КАРА ӨРҮК КЫЯМЫ ИЧ КАТУУДАН АРЫЛТАТ

Кара өрүк кыямынын курамында адам организмине пайдалуу витаминдерден C, E, K, PP, B1, B2, B4, B5, B9, микроэлементтерден калий, кальций, кремний, магний, натрий, күкүрт, темир, йод жана башкалар бар. 100 граммы 260-280 килокалорийди камтыган бул кыямдын касиети тууралуу баяндайбыз.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

• Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин калыптандырат. Курамындагы K витамини кандын курамын жакшыртып, зыяндуу холестериндин деңгээлин азайтып, кандын уюп калышына жол бербейт. PP витамини артерия, вена, капиллярдык кан тамырлардын керегелерин бекемдеп, серпилгич кылат. Ошондой эле нерв системинин иштешин да жакшыртып, кан басымды, уйкуну калыптандырат, эс-тутумду бекемдейт. Андыктан кара өрүк кыямы жүрөк-кан тамыр системинин оорусу барларга пайдалуу.

• Организмдеги зат алмашууну жакшыртат.

Курамындагы B витаминдеринин топтому жана пектин, клетчатка, сорбит ич катуунун алдын алат. Организмдеги шлактарды чыгарып, ашыкча салмактан арылууда жардамчы боло алат. Өнөкөт ич катуудан жабыркагандар күндө аз-аздан жеп турса жакшы.

• Авитаминоздун алдын алат. Курамындагы витаминдердин жана микроэлементтердин көптүгү авитаминозго бөгөт коё алат. Темирдин запасы менен организмди байытып, анемия менен остеопороздун жаралышына жол бербейт.

• Ууларды чыгарат. Курамындагы көптөгөн антиоксиданттар организмдеги уулардын чыгышын шарттап, эрте картаюунун, рактын алдын алат. Беттин өңү жакшырып, майда бырыштар жазылат.

• Иммунитетти бекемдейт. Организмдин микроб, вирустарга каршы турушун күчөтөт, андыктан суук түшкөндөн баштап аз-аздан жеп турган жакшы.

КЕМЧИЛИГИ

Кыямдын курамында кант көп, андыктан кант диабети оорусу барларга, ашыкча салмактагы адамдарга сунушталбайт. Кичине балдарга көп берсе ичи, ашказаны ооруйт. Заараны кубалоочу азыраак касиети болгондуктан бөйрөк оорусу барлар аздан жеши зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан