САДЫР ЖАПАРОВ ЕАЭБдеги ӨЛКӨ ЛИДЕРЛЕРИНЕ КАЙРЫЛДЫ

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүнө байланыштуу аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуу жасады.

Жапаров глобалдык жана аймактык коркунучтар “макулдашылган эффективдүү экономикалык чечимдерди кабыл алууну” талап кылып жатканын белгилейт. Кыргызстан ар кандай тоскоолдуктарды ыкчам түрдө чечүү үчүн эффективдүү чараларды жана механизмдерди иштеп чыгып ишке киргизүү керек деген пикирде. Мамлекет башчы учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо көйгөйү актуалдуу бойдон калып жатканын, мындайда бааларды жана айыл чарба азыктарын өндүрүүдөгү тең салмактуулукту кармап туруу үчүн макулдашылган агроөндүрүштүк саясат жүргүзүү зарыл экенин айтты. Ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун зарылдыгын баса белгиледи. Садыр Жапаров эмгек мигранттары социалдык камсыздоо жана медициналык жардам алуусу боюнча да пикирин билдирди. Мындан тышкары ЕАЭБдин жаштар форумун негиздеп, аны жыл сайын өткөрүп турууну сунуштап, бул сунуш уюмдагы башка мамлекеттер тарабынан колдоо табарына ишенерин билдирди Кыргыз президенти.

Айта кетсек, 2021-жылы ЕАЭБ органдарына Казакстан төрагалык кылды. 2022-жылы төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан