КӨЗ КЫЗАРЫП, ЧЫЛПАКТАП ООРУТКАНДА ДАРЫЛАБАСА СОКУРЛУККА ЖЕТКИРЕТ

Көздүн конъюнктивит оорусу көз ооруларынын ичинен 3-орунда турат жана көбүнчө балдарда кездешет. Көздү кызартып, кычыштырып, чылпактатып ооруткан ооруну эмнелер козгой турганын жана дарылоо ыкмалары тууралуу Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Мамытова айтып берди.

ДАРТТЫ КӨЗГӨ КИРГЕН ВИРУС, БАКТЕРИЯЛАР ЖАРАТАТ

Көздүн сырты менен сурманын ички жагын кошо каптап турган жука былжыр чел кабык бар. Ал конъюнктива деп аталат. Ошол былжыр кабыктын сезгениши конъюнктивит оорусу болуп саналат. Оорунун курч кармаган жана өнөкөт түрү бар. Эгер ооруну дарылатпай жүрө берсе сезгенүү тереңдейт да, көрүү төмөндөп, акырында сокурлукка жеткирет. Андыктан оору белгилери билинер замат дарылатуу кажет.

Оору келип чыгышына жараша вирустук, бактериалдык жана аллергиялык болуп бөлүнөт. Булардын ичинен эң көп жолукканы вирус, бактериялар жараткан түрү. Кээде экөө кошулуп кеткен учурлар да болот.

ВИРУСТУК КОНЪЮНКТИВИТ

Бул түрүн аденовирус, учук вирусу, энтеровирус, контагиоздуу моллюсктун вирусу жана башкалар жаратат. Өзгөчө коркунучтуусу аденовирус. Ал аба аркылуу жуккандыктан конъюнктивит оорусунун бала бакчада жана мектепте оорулуу баладан соолоруна жугуп калат. Айрым кезде бүтүндөй үй-бүлөнүн ооруганы кездешет. Адатта алгач бир көз сезгенип, анан экинчисине өтөт. Айта кетчү нерсе, сасык тумоологондо, суукка урунганда, тамак ооруганда да вирустар дем алуу жолдору аркылуу жылып, канга кошулуп көзгө барып аны сезгентет.

Үйдө бирөө ооруса баары гигиенаны сактап, ар ким өзүнүн сүлгүсүн колдонуп, колун самындап бат-баттан жуушу зарыл. Вирус жаздык, оюнчуктарга түшүп калса, аларды колдонгон адамдарга жугуп калышы мүмкүн.

Оорунун белгилери

Алгач көздүн кычыктары өйкөп оорутат, көз кызарат, айрымдарда булардан тышкары көздүн жарыктан уялышы, чылпактоосу пайда болот. Оорунун пайда болушу менен дарылоо 1-1,5 айды түзөт. Убагында дарылатпаса көздүн сыртындагы тунук чел кабыкта ак чекиттер жаралып, көрүү төмөндөй берет.

Аденовирустан улам адам сасык тумоологондо дене табы көтөрүлүп, тамак бездери шишийт, аны менен кошо конъюнктивит да жаралат.

Дарылоо

Көздү нымдандыруучу (тамчылатма дары, дары май, көздү физиологиялык аралашма менен жуу), вируска жана сезгенүүгө каршы каражаттар жазылып берилет. Мисалы, ацикловир жана виролекс дары майы жана башка.

БАКТЕРИАЛДЫК КОНЪЮНКТИВИТ

Бул түрүн алтын сымал стофилококк, гемофилдик таякча, гонококк, стрептококк бактериялары пайда кылат. Адам жеке гигиенаны сактабаган учурда кир колу менен көзүн кармалап бактерияларды киргизип алат. Иммунитет төмөндөгөндө, авитаминоздо, линзаны туура эмес колдонгондо, кир бассейнге жана көлмөгө түшкөндө да жаралат.

Оорунун белгилери

Оорунун бир топ белгилери бар. Көз жарыктан уялып, абдан чылпактайт, жаш агат. Чылпактоо өзгөчө уктап тургандан кийин билинет. Айрымдарда болгону көзү өйкөлүп оорутат. Дагы бир белгиси – көздүн айланасындагы теринин кургашы. Оору өтүшүп кетсе көздүн тунук чел кабыгы тешилип калат. Бул көрүүнү төмөндөтүп, сокурлукка чейин жеткирет.

Дарылоо

Сезгенген көздү илгеркидей чай же фурациллиндин аралашмасы менен жууп койгонго болбойт. Анткени натыйжасы дээрлик жок. Мурун колдонулуп жүргөн антибиотик каражаттарды тамызуудан да пайда чыкпайт, анткени адамдын организми андай антибиотиктерге көнүп калган. Алар таза болбоду дегенде оорутууну гана бир аз азайтуусу мүмкүн.

Учурда заманбап дары-дармектер көп. Мисалы, витабакт, тобрамицин. Эгер врач антибиотик керек деп эсептесе, анда левофлоксацин, моксифлоксацин, окумокс сыяктуу дарыларды сунушташы ыктымал. Эгер 3 күн ичинде врач жазып берген дарылардын таасири болбосо, анда врачка барып башка дарыларды жаздыруу кажет. Физиологиялык аралашма менен көздү жууп туруу, түнкүсүн уктаарда көзгө тетрациклин же эритромицин дары майын сыйпап жатуу сунушталат.

АЛЛЕРГИЯЛЫК КОНЪЮНКТИВИТ

Бул өз алдынча же поллиноз оорусу менен кошо жаралышы ыктымал. Бир нече түрү бар. Сезондук түрү чөптөр жана дарактар гүлдөгөн кезде жаралат. Жыл бою кармай берүүчү түрүн чөп, дарактардын чаңчаларынан тышкары чаңдагы көзгө көрүнбөгөн өтө майда кенелер, жаныбарлардын жүнү, түлөгөн териси жана какачтары, ыш, түтүн, пайда кылат. Контакттуу түрү, мисалы, косметикага аллергия пайда болгондо же көзгө идиш же кир жуучу химиялык каражаттар кирип кеткенде жаралат.

Оорунун белгилери

Көздүн кызарып, кычышуусу, жаштын агышы, көздүн жарыктан уялышы. Айрым учурларда сурманын азыраак шишиши күтүлөт. Контактуу конъюнктивитте көздү ары-бери жылдырып бир нерсени караганда өйкөлөт, көз кызарат, катуу оорутат.

Дарылоо

Ооруну айыктыруу үчүн аллергияга каршы тамчылатма көз дарылары, атап айтсак, аллергоферон бета, визаллергол, опатанол, лекролин, ошондой эле ичкенге антигистаминдик таблеткалар жазылып берет.

Гормоналдык тамчылатма көз дарысы менен дары майларды (дексаметазон, гидрокортизон) өз алдынча колдонууга болбойт. Аны врачтар башка дарылар жардам бербеген учурда гана жазып берүүлөрү мүмкүн.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

Колду самындап жууп туруу. Көзү ооруп жаткан адамга жакын жолобоого аракет кылуу.

Коомдук унаада, жол жүрүүдө кир кол менен көздү сүрткүлөбөө, кармалабоо.

Көзү ооругандардын идишин, оюнчугун, косметикасын, сүлгүсүн колдонбоо.



Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан