ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Санта!- баланын көздөрүбакытка толуп турду.

– Кана, досум, сенин атың ким?

– Даниель...

– Аа, демек, туура эле келиптирмин.

– А сен эмнеге жайында келип алдың?

– Сен экөөбүз өткөндө көрүштүк эле го. Ошондо сен мени чыдамсыздык менен күтүп жатканыңды байкадым. Анан кээ бир сонун балдарга жайында деле жолугуп белек берип коюуга эмнеге болбосун деп ойлодум. Туурабы, эмнеге болбосун?!

Бала аны толук деле түшүнгөн жок, бирок бул жолу кыргызча “ооба” деп жооп берди.

– Ошондо белектин баарын сен аласыңбы? Сага эле берип кетейинби?- кызыл баштыгын жонунан түшүрдү Тургун.

– Нет. У меня братик есть...

– Аа болуптур. Бөбөгүңдү чакыр!

Даниель аз өтпөй оозунан упчу түшпөгөн инисин темтеңдетип жетелеп келди.

– Та-ак, эмесе, мына бул сага,- ал кызыл баштыктан балдарга деген белектерин алып чыгып баштады.

xxx

Бул күн Даниель үчүн майрам болду. Адегенде иниси экөө толтура белек алышты. Оюнчугу да, таттуусу да толтура... Анан ал өзү Санта деп эсептеген кишинин тизесинде отуруп алып чай ичти. Кыткылыктап аны менен ойноду, сүйлөштү.

Мунун баарын карап отурган Нурия таң калганын жашыра албай жаткан. Акыры чыдабай кетти:

– Ата, сизди таптакыр ушундай ойлобопмун! Бала менен бала болуп кетет турбайсызбы?!

– Ошон үчүн мени тезирээк неберелүү кылгын!- Тургун тамашалай буйрук менен сүйлөдү.

xxx

Белек отурган бойдон уктап кетиптир. Кимдир бирөө терезени тыкылдатканынан улам ойгонуп кетти. Нурия экен. Уурту толо жылмаюу...

– Сен ушинтип шилекейиңди агызып уктап жатканда Каныбек кетип калган чыгар...

– А сага Каныбектин эмне кереги бар? Башкысы, сенин келечектеги күйөөң жаныңда отурса болду да...

– Хе... Экөөбүздүн кол алышканыбызга 1 эле күн өттү.

– Ооба. Бирок бир эле күндө сен мени башкача карап баштапсың...

– Кандай башкача?

– Сүйүп карап калыпсың.

– Фай... Андан көрө курсагың ачтыбы? Мен сага тамак ала келдим.

– Эмнеге?

– Курсагы ачты деп ойлодум.

– Ойлодум. Сен мен тууралуу ойлодуңбу?

– ...

– Абдан жакшы. Кана, эмне тамак?

– Эк! Бербейм тамакты... Мен жөн гана сени кечке отуруп ачка болуп калды го деп ойлогом. А сен болсо мен тим эле сени сүйүп калып анан тамак ташып жаткандай кабыл алып жатасың.

– А бирок сен чындап эле мени кичине жактырып калыптырсың!

– Отура бер. Тамак эмес, таш балекет жок.

– Болду эми, кечирип кой. Эмне тамак?

Кыз өзүнчө жылмайып алды да, баштыкка салынган контейнерин алып чыкты. Куурулган эттин жыты бурр дей түштү салонго.

Жигит тамшануу менен жеп жатты тамакты.

– Каныбек көрүнгөн жокпу?

– Көрүндү,- эч нерсе болбогондой сүйлөдү Белек.

– Анан?

– Чыгып, дүкөндөн азык-түлүк сатып алып кирип кетти.

– Апей, анан сен эч нерсе деген жоксуңбу?

– Жок... Ал эч кайда кете албайт. Бир сому жок. Дүкөндөн карызга алып кетти баарын... Дүкөнчү ошентип айтты. Ал акыры тажаганда шефке өзү барат. Көрөсүң го...

– Мен ага жолугушум керек.

– Жолугуп чык. 44-квартира...

– Чынбы?

– Чын!

Кыз унаадан шашкалактап чыга жөнөдү. Домофонго келип 4тү эки ирет басып, демин ичине ката күтүп туруп калды.

– Ким?- орой жооп кылды кимдир бирөө.

– Мен Нурия... Каныбек?

– Эмнеге келдиң?

– Эшикти аччы!

Домофон саамга үнсүз турду да, аздан соң эшик ачылгандыгын билгизип бир чырылдап алды.

44-батир... Көзү менен эшикке кагылган сандарды издеп баратты. Мына издегени... Тарс-тарс...

Каалга ачык турган экен. Жай гана жылып ачылып берди. Үйгө шашып кире калган Нурия дубалга жөлөнүп үнсүз, үмүтсүз турган Каныбекти көрдү. Сакал-муруту өсүп, көздөрүнүн нуру өчүп жүдөп кеткен экен.

– Сен...- сөзүн андан ары улай албай дендароо боло түштү.

– Ооба, мен.

– Сени өлүп калды деп кара кийип, аза күтүп жүрбөймүнбү?! Сен... Кантип? Баарын билип туруп, кантип түтүп отурдуң?..

– Ошону сурайын дедиңби?- бет маңдайын караган бойдон кайдыгер гана үн катты.

– Балдарың күтүп жатканын билесиңби? Эмне деген адамсың деги?!- Нуриянын үнү улам катуулап кетти.

– Хм... Дария келдиби?

– Сен канча адамдын тагдыры менен ойноп жатасың?! Сенин айыңдан... Сенин айыңдан...

– Бүт баары менин айымдан. Кааласаң өлтүрүп сал. Туруп берем...

– Мен сени түшүнүүгө келгем...

– Мени түшүнүүгөбү? Мен өзүмдү-өзүм түшүнбөйм. А сен кантип түшүнөсүң?

– Мындан ары э мне болот?

– Мага жардам керек, Нурия. Мен бул саздан өзүм чыгып кете албайм. Ээх...- Нурияны эми жалооруй тиктеди. Качантан берки колдонуп жүргөн ыкмасы бул. Адам аныгында жалдырап сурап жаткан адамга жардам колун сунбай койбойт. Баары бир адамдык нерсе бар да түпкүрүндө. А айымдарда болсо жардамга келе коймой, жөлөй коймой деген эки эсе күчөгөн. Аларда энелик инстинкт бар эмеспи.

– Мен өзүм кандай ката кетирип жатканымды билбей калам. Балким, бул психикалык оору да болушу мүмкүн... Же...

– Же балким, сенин жаратылышың ушундай... Каныбек, билем, адамдан эч качан түңүлбөш керек. Бирок балдарыңа үй алып берем деп аялың чогулткан акчаны алып кетип калган эмне деген мерездик?!

– Себеби мен ата-энеден мээрим көрбөй чоңойгон кишимин. Мени балдар үчүн жоопкерсиң деп эч ким үйрөткөн эмес. Мен ар ким өзү үчүн жашаш керек деп тарбиялангам. Анан кантип менден ата чыксын?!

– Демек, сен эч нерсеге күнөөлүү эмес экенсиң да, ээ?

– ...

– Мен, Дария, балдарың баарыбыз сенден баш тартып кетсек бизди да күнөөлөбөйсүңбү?

Каныбек нес боло түштү. Ал дайыма жалооруй тиктеп, башынан өткөн оор тагдырын айтып, акыры эч кими жок калган кишидей түр көргөзүп туруп эле маңдайындагы адамдын боорун оорутуп, аны башкарып алчу. Нурияны деле ошентип жүрчү. Бирок бул жолу Нурия өзүмчүлдөнүп алгандай сезилди Каныбекке.

А бул учурда Нурия Белектин кыргыз аялдарынын “кызыл чеги” тууралуу айтканын эстеп жаткан. Балдарынын ырыскысын уурдап качса, эч нерсе болбогондой келип башканын башын айлантып үйлөнсө... Балким, токтотуш керек. Кызыл чекке жетти да Каныбек. Эмнеге аны эле аяп, аны байкуш кыла бериш керек. Мунун кылыктары үчүн эмнеге айыпсыз 2 аял, периштедей 2 бала азап тартышы керек?!

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан