“КУМТӨР” ИШИ: ЖООМАРТ ОТОРБАЕВГЕ 300 МИҢ СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

"Кумтөр" иши боюнча кылмышка шектелип кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салынды. Тийиштүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

– Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмүнө ылайык, Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, мамлекеттин пайдасына 300 000 сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди,- деп айтылат маалыматта.

Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 2021-жылдын 16-сентябрында кармалган.

“Кумтөр” иши боюнча айыпталып жаткан экс-биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыгарылганы айтылды. Ал өлкөдөн эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган. Тайырбек Сарпашев 2021-жылы июнь айында кармалып, көп өтпөй кайра бошотулган эле. Былтыр октябрда УКМК тарабынан кайрадан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан