«АЙЫЛ БАНК» «AБ24» мобилдик банкингине «CONTACT» эл аралык которуу системасын киргизди

Сиз Contact эл аралык акча которуу системасынан “AБ24” мобилдик банкинг аркылуу акча которуу укугуна ээ болосуз. Contact эл аралык тармагына 186 өлкө жана 670 000ден ашык тейлөө пункттары кирет.

  • "Төлөмдөр жана которуулар" баскычын басыңыз.
  • "Которуулар", андан кийин "Contact ТС аркылуу которуу" баскычтарын басыңыз.
  • Акча которуу керек болгон өлкөнү, регионду, шаарды жана төлөө пунктун тандаңыз.
  • Андан кийин которуу валютасын тандап, сумманы көрсөтүңүз.
  • "Улантуу" баскычын баскандан кийин сиз жөнөтүүчүнүн реквизиттерин толтурушуңуз керек.
  • Андан соң алуучунун реквизиттериндеги бардык талап кылынган талааларды толтуруңуз.
  • "Улантуу" баскычын басып, "Которуу параметрлерине" өтүңүз, "Дебеттик продуктуну" тандаңыз.
  • Contact ТС шарттарын жана тарифтерин карап жана комиссиялык төлөмдү эсептеп чыккандан кийин "Улантууну" басыңыз.
  • Телефонго SMS аркылуу жөнөтүлгөн код же биометрикалык маалымат (Face ID, манжа изи) менен операцияны ырастаңыз.

“Айыл Банктын” "AБ24" мобилдик банкинги дайыма сиз менен!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан