Изат Айдаркулова, төкмө акын: “АПАМДЫ ЖОГОТУП, КӨКҮРӨГҮМ КҮЙҮТТӨН ӨРТТӨНҮП ТУРАТ”

“Дүйнөнү энелердин мээрими сактап турат. Бул мээримден эч кимди айрыбасын” деп көзүнө жаш алды төкмө акын Изат Айдаркулова. Ал өткөн жайда апасынан ажыраган. Айтыш өнөрүнүн көрүнүктүү жылдызы апасын эскерди.

“АПА ТУУРАЛУУ ЫРЛАРДЫ ЫРДАЙ ДА, УГА ДА АЛБАЙ КАЛДЫМ”

– Турмушта апаң – тирегиң, ишенгениң, дем берген адамың, санаалашың, сырдашың да. Өткөн жайда апамды жоготуп алдык. Апам Базаркан Алымкулова 68 жашында оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Катуу ооруп, акырында медиктер да, табыптар да жардам бере албай калды, алып барбаган жерибиз калган жок. Мындайда эч нерсе кыла албаганыңа ушунчалык каңырыгың түтөйт экен. Кандай жардам бере алам, эмне кыла алам деп айыктыруунун жолун гана издеп калат экенсиң. Ажалга айла жок экен, эми куран окугандан башка айлабыз жок. Азыр деле оор. Бир туугандарың үчүн өзүңдү кармайт экенсиң. Биз 3 уул, 5 кызбыз. Убакыт өткөн сайын күйүтүбүз басаңдайбы деген менен, тескерисинче, убакыт өткөн сайын оор болуп жатат, апамды таппай калып, сагынып... Бир туугандарым бири коюп, бири ооруп ооруканага жатып калгандары болууда. Жакын адамыңды жоготкондо “балким, мындай кылсам башкача болмок” деген өзүн-өзү жемелөө болот экен. Баарыбызда ушундай арман болду. “Апама жетиштүү көңүл бура албай калдым, эмнеге баланча жакка алып барган жокмун, эмнеге убагында түкүнчөнү жасабадым?” деген өкүнүч менде да бар. Эч ким энесиз калдың деген кабарды укпаса экен. Бул өтө оор. Көкүрөгүм күйүттөн өрттөнүп турат (ыйлап). Баарынан атама оор болуп жатса керек. Атам сабырдуу киши, өзүн кармап, бизге билдирген жок.

Кичүү иним үйлөнө элек. Апам керээз катары “ушул баланы көптөп үйлөндүрүп койгула” деп айткан. Анан да “баарыңарга ыраазымын” деп кетти (ыйлап). Мурда апа деген сөздү укканда кулакка жагымдуу, жүрөктү толкуткан добуш угулса, азыр кимдир бирөө апасы жөнүндө айтса, апа жөнүндө ырларды уксам, зээним кейип, жараатым улам жаңыланып кыйын болуп жатат. Апа тууралуу ырларды ырдай да, уга да албай калдым.

“АЙТЫШКА КАТЫШПАЙМ ДЕСЕМ АПАМ КАТУУ ТААРЫНГАН”

– Көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Ар бир күнүм аманат экенин азыр терең түшүнө баштадым. Үйдө отура берсең кыйнала берет экенсиң. Элге аралашайын деп акындык өнөрүмдү улантып, айтыштарга катышууну уланта баштадым. Жашоого келген миссиям ушул экен. Өнөрдү аркалагандан кийин аны аздектеп, багып, өстүрүү керек. Бул менин милдетим. Анан да “айтышка чыкпайсыңбы, эмнеге көрүнбөй кеттиң” деп жазгандар болду. 17-январда боло турган Элмирбек Иманалиев устатымдын туулган күнүнө арналган “Төкмө келсе төр бошот” аттуу эскерүү концертине катышам, буюрса. Көп нерсе өзгөрдү, бирок сабырдуу, кайраттуу болууга аракет кылам. Элге кызмат кылсын, элдин адамы болсун деп тилек кылып чоңойткондон кийин элге кызмат кылууга милдеттүүмүн. Элдин алкышын алып кызмат кылган сайын апама деле сообу тиеби деген сезим болот экен. Апам мени аябай колдочу. Айтыштарга жаңы чыга баштаганда атам экөө тең эптеп кете алабы деп кооптонуп кыжалат болгонунан чыдап көрө алышчу эмес. Кийин мага ишеним артып калганда кенен отуруп көрө турган болуп калышты. Айтыштарга чыгарда апам “түнү менен уктай алган жокмун, сен үчүн ыр токуп чыктым, бирок жоготуп алдым” дечү. Менин бул өнөрдү аркалап жүргөнүмө аябай сүйүнчү. Кошуна-колоң “кызыңызды теледен көрдүк, сонун айтышты” десе кубанып ошону айтып келчү.

Айтыштардан кийин бир туугандарым, ата-энем болуп аны талкуулачубуз. Ар кандай сындарды айтышчу. Бир туугандарым “жакшы айтыша албай койдуң, жакшы даярданбайт белең” деп урушуп, мен ыйлап устатыма арызданып барган учурлар да болду. Бирок апам сындачу эмес. Жөн гана батасын берип, “уят болбосо экен, мүдүрүлбөсө экен” деп Кудайдан тиленип отурчу.

Апам айылдан шаарга келип дарыланып жүргөндө көбүнчө мен жанында болдум. Ошол мезгилде айтыш болуп калды. “Айтышка катышпайм, айтышты таштадым” деп апама тамашалап койсом, “эмнеге катышпайсың?” деп катуу таарынган. Анан “тамашалап койдум, ушул эле айтышка катышпайм” деп көңүлүн көтөргөм.

“АТА-ЭНЕМ ӨНӨРЛҮҮ АДАМДАР”

– Апам өнөрдү түшүнгөн, өзү да өнөрлүү адам болгону үчүн бизди түшүнүп, баалады. Өмүрүбүздү гана эмес, өнөрүбүздү да ойлоп, кам көргөн адам болчу. Апамдын мүнөзү шайыр эле. Ыйлаганда ыйлагандай, күлгөндө күлгөндөй, кандай болсо ошондой, такыр жасалмалуулугу жок адам эле. Кандай чөйрөгө барбасын ал жерди шаңга бөлөчү. Балдарына өтө кылдат мамиле кылды. Кичинебизден жаш баласынтып “тур, ары ойно” дечү эмес, чоң адамдардай мамиле кылып, акылдашчу. Кийин да неберелерине ошондой мамиле кылды. Ата-энемдин азыр 22 небереси бар. Аларды тегерете чогултуп алып токуп жомок айтып берчү. Атам “апаңдын жомогу бүтпөйт” деп күлүп калчу эле. Байкасам, жомогун угуп жүргөн неберелеринин сөз байлыгы кенен, бир нерсени жакшы түшүндүрө алган балдар болду. Апамдын таасири го деп коём.

“САНААЧЫЛДЫГЫМ АПАМА ОКШОШ”

Апамдын “эй, кызым, мындай болбо, тигиндей кылба, сен мындайсың” деп катуу айтканын уккан жокмун. Өзү шакылдаган аял болгону менен, көңүлү назик эле. Бирөө какшыктаса, турган жерден сонун жооп берип койгон чукугандай сөз тапкан сөзмөр аял болчу. Ошонусуна таң калчубуз. Сонун ырдайт эле. Биз ырдаганда да кеңешин берип, оңдоп-түздөп турчу. Атам бир нече обондорду жараткан, айылда көптөгөн балдарга комуз үйрөткөн адам. Апам ырга жакын болгондуктан, атам комуз, аккордеон ойноп берип, апам ырдаган учурлар көп болду.

Менин апама санаачылдыгым окшош. Апам дагы бир нерсе укса чебелектеп өзүн коёрго жай таппай бир заматта алоолонуп кетчү. Мен да бат эле чебелектеп кетем, бирок сабырдуу болуп карманганга аракет кылам, өзүмдү ошого тарбиялап жатам.

Убагында сезбейт экенсиң. Көзү өткөндөн кийин апам тартылып калган видеолор, сүрөттөр алтынга алмашкыс баалуу болуп калды. Апам бар видео, сүрөттөрдү телефонума топтоп алгам. Ал ырдаган видеолорду көрүп кошо ырдап соороном. Апалар аман болсун. Көзү тирүүсүндө барктап, баалап алалы.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан