«ДАСТАН» сериалынын кызыктуу таржымалы

Түрк кино жаратуучуларынан дагы бир кызыктуу сериал жарыкка чыкты. “Дастан” же болбосо “Аккыз тууралуу уламыш” сериалы дүйнөнүн элүүдөн ашык мамлекетинде суроо-талапка ээ болуп жатканы маалым. Актриса Эбру Шахин жана актёр Эдип Тепели баш каармандардын образын жараткан бул тасма тууралуу кызыктарды макалабыздан окуй аласыз.

Тарткан өлкө:
Түркия

Тартылган жылы: 2021-2022

Жанры: тарыхый драма, боевик

Канча серия: 20

Продюсер: Мехмет Боздаг

Режиссёр: Эмир Халилзаде

Сценарист: Айше Ферда Эрылмаз, Седеф Нехир Эрдем

Башкы ролдордо: Эбру Шахин, Эдип Тепели, Селим Байрактар, Деңиз Барут, Ипек Карапынар, Бурак Беркай Акгүл, Бурак Тозкопаран жана башкалар

ХИТ ЖАРАТУУЧУЛАРДАН ЖАҢЫ ЭМГЕК

“Дастан” сериалынын ээси, продюсер Мехмет Боздаг «Боздаг фильм» кинокомпаниясын негиздегенден бери “Кайра жаралуу: Эртугрул”, “Османдын негизделиши” сындуу бир катар популярдуу тарыхый сериалдарды тарткан. Кезектеги сериалы тууралуу Мехмет Боздаг: “Буга чейин биздин компания 13-19-кылымдар аралыгындагы тарыхты чагылдырган ири долбоорлорду тарткан. Эпикалык сүйүү баянын тартуу кыялым бар эле. Бул кыялды ишке ашыруу үчүн Айше Ферда Эрылмазды жана Седеф Нехир Эрдемди жардамга чакырдым”,- дейт.

Аты аталган айымдар буга чейин “Кара деңиз, сен айтчы”, “Элчинин кызы” аттуу популяруу сериалдардын сценарийин жазышса, режиссёр Эмир Халилзаде Кыргыз өлкөсүндө да көрсөтүлгөн “Ак-кара сүйүү” сериалында эмгектенген. Мына ушундай өз ишинин майын чыгарган чыгармачыл топ көрөрмандарга “Дастан” (“Легенда”) аталышындагы жаңы долбоорду тартуулашты.

АККЫЗ МЕНЕН БАТУГАНЫН СҮЙҮҮ ДАСТАНЫ

8-кылым. Ар кайсы урууларга бөлүнүп жашаган түрк эли. Өздөрүн Асман элибиз деп эсептеген падышалыктын кожоюнунун Батуга аттуу уулу болот. Кичинесинде алган жаракатынан улам анын бир колу иштебей калат. Майып уулун дарылаш үчүн хан мен-мен деген эмчи-домчуларга кайрылат, бирок натыйжа чыкпайт. Хандын мураскерине майып деген ат жармашып, атасы күткөндөй улуу жол башчы же кыйын аскер башы болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Майып ханзааданы жок кылгысы келгендер көп эле, бирок ал дале аман. Башынан оор күндөрдү өткөргөн Батуга бир күнү Аккызга жолугат. Аккыздын артында да оор тагдыр бар. Тоо элинин кызы ата-энесинен эрте ажырап, турмуш арабасын кичинесинен өзү тартканга үйрөнөт. Кыз болсо да анча-мынча эркекти жалпайта чапкан баатыр кыз бир күнү Асман элине туткун болот. Батуганын да, Аккыздын да эч ким билбеген сыры, максаты, өчү бар. Максатка жетүү үчүн бириккен экөө алгач жөн гана өнөктөш болсо, кийин сырдашкан доско айланат, анан сүйүү оту тутанат. Майып-ханзаада менен күң кыз биригип түрктөрдүн башын бириктирип, тарыхын өзгөртө турган адамдар. Экөөнүн сүйүүсү жөнүндө дастандар жазылып, уламыштар айтылат. Кантип? Аны сериалдан көрө аласыз.

СҮМБҮЛ АГА ХАНГА АЙЛАНГАНДА ЖЕ БАШ КААРМАНДАР ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА

Буга чейин “Жеңил ой” сериалындагы Рейяндын ролу менен дүйнөлүк атактуулукту багындырган актриса Эбру Шахинден башка актриса Аккыздын ролуна каралган эмес.

“Дастан” сериалы актёр Эдип Тепели үчүн “ачылыш” же “секирик” десек болот. Театр актёрун биз буга чейин “Элчинин кызы” сериалындагы Кавруктун ролу менен тааныйбыз. Эми ал баш каарман Батуга ханзааданын ролун ойноп жатат.

Батуганын атасы, улуу кол башчы Альпагу хандын ролунда актёр Селим Байрактар. Аны тааныдыңызбы? Атактуу “Даңазалуу доор” сериалында Сүмбүл аганы келиштире ойногон дал ушул Селим Байрактар эмес беле.

Альпагу хандын аялы Улу Эдженин ролундагы актриса Деңиз Барут буга чейин “Жоогазындардын убактысы”, “Менин сол тарабым” сериалдары менен белгилүү.

САНДАР СҮЙЛӨЙТ...

8-кылымдагы Орто Азиянын жашоосун чагылдыруу үчүн тартуучу топко 1 жыл убакыт керектелген.

Тарых илимдеринин профессорлору, этнологдор 3 ай бою актёрдук курамга, тартуучу топко ошол мезгил боюнча сабактарды өтүшкөн.

Сериалга керектүү буюм-тайымдар жарым жыл ичинде даяр болгон. Жыйынтыгында 5300 даана түрдүү аксессуарлар, найза, кылыч өңдүү курал-жарактар, ошол доорго тиешелүү буюм-тайымдар жасалган. Баш каармандар үчүн 125 даана костюм, ал эми экинчи пландагы актёрдук курамга 8115 форма тигилген.

Асман падышалыгын жаратуу үчүн 20 миң чарчы метр аянт керектелген. Анын ичинен 4500 чарчы метр аянттагы бут кийим чыгаруучу “Бейкөз” фабрикасы падышалыктагы негизги хан сарай катары колдонулган. 5800 чарчы метр аянтта шаардын көчөлөрү, базар жайгашкан. Ал эми калган аянтка 50 даана ошол доордогу чатырлар тигилген. Бул чатырлар сериал үчүн атайын Түркмөнстандын уздарына буюртма берилип тигилген.

Сериалда биз көргөн декорациянын үстүнөн 287 адамдан турган атайын топ жарым жыл эмгектенген.

Жарым жылга жакын убакыт аралыгында актёрдук курам уруш өнөрлөрүн, кылыч менен чабышуу, ат чабуу, жаа атуу сыяктуу керектүү чеберчиликтерди өздөштүрүшкөн.

“Дастандын” 1-сериясында баары биригип 5 миңге жакын адам тартылган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Siren90
2022-01-22 23:42:31
Көрүш керек
0
Mubarak
2022-01-23 20:54:24
Ушундай мыкты тартылган охшойт коруш кк чындап еле
0
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан