(Башы өткөн сандарда)
Кызы ордунда жок экенин көрүп “таң атпай машыгуусуна кеткен окшойт” деп ойлоду. Телефонун караса Анвар бери дегенде 20 жолу телефон чалган экен, өзүнүн апасы да телефон чалыптыр. Таң кала түштү.
– Анвар, эмне болду, түндө көп жолу телефон чалыпсың...
– Каякта жүрөсүң? Сен...- деп бакырган күйөөсүнүн үнүн укту. Селейе түштү. Кандай болгон учурда да күйөөсү өзүн жоготчу эмес.
– Эмне болду?
– Айсулуу ооруканада.
– Айсулууга эмне болду?
– Келсең билесиң.
– Эмне деп жатасың? Жакшы түшүндүрчү...
Альфиянын сөзү жарым калды. Ал машинесине отуруп от алдыра албай жатты. Колдору калтырайт, “Айсулууга бир нерсе болбосо эле болду, кызым аман болсо эле болду, Кудай, менин бардык күнөөлөрүмдү кечир! Мен кызым аман болсо эч күнөө жасабайм. Экинчи Аскардын жүзүн көрбөгөнгө да макулмун. Болгону сен кызымды аман калтыр” деп жалынып жатты. Эки жолу машинасы менен бирөөнү сүзүп ала жаздап араң калды.
– Эже, көзүңүздү карабайсызбы?!- деген айдоочу акырая карап кыйкырып өтүп кетти.
Альфия кантип ооруканага жеткенин билбей калды. Короодо отурган Анварды көрдү. Бир түндүн ичинде капкара чачы ак басып кеткенине таң калды.
– Анвар?
Селт эте башын көтөргөн эркектин жүзүнөн аккан жаштарды көрдү. Өмүрү анын ыйлаганын көрбөгөн экен, таң кала түштү.
– Сен? Эмне болду? Айсулуу?
– Альфия, биздин кызыбызды... Айсулуубузду...- сөзүнүн аягына жетпей аялын кучактап ыйлап жиберди. Окуянын эмне болгонун Альфия Тилектен укту. “Түш көрүп жатсам керек, азыр ойгоном” дей берди акылына эч нерсе чүргөлбөй. Кызы жаткан палатага кирди. Жүзү таанылгыс шишип кеткен, көзүнүн алды көк ала. Уктап жаткан экен, колунан кармады. Колу да муздак. Ушул учурда кызынын жаны аман калганына шүгүр кылып жиберди. “Унутулат баары, унутулат. Башкысы аман калды” деп жатты жан талаша күбүрөп.
ххх
Эркин атасы бакырып жатканынан улам ойгонуп кетти. Апасы ыйлап алгандай. “Таң атпай булар эмне минтип кыйкырып жатышат?” деп ойлоду. Саатты караса тогуздан өтүп калыптыр. Ал-бул дегиче Аскар уулунун бөлмөсүнө кирип келди.
– Эй, сен бул ишти билесиңби?
– Эмнени?
– Айсулуу деген кыз бар... Ал мен жакшы билген аялдын кызы... Мына бул көк мээ энең... Кыскасы, ал кыз кырсыкка учураптыр, бул ишке сенин катыштыгың жокпу?
– Хм, Айсулуу деңиз. Ааламдагы бардык алтынды алдына төшөй турган кызбы?- деди Эркин мыскылдай күлүп.
– Иттин баласы, эмне деп жатасың?!
– Атасындай адам менен көңүл ачкандан уялбаган ал кызды мен жазаладым! Мындан ары билип жүрсүн!
– Акмак!
Аскар уулун жаактан ары бир чапты. Мурун атасы бокс менен машыгып жүргөнүн билчү, мынчалык эңгирете урат деп күткөн эмес. Делдейип туруп калды да, ыза аралаш күлүп жиберди.
– Оо, мынчалык жаныңыз ачыганына караганда өтө эле кымбат адамыңыз окшойт. Ал эми бизчи, апамчы?
– Айбан, энесин тарткан көк мээ... Акылы жок ит. Сен эмне кылдың билесиңби? Ал кыз... ал... мени тааныбайт. Анын эч күнөөсү жок... Апаң болгон бул акылсыз аялдын интригасына ишенип... Мен сени... Азыр...
Уулун былчылдата уруп кирди Аскар. Чырылдап ортого түшкөн аялын да ыргыта бир койду. Эркиндин башына “ал кыздын күнөөсү жок” деген ой гана урунуп жатты.
Жарым саатта үй-бүлөнүн дүйнөсү аңтарылып жатып калды. Таяк жеп, кыйкырып-өкүрүп бүтүшүп, түшүндүрүүгө өтүштү. Аскар чарчаңкы үн менен уулуна жана аялына чындыкты айтып баштады.
– Айсулуунун апасы Альфия... Ал аял экөөбүздүн ортобузда көптөн бери байланыш бар. Биздин компанияда бухгалтер болуп иштейт. Айсулуу анын кызы, мени тааныбайт. Мен апасы менен бир гана жолу көрдүм. Болду, башка эч нерсе болгон эмес. Биздин ортобузда башка эч нерсе болгон эмес. Болгону мен... Мен аны бирөөгө окшоштурдум. Мурунку бир таанышыма... Сулуулугуна суктандым. Балким, жаштыгына... Оюма бир жаман нерсе келген эмес. Ошентип сүрөтүн карап жатып уктап калыптырмын. Апаң телефонумду колумдан алып фантазиясына жараша сага баарын башкача түшүндүрүптүр. Өх, акылы бир кашык ушул энеңе ишенген сен... Болору болуптур, эми бул иштин артын кантип тазалайбыз? Кимдерге айттың эле? Мен тааныймынбы?
– Эрик менен Санжар...
– Жок, ишенбейм, алар мынчалыкка барбайт эле,- деди Аскар уулуна күмөнсүп тиктеп.
– Жөн эле коркутуп койгула дегем,- деди күңк эткен Эркин.
– Кыз зордукталыптыр деп жатам сага!
– Эмне-е?
– Сенин кабарың жокпу?
– Жок, мүмкүн эмес! Мен болгону “коркутуп койгула” дегем.
– Энеңди урайын ит, коркутуп кой дейт имиш. Силер бир бейкүнөө кыздын убалына калдыңар. Өз колум менен салып бермекмин, өзүмдүн атым чыкпаса... Үчөөңдү тең бычып салмакмын. Энеңди... Чакыр тиги иттериңди...
– Ата...
– Жап жаагыңды, көрдүм сенин акылдуулугуңду!
Эркин биринчи жолу атасынын көзүндөгү алоолонуп турган жинди көрдү. Үн катпай калды. Аскар аялына бурулду да жек көрө жекирди.
– А сен мындан ары менин телефонум тургай өзүмдү көрбөйсүң. Жакынкы арада сени менен ажырашып тынам. Уктуңбу?
Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Эркин отурган жеринде шалдайып отуруп калды. Апасы бир нерсе дейин деди эле, колун шилтеп “унчукпа” деген белги берди. Өзү сенделе бөлмөсүнө кирди.
ххх
Альфия Аскарга телефон чалып, болуп өткөн окуяны айткандан кийин жеңилдене түштү. Анвардын жанына барыштан коркту. Анткени коркунучтуу эле. Куду тузакка кабылган жапайы жолборстой оорукананын коридорунда ары-бери басат. Жөн тура албай арыштайт. “Ким бул? Эч кимге зыяным жок менден ким минтип өч алмак? Альфиябы? Ага ким мынчалык кастарын тикмек?” Ойлонуп жатып Аскарга ою токтолду. Аскар! Депутат Аскар, өзүн дүйнөнүн кожоюну санаган адам. Балким... Альфия экөө араздашып калды бекен? Мээси жарылып кетчүдөй сезилип жатты.
Жанына Тилек келди.
– Анвар, бир аз тамак ич. Өзүң да уктабай иштепсиң, анан бул иш... Эс албасаң болбойт. Айсулуу сени мындай көрбөсүн.
– Экспертизага кетти, ээ?
– Ооба, сен аларды ойлонбо. Бир азда Айсулууну уктаткан дары тарайт. Өзүнө келет. Сен жанында бол. Күчтүү болушуң керек.
– Ким? Ким кылды муну?...
– Кудайга кой, Анвар. Ким болсо да бул дүйнөдө болбосо, тиги дүйнөдө жазасын алат.
– Тилек, Альфияны чакырчы, мен аны менен сүйлөшүшүм керек.
– Макул, бирок ушул кофени ичип тур. Сага алып келдим атайын.
Анвардын жанына акырын басып келди Альфия. Мурун эле күнөөсүнөн башын көтөрө албай жүрчү. Эми андан беш бетер болду.
– Аскарга телефон чалдыңбы?
– Анвар...
– Чалдыңбы же чалган жоксуңбу?
– Ооба, айттым.
– Айсулууга бул ишти кылган адам ким болушу мүмкүн деп ойлогон жоксуңбу?
– К-им бо-лушу мүмкүн?- деди калтыраган Альфия.
– Айсулуунун эч ким менен иши жок болчу. Ал тургай жигити да жок эле. Менин кызым...
– Сен кайдан билесиң?
– Айсулуу сенин же менин күнөөмдүн курмандыгы болду. Аскар экөөңдүн ортоңордо уруш, келишпестик болду беле?
– Жок... Ооба.
– Эмне тууралуу тартыштыңар эле?
– Ал биздин ортобуздагы мамиле бүттү дегендей кылган. Мен ыйлагам, кыйкырып чатак чыгаргам, бирок ал мындай эле нерсе болчу.
– Анын үй-бүлөсү сен тууралуу билчү беле?
– Жок, эч ким билбейт.
Анвар башын чайкай берди. Ички туюмунда Аскар тараптан бир нерселерди сезип жатты. Аңгыча медайым келип калды.
– Кызыңыздар ойгонду.
Далбастаган Анвар палатага кирип барды. Айсулуу атасын көрө сала көзүн жумуп алды.
– Кызым!
– Ата, кечир мени!
– Сенин эч күнөөң жок, периштем. Жалгызым менин! Бардык күнөө менде, сени коргой албадым. Сени бул дүйнөнүн бардык жамандыгынан коргойм деп чоң энеңе сөз бергем. Сөзүмө тура албадым. Сен кечир мени...
Чоң эле адам жаш балача буулугуп ыйлап жатты. Альфия кызынын жанына келди. Жүзүнөн сылай берди.
– Эч нерсе болбойт, кызым, баары жакшы болот. Сен башкысы аман-эсен калдың...
Айсулуу атасы ыйлап жатканын көрүп сооротоюн дейт. Бирок өзүн соорото албай жатты.
ххх
Эркин Эриктин үйүнө келди. Эшикти уйкулуу көзү менен ачкан Эрикти тумшуктан ары бир урду. Жалжайып бир нерсе деп айтайын деп келе жаткан неме нес болуп калды. Оозуна келген уят сөздөр менен сөгүнүп алды.
– Мен сага эмне дедим эле, ия? Мен болгону коркутуп койгула дедим беле? Сен эмне кылдың, айбан?
– Өзүң итсиң, коркоксуң! Кыйын экенсиң өзүң кылбайт белең. Атасына чиренген короз десе. Мен ишти сопсонун кылдым. Балеринанын жазасын бердим. Жетпейби сага?!
– Жеткен жок. Кана, менин да жазамды бер. Бере аласыңбы?
Эркиндин чакчайган көз карашы чын эле коркунучтуу эле. Эрик эмне болуп кеткенин түшүнбөй жатты. Аз убакыттан кийин үчөө тең Аскардын каршысында отурушту.
(Уландысы кийинки санда)