«2 БАЛАМДЫН КӨЗҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТУУ ЗАРЫЛ»

Биздин бүгүнкү каарманыбыз Жоомарт Мырзакматов 2 баласынын ден соолугу үчүн элден жардам суроого аргасыз. Балдары тубаса көз оорусу менен төрөлүп, көрүүсү улам начарлап жатканын айтат ал. Баары эмнеден башталганын, кандай кыйын турмушту баштан кечирип жатканын өзү айтып берсин.

“ТАШТАНДЫДАН ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨ ЧОГУЛТУП ҮЙ-БҮЛӨ БАГАМ”

– Менин кичи мекеним – Оштун Кара-Кулжа районунун Чалма айылы. Келинчегим Нарындын кызы. Экөөбүз 2009-жылы баш кошконбуз. 5 балабыз бар, улуусу 5-класста окуйт. Кийинкилери 1-класс, анан 5 жана 2,5 жашар. Эң кичүүсү 10 айлык.

Өзүбүздүн үйүбүз, жер тилкебиз да жок. Учурда Сокулук районуна караштуу Дача-СУ айылында таякемдин үйүндө жашап жатабыз. Мурун Бишкекте батирде жашап, айына 6000 сом төлөчүбүз. Акчадан кыйналып кеткенде таякемдикинде көчүп кеткенге аргасыз болдук.

Өзүм жөнүндө айтсам, мектепти бүткөндөн кийин жашоо шартка байланыштуу окубай калдым. Ар түрдүү жумуштарда иштеп келе жатам. Убагында Бишкектеги “Тазалык” ишканасында 4-5 жыл иштедим. Анан жумуштан чыгып, 4 жылдан бери таштандылардан коробка, желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, өткөрүп, тапкан акчам менен үй-бүлөмдү багып келе жатам. Бир тааныштын эскилиги жетип, ар жери сынып калдырап-шалдырап калган жүк машинасын ижарага алып иштетип жатам. Унаа үчүн ээсине айына 4000-5000 сом берем. Таштандыдан чогулткандарымды ошол унаага жүктөп алып барып өткөрөм. Тапканым күнүмдүк тамак-ашка, дары-дармекке жетпей калат.

Мен минтип иштеп акча тапканыма эч убакта арданбайм. Бирок бул иштин бир жаман жери бар. Таштандылардан ар кандай оору жуктуруп алып, анан аны үйдөгүлөргө жуктуруу коркунучу чоң. Муну билсем да башка ылайыктуу жумуш жок болгондуктан Кудай сактасын деп иштегенге аргасызмын. Былтыр ушинтип иштеп жүрүп шаардын сыртындагы айланма жолдон унаам менен жол кырсыгына учурап, 3 омурткамдын ортолорундагы кемирчектери сынып кетти. Ортопед врачтар “операция жасап, кемирчектерди алып, ордуна металл дисктерди коюу керек. Болбосо оорутуу басылбайт, талкалангандары жүлүн жакка жылып кысса, же сайылып калса мерт болуп же майып болуп калышың мүмкүн” дешти. Бирок операцияга металл дисктерди чет өлкөдөн буюртма менен жасатканга, дары-дармекке
120 000 сом керек дешти. Биз жаш аялмет болсок, келинчегим балдар менен үйдө отурса, бизде кайдагы мынча акча? Андыктан операция жасата алган жокмун. 1 жылдай баса албай ооруп үйдө жаттым. Акчадан кыйналганда банктан 80 миң сом насыя алдык. Ошол насыядан да кутулуш, балдарды багыш үчүн 1 жылдан кийин ооруганыма карабай иштөөгө туура келди.

Операцияны кийин жасатып алармын деп чыдап жүрөм. Мага узакка бир жерде турууга, отурууга, оор жумуш жасаганга да болбойт. Бирок үй-бүлөнү багыш керек.

“ЭКИ БАЛАМ КӨЗ ООРУ МЕНЕН ТУУЛДУ”

– Мен го мейли. Азыр башкы көйгөй 2 баламдын көзүнө операция жасатуу болууда. Анткени экөө көздүн тубаса катаракта (чечекейлердин бозорушу) оорусунун оор түрү менен туулган. Экөөнүн тең көздөрү эптеп-септеп көрөт. Өзгөчө 1-класстагы баламдын бир көзү көрбөй баратат. 5 жашында 1 көзүнө операция жасатканбыз. Эми экинчисине жасатуу керек, болбосо операция жасалган көзүнө күч келе берип, ал да көрбөй калышы мүмкүн болууда. 5 баланы багуу кыйын экен, учурда бул балам Нарында таякесинин колунда жүрүп окуп жатат. Доскадагы жазууларды көрө албайт, жанындагылардан сурап же чуркап барып доскадан окуп келип жазганга аргасыз. Китепти окуганда бетине кармап зорго окуйт. Телевизорду да түбүнө отуруп көрөт. Минтип кыйналганын көрүп, жүрөгүбүз ооруйт.

2 жаштагы баламдын диагнозу да тубаса катаракта болгондуктан күнгө чыга албайт, электр жарыгын карай албайт. Кеч кирип жарыкты күйгүзгөндө эле караңгы жакка жашынып, жарыкты өчүрө берет. Анемиядан да азап тартат, гемоглобини 60тан аша элек.

Ушул эки баламды Бишкектеги врачтарга текшерткенибизде “тезинен операция жасаткыла, болбосо көрбөй калышат” дешти. Мындай тубаса катарактанын оор түрүнө операцияны, операциядан кийинки коррекцияны Түркияда жасашат экен, ал жактан врачтар менен байланышып жатабыз. Каражат тапсак эле барат элек. Болжол менен операцияга 7,5 миң доллар кетет экен. Ушул маселе жүрөгүбүздү өйүп, ойлогондо уктай албай калып жатабыз. Тууган-туушкандар кээде каражат, тамак-аш жагынан каралашып калышат. Бирок бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт да. Ар кимдин үй-бүлөсү, өз маселеси бар дегендей. Анын үстүнө азыр баары кымбат кезде тапкандары өздөрүнөн деле артпайт. Кайрымдуу эл жардам берсе, 2 балабыздын көрүүсүн калыпка келтирип алсак деген үмүтүбүз чоң.

10 айлык балабыздын да бир көзүнүн кычыгы жылтырап турат, көзүн улам жумуп-ача берет. Ооруй тургандыгы билинет. Мунун көзүн да текшертип, дарылатуу керек болууда. Эмне үчүн балдарыбыз минтип көз оору менен туулуп калганын билбейбиз. Менин да, келинчегимдин да туугандарыбыз жакта мындай оору жок. Врачтар 1-класстагы баласы боюнда барда аялың кызылча оорусу менен ооруган болушу керек дешет. Тагын билбейбиз.

Көп түкүрсө көл болот дейт, бизге жардам кылууңуздарды сурайбыз. Чырактай балдарыбыздын сиздердин артыңыздар менен көрүүсүн калыпка келтирип алсак Кудайга арманыбыз болбос эле.

Жардам берүү үчүн реквизит: Элсом: 0706500122

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
azamat85
2022-01-20 10:37:46
Ассалом алейкум! Келгиле жардам берели туугандар балдарга. Анан бир нерсе айткым келетта менин, мен коп балалуу болууга каршы эмесмин ар бир баланын озунун ырыскысы бар, бирок коп балалуу болуудан мурда озубуздун материалдык жагыбызды карап коёлу да. Балдар жакырчылыкта чоноюп жетиштуу билим албай, жетиштуу тамак жебей, эми айта берсен коп аябай койгойлор. Мен ойумду толук жазып айта албайм бул жерге, бирок тушунгондор туура эле тушунот деп ойлойм.
+1
Alfiya
2022-01-22 01:07:58
azamat85,эн туура соз, мен толук кошулам. Ар бир бала оз ырыскысы менен деп эле тууй беришет, туудура беришет. Ушундай адамдарга эч тушунбойм, бул деген балдарга кыянаттык да. Озундун баш калкалоочу жайын болбогондон кийин бала жасап эмне кереги бар.
0
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан