ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН 7-ЧАКЫРЫЛЫШЫ ӨЗ ТҮЗҮМҮН БЕКИТТИ

12-январда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын түзүмү бекитилди. Парламентте 8 комитет түзүлдү. Тийиштүү токтомго 72 депутат макул, 4 депутат каршы деп добуш берди. Мындан тышкары комитеттердин төрагалары шайланды. Түзүлгөн комитеттер жана алардын жетекчилери булар:

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети, төрагасы Жанар Акаев;

Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети, төрагасы Азизбек Турсунбаев;

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети, төрагасы Медербек Аалиев;

Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети, төрагасы Данияр Төлөнов;

Социалдык саясат комитети, төрайымы Динара Ашимова;

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети, төрагасы Сүйүн Өмүрзаков;

Транспорт, коммуникация, архитектура, курулуш комитети, төрагасы Бактыбек Сыдыков;

Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактарды өнүктүрүү комитети, төрагасы Аманкан Кенжебаев;

Жогорку Кеңештин төрагасынын 3 орун басары болот. Бул кызматка Нурбек Сыдыгалиев (“Ишеним” фракциясы), Улан Примов (“Ата Журт” фракциясы) жана Жамиля Исаева (“Ата Журт” фракциясы) шайланышты.

Айрым депутаттар 6-чакырылыштын комитеттери элдин кайрылууларына кайдыгер карап келишкенин, бул жолу андайга жол бербөө керектигин айтышты. Мисалы, агрардык маселелер боюнча тийиштүү комитетке 6 жылда 6 миңден ашык кайрылуу түшсө, аталган комитет бул маселе боюнча 4 гана жолу жыйын өткөргөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан