ЗЫЙНАТ АТ, КАЗАНАТ, КАРА БАЙЫР...

Көп колдонулбай бараткан сөздөрдүн маанилерин тизмектөөнү улантабыз.

Бетеге – көбүнчө койго, жылкыга мыкты тоют болуучу майда жалбырактуу жапайы чөп. Мисалы: Өндүр ичи мелтиреген бетеге, аны мал канчалык тепсеп жатса да, уйпаланып койбойт (Мелис Убукеев).

Беш түлүк мал – кыргыздардын чарбасындагы негизги деп эсептелген малдардын беш түрү: жылкы, кой, уй, төө, эчки. Көпчүлүк учурда сөз «төрт түлүк» түрүндө айтылат да, жылкы, кой, уй, төө түшүнүлөт. Эгер беш түлүк делсе жогорку төртөөнө эчки кошулуп айтылат. Мисалы: Беш түлүктөн мал жайдым («Манас» С.О.).

Жаагы катуу – оозу катуу, ооздугун тарттырбаган, оңой менен баш бербеген (көбүнчө жылкыга карата), эпке келбеген. Мисалы: Андан жаагы катуу бийиң да ийменет (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Жамбы – койдун, жылкынын жана башкалардын туягынын формасында уютулган, ар түрдүү өлчөмдөгү жана салмактагы күмүштүн куймалары. Өткөн мезгилде чоң аш-тойлордо «жамбы атыш» оюну өткөрүлүп, бул баалуу буюмду бийикке байлап койгон жипти кыя аткан мерген кишилер алышкан. Кыргыздар арасында акчанын түрү катары эсептелет, тай туяк жамбы, кара кулак чоң жамбы жана башка түрлөрү айтылат. Мисалы: Байбиче, эми көп таарынбай сандыгыңдан бир жамбы алып чыкчы (Жусуп Турусбеков).

Зыйнат ат – 1. Куран түшүргөн молдого өлгөн адамдын минип жүргөн атынын ээр-токуму, бүт жасалгасы менен берилиши. Мисалы: Зыйнат атын токутуп, Жаназасын окуттум («Манас»). 2. Өлгөн адамдын ашына союлуучу мал (жылкы).

Казанат – 1. Чыдамкай, күлүк ат, буудан, тулпар, Мисалы: Кара байыр казанат, Кетмен туяк, кең соору, Керишке минчү жылкы экен («Сейтек»). 2. Өтмө мааниде: Кубаттуу, күжүрмөн (адамга карата).

Кактооч – эттендирбей, бир калыпта кармап, дайыма минип жүрүүчү жылкы. Мисалы: Кычан жайлата минип жүрүп, кактооч болгон кунанын бөжүтүп, көчөгө чыкты (Шүкүрбек Бейшеналиев).

Кара байыр – 1. Таза кандуу жылкы менен жөнөкөй жылкыдан туулган тукум. Мисалы: Кара байыр тобурчак, Как соорусу бир кучак («Манас» С.О.). 2. Күлүктүн бир түрү. Кара байыр казанат, Калбыр өпкө, жез билек («Манас»).

Кара эттүү – тез арыктай турган, этин бир калыпта сактай албаган, борпоң, бош (көбүнчө жылкыга карата). Мисалы: Кара эттүү мал экен, бат эле арыктап кетти.

(Сөздүктөрдөн алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан