АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Менин балам сендей эмес, айтканынан кайтпайт.
– Мени эле айтканынан кайтат дейсизби?
– Кайтпаска аргаң барбы? Жаш кыз, сыгылбасын деп сага айтпай келдим эле, эми жашырыштын кажети жок. Атаңдын ашказанында рак бар. Ойлонуп көр, жашоосунда жанагыдай будуң-чаң болсо, кандай абалда каларын. Ким билет, канчалык өмүрү калды? Сага таарынып жүрүп көзү өтүп кетсе кантесиң?
– Болду, болду дейм, сөзүңдү токтот, сураныч! Сиз эмне жаман кабардын баарын чогултуп алгансыз?! Айдар менен кала албайм, түшүнсөңүз. Макул, Арстандан баш тартайын, бирок азыр мени мобул жерден алып кеткилечи!
– Жок, андайың жарабайт! Бул окуядан кабар алса, Арстан сени айылда бир күн да тургузбай жетелеп кетет.
– Ошончолук жакшы көрөрүн билип турсаңыз, неге бут тосуп жатасыз? Мен деле жаман аял болчулардан эмесмин да! Балаңыздын бактысына балта чаап не кыласыз?
– Сендей сулуунун жыргалынан азабы көп болот. Сендей сулуулар эркекке бакыт апкелбейт. А баламдын бактысыз болушун каалабайм.
– Бакыт апкелбейт деп алдын ала эле бүтүм чыгарып, сиз эмне, Кудай болуп кеттиңиз беле?
– Кел, сөздү токтотуп, ток этер жерин сүйлөшөлү. Айдар менен такыр эле жашай албайм десең, мен айткан адамга турмушка чыгасың. Атаңа “ушул киши багымды ачат” деп түшүндүрөсүң. Ал сени үч күндүн ичинде алып кетет. Ушул айтканыма көнсөң, сени бул жерден алып кетем. Айдардан эптеп кутулайынчы, анан калганын өзүм билем деп ойлобо. Өзүң деле акыл-эстүү жансың, атаңды жаман күнгө таштабайсың.
Акыркы сөзүн Ажар ушунчалык басым менен айтты дейсиң, тимеле жүрөгүмө батып кетти.
– Ажар, эшикти ачкылачы, экөөң эмнеле тынчып калдыңар?
Эшикти дүкүлдөтүп, тарткылай башташты. Ажардын ушунчалык артист экенин ушул жерден көрдүм. Кудай ай, ушунча жылдан бери байкабай, атам экөөбүз эмнени карап жүргөнбүз?
– Мектепти бүтө элек жаш кызды ала качып келип, түнү бою ыйлатканыңар кандай? Мен атасына билдирбей келдим. Азыр ал келсе, күлүңөрдү көккө сапырат. Аны жакшы билесиңер. Ошондуктан унчукпай гана экөөбүздү жеткизип койгула. Жок, жеткирүүнүн деле кереги жок. Айдай үйүңөргө кандай басып кирди, ошондой басып чыгып кетет. Сөз бүттү!
Өктөм сүйлөдү да, селдейип турган тигилерди кеп-сөзгө келтирбей мени үйдөн чыгарып кетти. Короодо топтолуп турган балдар да унчуга албай туруп калышты. Дарбазадан чыгып баратып көз кыйыгымдан Айдар жердеги чаканы көмөлөтө тээп, сөгүнүп калганын көрдүм.
Ошентип, үйгө келе жаттык. Эми кантем? Суранам, кеңеш бергилечи, эми кантем?
– Келе, алдагы телефонуңду!
Жолдо баратканыбызда өкүм сүйлөгөн Ажар телефонумду колумдан сууруп, симкасын чыгарып, чөнтөгүнө салып алды. Арстанга арызданат деди да.
– Айдай, кызым, кайда жүрөсүң?
Атам бизди тосуп чыкты.
– Түнү бою дайынсыз кетип, бизди катуу чочуттуң да, кызым, кайда жүрдүң?
Азыр ооз ачып сүйлөсөм эле бакырып ыйлап, атамдын моюнуна асылып калчудаймын. Антсем атамдын жүрөгүн оорутам да. Үн-сөзсүз жалдырап, жардам күтө Ажарды тиктеп калдым.
– Ээ, тиги шок балдардын азабы өтөт окшойт бизге. Көңүлү бары-жогуна карабай, Айдар деген неме ала качып кетиптир. Сага айтып, тынчыңды алгым келген жок. Барып, баарынын сазайын берип, Айдайымды алып келе бердим.
– Ким эле аныңар? Тиги Жоодардын уулубу?
– Ооба, ошол.
– Атасынын оозун урайын, ошол мышмыйган сары баланын менин кызымды ала качканга кантип дити барды? Ата-энеси жок кыздай ала качтырган Жоодардын бул кандай жоругу? Айтпайбы алдын ала.
– Болду, тынчтан. Кызыбызга эч кимдин колу тийген жок. Аман-эсен алып келдим го. Бир-эки жолу Жоодардын аялы келгенинен кагып койгом, кызыбыз али жаш деп...
Ой, куу түлкү! Карасаң, мунун айтып турганын! Айдардын апасы келгенде “силердей адамдар менен куда-сөөк болсок жыргабайбызбы” деп узатпады беле? Эми атамдын алдында жойпуланып жатканын карачы! Тимеле, “кызыбыз” деп жанды күйгүзгөнүн көр...
Үн катпай үйгө кирип кеттим. Атам бечара мага батынып, “эмне болду?” деп териштире албай, сыртта Ажар менен кала берди. Кудай билет, анысы кайдагы кепти айтып алдап жатканын.
“Рак” дегенди уккандан бери көз алдымдан атамдын жүзү кетпей, мына азыр эле каза болуп калчудай дирилдеп калдым. Же бир туугандан, же уулдан Кудай айтпаса, карманганы эле мен болсом, өмүрү минтип кыл учунда турса, анан кантип атамдын дилин оорутам? Мени күнү бою ушул суроо кыйнады. Эки күндөн кийин экзамен башталмак, аны ойлогонго чамам да калбады.
– Атаң кой дегениме болбой Жоодарды чакыртты. Тим кой, эркек кишилер өздөрү чечишет. Анан чын эле сурап алары жоктой болуп, унчукпай кала бермек белек? Мен сага башка нерсени айтайын деп турам.
Ушунча жаман сөздөн кийин эч нерсе болбогондой бөлмөмө кирип алып сырдашып турган Ажарды карап отуруп, каарым кайнап чыкты. Тобо, ушундай адамдан Арстандай уул кандайча төрөлдү экен? Мындай аялга туш болгон Арстандын атасы менен өзүмдүн атамды аяп кеттим. Тиги болсо быдылдап сүйлөп жатты.
– Бир күнү отурсам, эшигибизге килейген кара Жип келип токтоп, эки киши түштү. Ким болду экен деп тиктеп калсам, жашыраагы келип “Мукай абанын үйү ушулбу?” дейт. Алгач жүрөгүм опкоолжуп кетти. Мындай кишилер Мукайды неге издейт деп. Бир чыныдан чай ичилген соң кеп башташты. Көрсө, ал киши көптөн бери сени тааныйт экен, сыртыңдан күзөтүп жүрөт тура! “Мындай сулуу кызды татыктуу тарбиялоо да кыйын нерсе. Айдайды абдан акылдуу, токтоо, адептүү кылып тарбияладыңыздар. Сиз өз энесиндей мамиле жасап жатасыз” деп көп нерсени айтып, оозумду ачырышты.
– Токтой туруңузчу. Кимди эле айтып жатасыз? Түшүнсөм өлөйүн.
– Кепти бөлбөй турбайсыңбы. Сени бир киши Токмокто, жол боюнда турганыңда үйгө жеткизип келген турбайбы?
Ой, түлкү, карасаң, муну да билип алганын.
– Ооба, жеткизип келген. Олимпиадага барганыбызда машина бузулуп, жолдо калып, мени айдоочу тааныштарына салып жиберген. Жеткизип койсо эмне экен?
– Ал кишинин ким экенин билчү белең?
– Жок, атын да сурабасам керек эле.
– Аты Элдар. Бирок аны эл “токмоктук Элдар” деп таанышат.
– Эмне, кличка менен жүр­гөндөй кримчөйрөдөн бекен?
– Кримчөйрөбү, башкабы, айтор, абдан бай, бойдок жигит!
– Жигит? Ошол килейген кишини жигит деп турасызбы? Аны мага эмне айтып жатасыз?
– Сага азыр киши болуп көрүнө берет. Билсең, аялдар бат эле картайып кетишет. Азыр жашсың, сага атаңдай көрүнүп жатса керек. Дагы беш-он жылдан кийин экөөң бирдей эле көрүнүп каласыңар. Жо-ок, картайып кетесиң дегеним жок. Экөөң сонун эле жарашкан түгөй болуп каласыңар деген турам.
– Да-а, эми түшүнүктүү. Сиз ошол кишиден алчусун алып, мени сыртымдан сатып жибергенсиз, туура айтамбы? Менден сурамай жок. “Кызым, сенин кандай пландарың бар? Кайсы окууга тапшырайын дейсиң? Кандай кесипке ээ болгуң келет?” Буларды сурап баш ооруткуңуз келген жок, ээ? Эптеп Арстандан ажыратып, көздөн алыстатып тынчытуу керек болду. Ошончолук эле ашыкча болуп жатсам, өзүмө эле айтсаңыз болмок. Арстан үйгө келгенде эле үйдү бошотуп берип, башка жакка, колледжгеби, бирдемеге тапшырып кетип калмакмын. Сизге да, мага да, балаңызга да, атама да мынчалык баш оору жаралмак эмес. Баарын ойлоп, талдап, таразалап турган амалкөй жаныңыз неге ошону эрте ойлободуңуз экен?
– Мени кекеткенден пайда жок. Ачыгын айтам, Элдарга тийсең, кор болбойсуң. Сыйлуу, бай, баарын кызыктырган аял болосуң. Ал сени жакшы көрөт. Коркпо, экинчи, үчүнчү аял кылам деп жаткан жок. Илгери жаш кезинде бир үйлөнүп, анысы кыз төрөп берген соң “колуңдан эч нерсе келбейт, кедейсиң” деп таштап кеткен экен. Ошол боюнча үйлөнбөптүр.
– Бир эмес, беш үйлөнсүн, анын мага кызыгы жок.
– Сөздү аягына чейин укпайсыңбы? Ал кызын кийин таап, азыр энесинде экен, каралашып, окуусуна, башкасына жардам берип турат дейт.
– Мынчалык маалыматты кайдан чогултуп жүрөсүз?

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Alpamysch
2010-12-03 23:03:35
Ажар аябай эки жуздуу экен али далайды корсотот
0
Баян
2010-12-04 12:58:22
Ээх Ажардай адамдар канча бул жашоодо...
0
alexandra
2010-12-05 02:35:55
Bizdin da mekteptin jatakanasynda Ajar degen ayal ishtechu, uulu bizdin mektepte bashka klassta okuuchu. Ajar ayabay kuu, nachar ayal ele, uulu aga takyr okshoshpochu, men oshol kezdi estep kettim
0
Baihan
2010-12-06 14:57:41
Баян туура айтасын! Ажардай аялдар биздин арабызда канча болду экен? Шумдуктуу!
0
Elmira
2010-12-10 11:54:10
Кудай сактасын!Айдайга кыйын болуптур же сырдашып,кенеш сурайын десе бир туугандары жок,ыйлагым келип кетти.((((((
0
Elmira
2010-12-10 11:56:17
Ооба озу экинчи аялдар олгон жаман адам болушат,дайым ушундай аталар кыган ишти кылып коюшуп ,башкаларга азар беришет.Менде да ушундай арман бар,Кудай сактасын!
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан