Нурайым Акылбекова, ырчы: “АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЧОҢ САХНАГА ЧЫКТЫМ, КЕРЕМЕТ”

Каарманым комузу менен кыргыз обондорун созуп, интернет айдыңында өз күйөрмандарын табууга жетишти. Жакында ал Сыймык Бейшекеевдин концертине катышып, алгачкы жолу чоң сахнага чыкты. Таланттуу кызыбыз менен кенен таанышып, өзү, чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.

– Саламатсыңбы, Нурайым? Өзүңдү тааныштырып берчи.

– Саламатсыздарбы? Мен 2005-жылы 2-февралда Аксы районунун Кызыл-Жар айылында төрөлгөм. Азыр 11-класста окуйм. Чыгармачылыкка кызыкканым үчүн мектепте адабият сабагын жакшы окуйм. Спортко да кызыгам, баскетбол ойнойм. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, агам бар. Атам күч түзүмдөрүндө иштейт. Апам агам экөөбүздү тарбиялап үйдө. Азыр менин продюсерим катары колдоп жанымда жүрөт.

– Ата-энең чыгармачылыкка жакын адамдарбы?

– Атамдын да, апамдын да кичине кездеринде ырчы болуу кыялдары болгон экен. Атам гитара чертет, ырдайт. Апам да, агам да, баарыбыз ырдайбыз.

– Ырга жакын экениңди качан билдиң?

– 4 жашымда бир тойдо ырдаган экенмин. Аны туугандарым айтышат, мен эстей албайм. Бала бакчада ырдап жаткандагы сүрөттөрүм, 1-класста ырдаган видеолорум бар. Кичине кезимде чоң апам “кызым ырчы болот, чоң сахнада ырдайт” деп айта берчү. Буюрса, чоң сахнада ырдадым, бирок аны чоң апам көрбөй калды. Мектепте маданий иш-чараларга активдүү катышам. Ошондой иш-чаралар чыгармачылыкка болгон кызыгуумду көбөйттү болушу керек. Ар түрдүү сынактарга катыштым. Азыр да мектепте бир нерселерди уюштуруп калам.

– Кайсы кесиптин ээси болгуң келет? Ырчылыкты улантасыңбы же башка тармакка кетесиңби?

– Аны чече элекмин. Бирок кайсы кесиптин ээси болсом да чыгармачылыкты таштабайм. Элдин эрке кызы болуп жүргөндү каалайм.

– Жакында Сыймык Бейшекеевдин концертине катышып, чоң сахнага чыктың. Ошол тууралуу айтсаң.

– Сыймык Бейшекеевге Инстаграмдан көп жазгам. Жооп келчү эмес. Анан жакында бир байкеден номерин алып, WhatsApp’тан байланышкам. Сыймык ата менин видеолорумду көрчү экен. Мага “концертиме келип ырдайсың” деп калды. Алгачкы жолу чоң сахнага чыктым, керемет экен. Биринчи жолу болгону үчүн такыр унутулбайт. Дагы деле ошол учурлар көз алдымда. Концертке чейин мага “сени көргөнү баратабыз” деп жазгандар болду. Менин ырдап чыкканымды күткөндөр болду, колдошту. Мунун баары мага дух берип турду.

– Сыймык байке “сени колдойм, мындан ары да жардам берем” деди. Алдыда чогуу иштешесиңерби?

– Ооба, өзүм өстүрөм деди. Буюрса, алдыда чогуу иштешет болушубуз керек. Мен комуз менен кыргыз орнаменти бар кийимдерди кийип чыккым келет. Чет өлкөгө чыгып калсам дагы ушундай стилди кармангым келет. Балким, кайсы бир учурда стилим өзгөрүшү мүмкүн.

– Сыймык байке сенин өнөрүң тууралуу эмнелерди айтты?

“Жакшы ырдайсың” деди. Көбүнчө Сыймык атанын ырларын ырдаганым үчүн катачылыктарын да айтып жатты.

– Күйөрмандар пайда болдубу?

– Инстаграмда 108 миң катталуучум бар. Ютуб каналымда 20 миңден ашуун катталуучу бар. Күйөрмандарым сураган ырларды аткарып берем. Ошон үчүн аларга жаксам керек. Жеке кат аркылуу ийгиликтерди каалап, “сахнадан көргүбүз келет, сени менен көрүшкүбүз келет” деп жазышат. Өздөрү жашаган айылга концерт коюп баруумду суранышат. “Башка ырчылар бири-бирине окшош, сенин келбетиң өзгөчө” деп да жазышат. Балким, боёнбогон үчүн башкача көрүнөттүрмүн. Негатив жазгандар жок деп айта алам.

– Сага чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Жолуң ачык болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-aiym
2022-01-19 00:17:44
Азаматсын Нурайым чыгармачылык ийгилик каалайм
+2
meni_kut
2022-01-19 12:39:50
Азаматсын, үнүн өзгөчө бир мукам...
+1
Binur_gold
2022-01-31 14:40:06
Акыркы сабак деген кинодогу кызбы бул же окшошпу
0
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан