МИНИСТРЛИК: КОРОНАВИРУСТУН 4-ТОЛКУНУ БАШТАЛДЫ

Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу 12-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

– Буга чейин анализдерди чет өлкөлөргө жөнөтүп, түрдүү инфекцияларды аныктачубуз. Бул жолу Кыргыз өлкөсүндөгү лабораторияларда жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында эки адамдан коронавирустун омикрон штаммы аныкталды,- деп билдиришти министрликтен. Мекеме өлкөдө коронавирустун 4-толкуну башталды деп жарыялады.

Өлкөдө коронавирус илдети кайрадан күчөп жатат. Омикрон штаммы тездик менен жугуп, бат тарайт деп айтылып жатат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул штаммдын айынан Кыргызстанда ооругандардын саны кескин түрдө өсүшү мүмкүн деп билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “омикрон штаммы 2022-жылдын январында келиши мүмкүн” деп билдирип, бул сөз коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан