БАШ ЖАЗУУ ҮЧҮН АЗЫКТАР

Алкоголдук ичимдикти ичкендин эртеси баштын ооруй турганы анык. Эмнелерди жесе, ичсе баш оору басылат? Ушул жаатта диетологдордун сунушун жарыялайбыз.

1. Газдалбаган суу

Ичкенден кийин адам суусайт. Эмне үчүн дегенде, биринчиден, кээ бирөөлөр кусат, кусунду менен организмдеги суюктуктар да чыгат. Экинчиден, алкоголь сууну сиңирип алуу үчүн организмде иштелип чыгарыла турган антидиуретикалык гормондун бөлүнүп чыгышын азайтып салат. Адамдагы сиңбеген суулар заара менен чыга баштайт. Алкоголдук ичимдикти ичкен адам ошондуктан заараны көп ушатат. Организмдеги суунун көбү чыгып кеткен соң организмде суунун тартыштыгы жаралат да баш ооруйт, адам суусайт. Андыктан суу ичсе баш оору канчалык бир деңгээлде азаят.

2. Кабыгы менен бышырылган картошка

Ичкенден кийинки баш оору организмде калий жана магнийдин жетишсиздигинен да болот. Калийдин булагы болуп сууга же электр мешинде кабыгы менен бышырылган картошка эсептелет. Орточо 1 картошкадагы калийдин өлчөмү 1 банандагы калийге караганда 2 эсе көп.

3. Ашкабак уругу жана бадам

Ашкабактын уругунда магнийдин өлчөмү көп, андан тышкары анда цинк жана фосфор да бар. Аталгандар баштын иштешин жакшыртып, оорусун азайтат.

Бадамда магнийден тышкары В2 витамини да бар. Булар баш ооруну, анын ичинде шакый кармагандагы оорутууну да азайтат. Андыктан бадам жеш да сунушталат.

3. Майлуу балык.

Аз туздалган селёдка, скумбрия, сардина балыктарында омега-3 май кычкылы бар. Бул май кычкылынын сезгенүүгө каршы таасири чоң. Демек, баш ооруну азайтуучу күчү бар. Аталган балыктарда D витамини да бар. Бул витамин организмде жетишсиз болсо баш оору жараларын окумуштуулар айтып чыгышкан. Андыктан ичкенден кийинки гана эмес, дамамат баш ооруда да аталган балыктарды жеш пайдалуу.

4. Имбирь жана чили калемпири

Имбирь кошулган бир чыны чай баш ооруну басат, анткени анын курамында сезгенүүгө каршы таасир этчү заттар бар.

Чили калемпири курамындагы капсаицин алкалоидинин арты менен баш ооруну азайтат жана басат. Муну шорпого кошуп ичсе жакшы. Капсаицин баш оорунун дагы бир себепкери болгон жогорку кан басымды түшүрөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан