Мадалена Абдрахманова: “АТА-ЭНЕМ АКТРИСАЛЫКТАН БАШКА КЕСИП ТАНДА ДЕП КЕҢЕШ БЕРИШТИ”

Маектешим актёрлор Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашованын аймончоктой кызы Мадалена Абдрахманова. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, Мадалена дагы тасмаларга тартылып өнөр дүйнөсүндө жүрөт. “Туяк” рубрикабыздын алкагында Мадалена жана ата-энеси тууралуу сөз кылдык.

– Мадалена, салам. Сени “Таң алдында” сериалынан көрдүм. Актриса болгуң келеби?

– Саламатсызбы? Мен кичинемден ушул чөйрөгө аралашып чоңойдум. 6 жашымдан баштап спектаклдерге катышып баштагам. 6 жашымда биринчи жолу “Оо, кыздар” спектаклинде арбак баланын ролун аткаргам. “Тагдыр” деген спектакль менен Казакстанга чейин барып келгенбиз. Кичинемде чачымды бекем өрүп кепка кийгизип, жалаң эркек балдардын ролун аткартышчу (күлүп). 1-2-класстарымда спектаклде ойнойм деп күндө Ак-Ордодон мектептен чыгып алып, Кыргыз драма театрына чейин келчүмүн. Ошол кезде актриса болом дечүмүн.

Кийин кесип тандоого келгенде ойлонуп башка кесипти тандашым керек экен деп калдым. Апамдар деле “башка кесипти тандасаң жакшы” деп калышат. Анткени бизде кино жааты жакшы өнүгө элек, театрга деле аз киши барат. Азыр 11-класста окуйм, кайсы кесиптин ээси болсом, кайсы окуу жайга тапшырсам деп ойлонуп жүрөм, бир чечимге келе элекмин. Тиш доктуру болгум келчү. Бирок врач болгондон коркуп жатам.

– “Таң алдында” сериалына кантип тартылып калгансың? Андан башка да тасмаларга тартылдыңбы?

– “Таң алдында” мен тартылган алгачкы тасма. Кастингге чакырышып, андан ыр айтып берип өтүп кеткем.

Андан кийин “Алтын” деген тасмада башкы ролду жараттым. Ал быйыл жазында чыгат экен. Азыр “Таксист” деген сериалга тартылууга сунуш түштү. Алдыда ошого тартылам.

– Алгачкы жолу тартуу талаасына чыкканда кандай сезимдер болду?

– Башында уялып жаткам. Команда жакшы болсо бат эле көнүп кетет экенсиң.

– Кайсы учурду аткаруу оор болот?

– Ыйлаш керек болгон учурлар оор болду. “Таң алдындада” 2-3 жеринде ыйлашым керек болду. “Алтында” дагы ыйлаак кызмын.

– Актёр, актрисалар “пияздын жардамы менен ыйлайбыз” деп калышат го?..

– Ооба, мен деле пияздын жардамы менен ыйласам болмок деп ойлогом. Бирок пияз жок да ал жакта, өзүң алып барып алышың керек.

– Көчөдөн таанып калгандар болобу?

– Ооба, бир жолу маршруттук таксиде уйкусурап отурганымды сүрөткө тартып алып Инстаграмга мени белгилеп жүктөп коюшуптур. Аябай жаман болгом. Кээде көпкө чейин карап туруп, анан жаныма келип “апаңыз актриса беле?” деп сурашат. Кээде кичинекей кыздар сүрөткө түшүшөт.

– Атактуу адамдардын кызы болгон кандай?

– Атамдар “силер өзүңөрдү кармап жүрүшүңөр керек, силерди эл карап турат, бейчеки баспашыңар керек, баланчанын кызы мындай экен деген сөз ээрчитпешиңер керек” дешет. Мен өзүм деле бейчеки баскым келбейт. Дискотека, отуруштарга бир жолу барсаң кийин да баргың келип калса керек. Мен барып көргөн эмесмин. Өзүм эле баргым келбейт. Апамдарга айтып, алар жибербей койгон учур болгон эмес.

– Арнис байке менен Альбина эже кандай ата-эне?

– Актёрлор балдарына көп көңүл бурбай калышат дешет го. Бизде андай эмес. Күндө кечинде келгенде сабактарыбызды текшеришет, чогуу отуруп тамактанабыз. Бири-бирибизге ошол күндөгү окуяларды айтып беребиз. Кадимкидей сонун үй-бүлөлөр бар го, ошондой баары. Бизге көңүл бурганга убактылары жакшы эле бар. Атам кээде катуу, кээде жумшак, абалга жараша мамиле кылат. Жаман иш кылсак урушат. Бирок жөн эле уруша бербейт. Апам эмоционалдуу, жини келсе дароо урушат. Экөөнүн мүнөзү окшош. Экөө тең дайым шайыр, күлүп жүрүшөт. Үйдө болобу, конокто болобу, атам бир нерселерди айтып берип элди күлдүрө берет. Баары эле үйдө апам башкарат деп ойлошот. Андай эмес. Үйдө атам кандай десе ошондой болот.

– Сен дагы бир маегиңде “атам менен сырдашам” дептирсиң.

– Кичинемден бир нерсе болсо эле атама айтып көнүп калгам. Баарыбыз эле атама жакынбыз. Бирок мен баарынан да чоң энеме жакынмын. Мен төрөлгөндө апам менен атам жатаканада жашачу экен да. Кышында энеме таштап коюшчу экен. 5 жашыма чейин энеме барып келип жашагам. Энем сонун адам. Бардык нерсени позитивдүү кабыл алат. Ага баарын айтып бере алам. Баарын түшүнөт, мени дайыма колдойт, сурасам кеңеш берет. Башка улуулардай болуп “уят болот” дебейт. Мүнөзү жаш балдардыкындай. Бир жолу тасмага тартылганга Барскоонго барып, ошол жактан биринчи жолу ат миндим. Аны видеого тартып Инстаграмга жүктөп койгом. Энем ошол жактан көрүп алып “сен ат миниптирсиң” деп аябай сүйүнгөн. Кечинде үйгө келсем кучактап алып сүйүндү. Видеону жиберип койгом. Жанына келген бардык адамдарга ошол видеону көрсөтүп “кызым ат миниптир” деп айтып берип жатыптыр. Энем үйдө камалып отура бересиң деп шаарга келгенди аябай жаман көрөт. Ага карабай мен съёмкаларга чыгарда келип кичинекей сиңдимди карап турат.

– Сонун энең бар экен, өмүрү узун болсун. Кичинекей сиңдиңди үйдө сен карап жатасың да, ээ?

– Ооба, мен эле карайм. Бир жашка чыкканда эмчектен чыгарып айылга алып кетип, ошол жакта бир ай жүргөм. Төрөгөндөн 1 ай өтө электе апам “Такебай-2” тасмасына тартылган. Ошондо да жанында алып карап жүрдүм.

– Азаматсың. Атың өзгөчө, Мадалена деп атыңды ким койгон?

– Атамдын бир тууган эжеси койгон. Мааниси эмне экенин билбейм, сураган эмесмин. Көптөр ошону сурай беришет. Интернеттен да карап көрдүм, эч нерсени түшүндүрбөйт экен. Мага атым жагат, эч кимде жок ат. Үйдөгүлөр Мани дешет.

– Эмнени кыялданасың?

– Европада иштеп жашаганды кыялданып жатам. Бул кыялым күндө түшүмө кирет.

– Европага кетип калсаң энең сагынат го?

– Мен деле сагынам го, көрөбүз да кандай болот.

– Жолуң ачык болсун. Кыялдарыңа жет.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2022-01-17 18:40:30
Ата энен жаман айтпайт.
+1
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан