КАЗАКСТАН КООГАЛАҢЫ: НАЗАРБАЕВДИН ДООРУ БҮТТҮБҮ?

2022-жыл Кыргыздын коңшусу Казакстан бийлиги үчүн күтүүсүз бурулуш менен башталды. Казак эли суюлтулган газдын баасынын 2 эсе кымбатташына каршы түп көтөрүлүп, аягы оор жоготуулар менен бүттү. Жалпы 164 адам каза тапса, миңдегени түрдүү жаракаттарды алышты.

Кыскача хронология

2-январда башталган митингдер заматта бүт Казакстанга жайылып, президент Касым-Жомарт Токаев адегенде кайра-кайра билдирүү жасап жатты. “Газдын баасы арзандатылат” деген да билдирүү жасалды. Өкмөт отставкага кетирилди. Бирок мындан майнап чыккан жок, жаалданган жарандар жер-жерлерде акимчиликтерди басып алып жатышты. Кырдаалды жайгарууга жөнөтүлгөн күч түзүмдөрү элге кол көтөрүүгө батынбай элге кошулуп кеткени да абалды ого бетер курчутуп, от алоолоп кетти. Талаптар улам көбөйүп, “Назарбаевдерсиз!” деген ураандар жаңыра баштады. Бул арада Казакстандын биринчи президенти, өмүрүнүн акырына чейин Коопсуздук кеңешин жетектейт деп жарыяланган Нурсултан Назарбаев кызматтан алынганы, аны мындан ары Токаев өзү жетектей турганы жарыяланды. Абал оорлошуп баратты, 5-январда президент Токаев ЖККУга кайрылып, аскердик жардам сурады. “Казакстандын бүтүндүгүнө коркунуч туулду, террористтер кол салды” деп жарыялады президент. Көп өтпөй ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстанга кирип, массалык толкундоолорду басты. 13-январдан тарта сырттан кирген аскерлер Казакстандан чыгарыла баштады.

АЙКӨЛ КЫРГЫЗ, КҮТПӨГӨН ЖООП...

2005, 2010-жылкы Кыргызстандагы революциялар маалында Казакстан бийлиги чек арасын жаап, сырттан карап турчу. Толкундоолордун эпкини өтүп кетпесин деп чочулайт эле. Казакстандагы баш аламандыкта Кыргызстан кучагын ачып айкөлдүк көрсөттү. Адегенде Казакстандан Кыргызстанга кирген жарандардан ПЦР тест талап кылууну жокко чыгарса, кийин ЖККУнун алкагында аскер жиберип Казак бийлигине көмөктөштү. Казактын күч органдары баш аламандыкка катышты деп айрым Кыргыз жарандарын “террорист” деп кармап, жарыялап жибергени Кыргыз жеринде олуттуу нааразычылыктарды жаратты. Мисалы, Кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалышы, анын “Кыргызстандан Казакстанга митингге катышуу үчүн келгем” деп сүйлөтүлүшү чуу жаратты. Кыргыздагы жарандык коомдун талабы, УКМК жетекчилигинин жардамы менен музыкант бошотулуп мекенине алынып келинди. “Боор ооруса боорго тебет” деген макал эске түшөт... Баш аламандыкта кармалган башка Кыргыз жарандарын бошотуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 2 мекендешибиз тополоңдо каза тапты. Ошентип, бийликке адилеттүү талап коюп чыккан Казак эли, балким, айрым кызыкдар күчтөрдүн айынан аягында “террорист” деген атты жамынып кала берди.


КАЗАКСЫЗ КЫРГЫЗ АЧКА КАЛАБЫ?

Кыргызстанда Казакстанга аскер киргизүү чечими эл арасында эле эмес, парламентте да талаш жаратты. Депутат Нуржигит Кадырбеков аскер жөнөтүүгө каршы пикир билдирди эле, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “коңшубуз жардам сураса, унчукпай коё албайбыз. Мына, Кыргыз-Казак чек ара постторунун жарымы жабылды, баарын жаап салышса элди ким багат? Унду депутаттар жонуңарга көтөрүп ташып келесиңерби?” деп сындады. Бул жооп Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу кандай абалда экенинен кабар берет. Казакстанга аскер жиберүүгө каршы Ак үйдүн алдына чыккан митингчилерди Садыр Жапаров “популисттик кылбоого” чакырды. ЖККУнун алкагында Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 аскер кызматкери жана 19 техника жиберилген. Алар Казакстанда стратегиялык жайлардын бирин кайтарышканы тууралуу маалымат берилген. 13-январда Тегирменчилер уюмунун жетекчиси Рустам Жунушов маалымат жыйын берип, жакын арада ундун баасы кымбаттабайт деп билдирди.

"2 айга жетерлик ун запасы бар, учурда да алынып келинүүдө. Ундун баасы кескин көтөрүлбөйт",- дейт Жунушов.

САДЫР ЖАПАРОВСУЗ ӨТКӨН ЖККУ ЖЫЙЫНЫ

10-январда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз онлайн жыйыны өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышкан жок. Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыгып кетип, ордуна Акылбек Жапаров катышты. Анда президенттер Казакстандагы абалды террористтер пайдаланып кеткенин белгилешип, ЖККУнун аскер жиберүүсү эң туура болду деп белгилешти. Беларусь президенти Александр Лукашенко Казакстандагы окуядан кийин Өзбекстан сак болушу керектигин эскертти. Бул билдирүүнү эксперттер “Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусиянын чийининен чыкпагыла деген ишарат” деп түшүндүрүп жатышат. Садыр Жапаровдун жыйынга катышпаганын да эксперттер ар кандай баалашты. “Кыргыз президенти Орусияга каяша кыла аларын көрсөттү” деген да пикир айтылууда. Акылбек Жапаров ЖМКларда жана социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз жарандарына массалык баш аламандыктарга катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилеп, "ар бир факты боюнча тергөө амалдары ачылып, адилеттүү чечим чыгат деп ишенем" деди.

БУУ КАРМАЛГАНДАРДЫ БОШОТУУГА ЧАКЫРДЫ

Бириккен улуттар уюмунун Адам укугу боюнча башкармалыгынын өкүлү Лиз Троссел Казакстандагы окуяларга комментарий берип, Казак бийлигин тынчтык акциясына чыгып кармалгандарды тез арада бошотууга чакырды. "Айрыкча азыр жарандардын каза болушу боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарыл",- деди Троссел. 11-январга карата Казакстанда баш аламандыктан келтирилген зыяндын суммасы 220 миллион доллар деп жарыяланды, чыгым толук эсептелип бүтө элек.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ КАЙДА?

Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Алихан Смаилов премьер-министр болуп шайланып, ишке киришти. Баш аламандык учурунда киргизилген өзгөчө абал режими акырындык менен алынып, интернет иштей баштады. 10 миңден ашык адам кармалып, өрттөлгөн имараттар оңдолууда. Көпчүлүктү бир маселе – Нурсултан Назарбаевдин абалы жана кайда экени кызыктырууда. Адегенде экс-президенттин, анын кыздарынын чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок жакындары Назарбаев Казакстанда эле деп жатышат. Иниси Болот Назарбаев Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткени тууралуу маалыматтар чыкты. Ушунча окуялар болуп өткөнүнө карабай Нурсултан Назарбаевдин бир жолу элге кайрылуу жасап, ак же көк деп койбогону табышмак болуп турат. Кандай болгон күндө да Назарбаев таасирин жоготту деп жатышат эксперттер. Президент Токаев учурда айланасын, айрыкча күч түзүмдөрүн Назарбаевдин ишенимдүү адамдарынан тазалап жатканы ЖМКларда айтылып, жазылууда. Бул Казакстанда эки баштуу бийлик жүргүзүүнүн аягыбы? Же...

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан