2022-02-26 12:04:07
Теринин шуудурашы деген кургашы деген маанидеби?
0
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан